Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Болочок президенттин тагдыры Батыш украиндердин колунда


Региондор партиясынын төрагасы Виктор Янукович жана Премьер-министр Юлия Тимошенко: 17-январдагы президенттик шайлоонун негизги оюнчулары.
Региондор партиясынын төрагасы Виктор Янукович жана Премьер-министр Юлия Тимошенко: 17-январдагы президенттик шайлоонун негизги оюнчулары.

19-октябрда Украинада үч айлык шайлоо өнөктүгү башталды. Президенттик шайлоо келерки жылдын 17-январында болот.

Көпчүлүк байкоочулар өткөн шайлоодон берки беш жылда азыркы президент Виктор Ющенко саясый тирешүүгө көп убакыт бөлүп, Украинаны кеңири реформалоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды деп эсептешет.

“Биздин Украина-Элдик коргонуу” блогу азыр 14 топко бөлүнүп кеткен. Блок беш жыл илгери тогуз партияны бириктирчү"



Украинадагы мурдакы президенттик шайлоолордо негизги талапкерлер өлкөнүн ортолук бөлүгүнүн “оома” шайлоочулардын добушу үчүн күрөшкөн. Жалпы улуттун колдоосун алуу үчүн талапкер Чыгыш же Батыш украиналыктардын купулуна толушу керек эле. 1994-жылы Леонид Кучма Чыгыш жана Борбордук Украинанын,
Көпчүлүк серепчилер Виктор Ющенко келерки январда президенттиктен кетет деп жоромолдошот.
2004-жылы Виктор Ющенко өлкө Батышын жана Ортолук бөлүгүнүн колдоосу менен жеңген. Ошентип акыркы үч шайлоонун жеңүүчүсү 52-56 проценттин тегерегинде добуш алган.

Торонто университетинин изилдөөчүсү Тарас Кузио 2010-жылдын 17-январында болчу президенттик шайлоодо жеңүүнү каалаган талапкер үчүн Батыш Украина чоң стратегиялык мааниге ээ деп эсептейт. Себеби азыр Борбордук Украинада премьер-министр Юлия Тимошенко, ал эми Түштүк Чыгышта Виктор Янукович популярдуу. Батыш Украинанын маанисинин өсүшүн Тарас Кузио 2007-жылкы паламенттик шайлоодо “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган “Биздин Украина-Элдик коргонуу” блогу азыр өз ара атаандашкан 14 топко бөлүнүп кеткени менен түшүндүрөт. Бул блок беш жыл илгери тогуз партияны бириктирчү.
Украинанын региондор партиясынын тарапкерлери Күнкөрсуздук күнү. Киевдин борбордук майданы. 3-апрель 2009-ж.


Тарас Кузионун пикирин киевдик серепчи Татьяна Ярмощук да жактайт:

- Ырас эле, ушундай кеп-сөз бар. Батыш Украинада өлкө чыгышы жана ортолугундагыдан бир кыйла аз эл жашайт. Бирок акыркы сурамжылоо Батыш Украина негизинен Юлия Тимошенкого добуш берерин көрсөттү. Тимошенко Ортолук Украинада да чоң колдоого эге. Чыгыш Украинанын айрым жерлери да Тимошенко үчүн. Ушундан улам, 17-январдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн Батыш Украина аныктайт деп ишенимдүү айтса болот.

Ярмощук айым Батыш украиналык шайлоочуларга өлкө чыгышында таянычы жок президент Ющенко да көз артып жтканына көңүл
Украинанын ашынган улутчулдары Баатырлар күнүн белгилөө салтанатында. Львов, 24-май 2009-ж.
бурду:

- Виктор Ющенко жалгыз Ортолук Украинада көбүрөөк колдоого ээ болсо да, бар үмүтү Батыш Украинада. Түрдүү сурамжылоолор боюнча рейтинги баарынан бийик Януковичти Батышта эч ким колдобойт. Ошон үчүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн Батык украиналыктардын добушу аныктап калышы этимал.

Ошол эле учурда, Татьяна Ярмощук шайлоого чейинки 2,5 айда жагдай өзгөрүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албасын айтат.

Батыш Украинанын маанисине көзү жеткен Юлия Тимошенко аймакта таасири күчтүү Түндүк Америкадагы украин диаспоралары менен мамилесин оңдоду. Августта Львов шаарында өткөн Дүйнө украиндеринин курултайында өлкөдө жалгыз украин тили мамлекеттик тил болуусун жактап, Батыш украиндердин жана сыртта жашаган диаспоранын жүрөгүн жибитти. Тимошенконун тарапкерлери 13-октябрда парламентте диаспора маселесин талкууга койду. Муну көргөн Янукович эгер президент шайланса, орус тилине экинчи мамлекеттик тил макамы берерин айтып чыкты. Януковичтин бул саясаты анын 2004-жылкы шайлоодо Батыш Украинада катуу жеңилүүгө аргасыз кылган.

Көпчүлүк серепчилер январдагы шайлоо Тимошенко менен Януковичтин эрөөлү болот деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG