Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

УКРАИНАДА ЫҢКЫЛАП ЫҢКЫЙ БАШТАДЫ


Украинада кайрадан саясий кризис тутанганы турат. Шаршемби күнү президент Виктор Ющенко парламентте жаңы коалиция түзүлүп, конституциялык жана саясий төңкөрүш жасалганы жатканын айтып, Жогорку Раданы таркатып жиберерин эскертти. Өкмөттүн премьери Юлия Тимошенко президенттин билдирүүсүн чоң жоопкерсиздик деп атады.

Шаршемби күнү элге кайрылып, президент Виктор Ющенко “2-сентябрда парламентте саясий жана конституциялык төңкөрүш башталганын, Юлия Тимошенконун блогу, Региондор партиясы менен коммунисттер биригип өкмөт жөнүндө конституцияга каршы келген, премьер-министрдин диктатурасын орноткон мыйзам кабыл алышканын” билдирди.

Шейшемби күнү Жогорку Рада мамлекет башчысына импичмент жарыялоо жолдорун жеңилдеткен, буга кошо президенттин айрым укуктарын өкмөт башчысына өткөрүп берген мыйзам кабыл алган эле. Аны колдоп, региончулар жана коммунисттер менен бирге азыркы премьер Тимошенконун блогу да добуш берген болчу. Муну президентчил “Биздин Украина” - “Элдик коргонуу” фракциясы тимошенкочулардын “саткындыгы” катары баалашып, демократиялык коалициядан чыгарын билдиришти.

“Жогорку Радада иш жүзүндө жаңы парламенттик коалиция түзүлдү. Тимошенконун блогу Региондор партиясы жана коммунисттер менен бирикти. Бул бирикменин негизинде жалпы украиналык жана мамлекеттик кызыкчылык жок. Демократиялык көпчүлүктү бу бирикме сатып кетти”,-деп айтты Ющенко.

Ющенко өкмөттү иш билгиликсиздиги үчүн айыптады. Өзгөчө армиянын жетиштүү каржыланбаганын жана инфляцияга жол берилгенин ал премьер Тимошенконун чоң күнөөсү катары көрсөттү. Кандай союз түзүлсө да мамлекеттик кызыкчылыктарды кынтыксыз коргоп каларына ишендирип, парламентте кабыл алынган мыйзамга Ющенко вето саларын ырастады. Мындан тышкары ал эгер парламенттеги фракциялар конституцияда каралган мөөнөт ичинде жаңы коалиция түзө алышпаса, анда Жогорку Раданы таркатып, жаңы шайлоо белгилей турганын да эскертти.

Коалиция түзүү үчүн мыйзамда отуз күн каралган.

Президенттин кайрылуусунан көп өтпөй эле Тимошенконун блогу атайын билдирүү жасап, Ющенконун өзү демократиялык коалицияны эки жолу сатканын эске салды. “Азыркы коалицияны Ющенко биринчи күндөн жана биринчи мүнөттөн тартып эле ыдыратканга кирише баштаган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бул позицияны Тимошенко өзү да бышыктады. “Украин президенти өзүнүн ушунчалык жоопкерсиздигин көрсөткөнүнө абдан өкүнөм, - деп айтты ал. – Коалиция анын көрсөтмөсү менен талкаланды. Бирок мен кайталап айткым келет, мунун баары, биздин пикирибизде, жеткен жоопкерсиздик. Демократиялык коалиция ишин улантууга тийиш, менимче, муну Украинага кызмат кылгысы келген ар бир адам түшүнөт”.

Демократиялык коалициянын таркатылганы тууралуу тараптар азырынча эч кандай ырасмий билдирүүлөрдү жасай элек.

“Жаңы тутанган кризистин артында жакындап калган президенттик шайлоо турат, болгону эле ошол”,- деп билдирди Киевдеги эл аралык демократия институтунун аналитиги Сергий Таран. “Бийликти басып алуу аракети бар деп айта албайбыз. Тиги же бул тарап, кайсы бир саясий ишмерлер мыйзамсыз иштерге барып жатат, же өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч түзүлүүдө деш да кыйын. Болгону президенттик шайлоодо башкы талапкер ким болот деген маселенин тегерегиндеги пикир келишпестиктерден улам гана демократиялык коалициянын тымтыракайы чыкканын айта алабыз”, -деди Таран.

XS
SM
MD
LG