Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Реванш - таймаш


"Ата Журт" партиясы үгүт өнөктүгүн жандуу жүргүзгөнү айтылууда.
"Ата Журт" партиясы үгүт өнөктүгүн жандуу жүргүзгөнү айтылууда.

7-апрелде кулаган бийликтин адамдарынан турган “Ата Журт” партиясы шайлоодо алдыга чыкты. СДПК экинчи, орусиячыл “Ар-намыс” үчүнчү болду.

Кечээ өткөн парламенттик шайлоодо болжонгондой эле парламенттик көпчүлүктү бир дагы партия түзө алган жок. Жалпы өлкө боюнча беш пайыздык чектен өтүү үчүн ар бир партия 141 миң 828 добуштан ашык алуусу керек болчу. Бул чекти беш партия өттү. Биринчи орунга “Ата Журт”, андан кийин КСДП, үчүнчүгө “Ар-намыс”, төртүнчү орунга “Республика” жана бешинчи орунга “Ата Мекен” чыгып, өз ара коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Ким кимге кошулат?

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс
Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, депутаттык мандаттардын теңинен көбүн алган партия же коалициялык топ өкмөттү түзөт. Эреже боюнча Жогорку Кенештин биринчи жыйыны болгон соң 15 күндүн ичинде премьер-министрликке талапкер аныкталып, ал талапкер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын парламентке сунуштайт.

Эгер парламенттик көпчүлүк 15 күн ичинде өкмөттү түзбөсө же шайлоонун жыйынтыктары боюнча бир дагы партия мандаттардын көбүн ала албаса, президент фракциялардын бирине 15 күн ичинде парламенттик көпчүлүктү жана өкмөттү түзүүнү сунуштайт. Бул мөөнөт ичинде да өкмөт түзүлбөсө, президент өкмөттү түзүүнү экинчи бир фракцияга сунуш кылат. Экинчи фракция да өкмөттү түзө албаса, фракциялар өз демилгелери менен 15 күн аралыгында өкмөттү түзүүгө тийиш.

Эгерде баш мыйзамда белгиленген ушул тартипте Жогорку Кеңеш өкмөттү түзө албай койсо, президент мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону дайындайт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоо 45 күн аралыгында өтүшү керек.

Өкмөттү түзүү оюндары...

Ошентсе да жаңы парламентте коалиция түзө албай ит жыгылыш болуу ыктымалдуулугу азыраак. Анткени азыр президенттик башкарууга кайтуу маселесин көтөрүп келишкен “Ата Журт” менен “Ар-намыс” бир тарапта, парламенттик системаны алып келишкен КСДП менен “Ата Мекен” бир тарапта болуп, төртүнчү болуп марага келген “Республикага” куда түшүп калышты. Демек “Республиканы” ким көндүрсө, ошол тарап өкмөттү курары анык болуп калды.

“Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип
, коалиция түзүү маселеси боюнча эртең жооп беришерин билдирди. Демек бул партия өз чечимин ачыктамайын кайсыл топ коалиция түзөрүн айтуу кыйын.

“Ар-намыс” партиясынын лидерлеринин бири Акылбек Жапаровдун пикиринде
, коалициялык өкмөттү “Ата-Журт”, “Ар-Намыс”, “Республика” партиялары түзүшү мүмкүн. Бирок беш пайыздык чектен өткөн беш партия чогуу-чаран коалициялык өкмөт түзүү ыктымалдуулугу да жок эмес:

- Эки агым белгиленип калды окшойт. Бир тарабы социалисттик деген атты көтөргөн эки партия өтүп атат (КСДП, “Ата-Мекен”). Ал эми экинчи тарап болсо, рыноктук шарттарда программалары менен элге чыккан дагы 3 партия...

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдиргендей
, Кыргызстанда коалиция маселесин тышкы күчтөр чече турган болууда:

- Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Бирок коалицияны менин оюмча биз, кыргыздар чечпей калдык. Коалицияны башка күчтөр, башка мамлекеттер чечет Кыргызстанда. Коалицияны түзчүлөрдүн бардыгы башка жактарда отурат. Мен айта алам, бул жерде эки партия өз алдынча чечим кабыл алат. Булар “Ата-Мекен” менен КСДП. Калган партиялар өз алдынча чечим кабыл ала албайт.

Экономика илимдеринин кандидаты Төлөнбек Абдыровдун айтымында, азыркы тапта Өмүрбек Бабановдун соодасы болуп көрбөгөндөй жүрүп турган чак. Ал жетектеген партиянын “Ата Журт” менен “Ар-Намыс” тарапка өтүп кетүү ыктымалдуулугу да чоң:

- Азыр “Республика” партиясынын баркы аябай жогорулап атат. Бир жагынан “Ата Журт” менен “Ар-Намыс”, экинчи жагынан КСДП менен “Ата Мекен” баш кошот. Анан бул жагынан “Республика” кимге баш кошот, ошондон көп нерсе көз каранды.

Эми “Республиканын” башында Ө.Бабанов турат. Ал бизнесин баштаганда да Орусия менен жүргүзүп, байланышы бекем. Ошондуктан ошол жакка оойт го.


Ошентсе да саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде
, коалициялык өкмөттү КСДП баштаган партиялар түзүшү мүмкүн. Анткени “Республика” партиясы өлкөнүн жаңы багытын бузбоо максатында акыры барып ушул тарапты тандашы ыктымал:

- “Республикадан” ар кандай нерсени күтсө болот. Анткени ал өзү ошондой жигит да. Эми бул жерде катуу соода болот. Бирок “Республика” КСДП менен “Ата-Мекенге” кошулат го деп ойлоп жатам.

Деген менен “Республика” партиясы Москванын айтканынан чыга албай калса, “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” үчөө өкмөттү түзүп, президенттик башкарууну кайтаруу аракети болушу мүмкүн. Ал эми КСПД, “Республика”, “Ата-Мекен” үчилтиги ишке ашып кетсе, Орусиянын таасиринен чыгуу аракеттери уланышы ыктымал. Ошентсе да КСДП менен “Ата-Мекендин” төбөлдөрү коалиция кандай болору Москвада чечилерин кыйытышууда.

XS
SM
MD
LG