Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Кыргызстандагы парламенттеги шайлоого дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашап, иштеп жүргөн көп сандаган кыргызстандык жарандар да катышты.


Дүйнө боюнча 22 мамлекетте 44 шайлоо бекети ачылган. Алардын эң көбү Орусияда, ал жерде 18 шайлоо бекети иштеди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, саат 20:00гө карата сырттагы жарандардан 49764 адам добуш берди, бул көрсөткүч сырттагы шайлоочулардын 64,7 пайызын түздү.

Орусиянын шаар-дубандарында иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардан 45647 шайлоочу добуш берди. Коңшулаш Казакстанда 2144, Өзбекстанда 202, алыскы Австрияда 53, Германияда 650, Белгияда 125, Дубай шаарында 69, Иранда 29, Пакистанда 32, Түркияда 325, Түштүк Кореяда 95, Кытайда 80, АКШда 9 кыргызстандык жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараянына катышты.

Орусия

Москвадагы Большая Ордынка көчөсүндө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде добуш берүүчүлөрдүн катары калың болду. Тышка дейре кезмет күткөн кыргызстандыктар кылкылдап атты. Шайлоо бекетинин жетекчиси Болот Мукашев добуш берүүгө көп байкоочулардын көзөмөлү алдында өтүп жатканын билдирди:

-Биринчиден жыйынтыгыбыз таза болуш керек, демократтуу байкоочулар карап отурат биздин шайлоо участкада 15 саясий партиядан. Алардын арасында эл аралык байкоочулар да карап турат. Орусия боюнча айтсак, 18 участка ачылган 15 шаарында. Ошол 18 участка боюнча 9 миң 784 шайлоочу өттү Москва сааты боюнча онго. Учаскаларда тынч.

- Шайлоодо тизмеге кирбей калгандардын саны көп деп айтышат?

- Албетте, биздин элибиздин саны көбүрөк. Биздин элчиликтен консулдук каттоодон өтпөгөндөр көп, аны биз билип турабыз. Бирок биз ар бир келген кыргыздын жаранына укук берип атабыз.

Добуш берип чыгып келаткан жигит Өмүралиев Эрмамат менен сүйлөшүп көрдүк, ал Москвада 2004-жылдан бери иштей турганын айтты.
Тышта элчилик имаратынын капталын таяна турушкан көптөгөн жигит-кыздардын арасынан суурулуп чыккан Ташматов Алмазбек шайлоого келгендеги ой-тилегин билдирди.

-Шайлоого эмнеге келбейин. Кыргыздар барыбыз ушинтип жүрсөк, Кыргызстанда азыр бир баш жок болуп атат. бирөөнү шайлап коелу деп келдик. Кыргызстанда тынччылык болсун деп атабыз. Кыргыздын эски тарыхында деле бар экен го, бай-манаптар убагында деле ушундай нерсе болуп келген. Бир башты коюп, анан бийлер биригип келип кыргызды мындай кылсак деп оюн айткан экен. Ушунча биригип келип атабыз, баары жакшы ойдо.

Германия

Дүйнө боюнча шайлоо бекети эң көп ачылган экинчи мамлекет Германия болду. Бул өлкөнүн Франкфурт-Майн шаарында кечээ (9-октябрда) кыргызстандыктардын курултайы да өткөн эле. Ал жакта шайлоо күнү саат 14.00 гө карата, (бул Бишкек убактысы менен 18.00) Франкфурттун өзүндө 204 киши добуш берди, бул жалпы бул жерде катталгандардын 40 пайыздайы болуп саналат.

Ал эми ушул эле убакытка карата Берлин шаарында добуш берүүгө 122 киши келди. Бонндо 500 шайлоочу катталган экен, алардын ичинен 163 келип добуш берди. Кээ бир аймактардан, шаарлардан келип добуш берип аткандар көп болду.

Кыргызстандык атуулдардын ичинен жалаң эле кыргыздар эмес, орус, башка улуттагы кишилер да келип добуш берип атышты. Добуш бергендердин арасында кыргыздын чыгаан цирк өнөрпоздорунун бири - бул жерде өзүнүн тобу менен жүргөн Манап Эшимбеков мырза да болду.

-Жалаң эле кыргыздар эмес, орус, башка улутундагылар келип добушун берип атышты. Ошонун ичинде биз дагы бердик. Мен аябай кубанып атам, кишилер көп келип атат. Биздин тобубуздун саясий укугубуз менен барып добуш бердик, - деди Манап Эшимбеков "Азаттыкка".



Видео тасма. Франкфурт: Кыргыз шайлоочулардын пикирлери

Германиянын Франкфурт-Майн шаарында Кыргызстандын консулдугунун кеңсесинде парламенттик шайлоого катышкан кыргыз атуулдары өз купулуна толгон партияларга добуш бергенин айтышты. Т.Чоротегиндин видео баяны. 10.10.2010. (TCh)



Түркия

Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында кыргыз жарандары добуш берүүгө катышты. Анкарадагы кыргыз элчилигинде добуш берүүгө катышкан Гази университетинин араб тили боюнча докторанты Инаш Азимовдун «Азаттыкка» берген маалыматтарына караганда, аба ырайы суук болгондуктанбы, добуш берүүгө катышкандар башында аз болду.

Кыргызстандын элчилиги добуш берүүгө студенттердин активдүү катышуусу үчүн саат онго, он экиге жана саат экиде атайын автобус уюштурду.

Стамбул шаарындагы добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө Кайрат Арзыбаев ой-пикир бөлүшүп, саат он экиге карата 30-40ка жакын киши келип добуш берип кеткенин айтты. Ал шайлоочулар өздөрү каалаган партияга добуш бергенин, эч кандай кыстоо болбогондугун белгиледи.

Казакстан

Коңшулаш Казакстанда да кыргызстандык мигранттар көп. Алматыдагы базарда ачылган добуш берүү участкасынын комиссия төрагасы Илязадин Абакиров шайлоочулардын шайлоого катышуусу жакшы экенин айтты:

-Шайлоонун маанайы жакшы. Элдин бары жакшы катышып атат. Бул жерде ар кыл суроо түшүп атат, шайлоо участогун консулдукка, же шаардын ичинде кылса болбойт беле деген. Легалдуу же легалдуу эмес ишкерлердин баары базарда, ошондуктан бул жерге жакын болсун деп БШКнын чечими менен ушул жерге уюштуруп бериптир. Эртеден бери элдер жакшы катышып атат.

Добуш берүүгө келген кыргызстандык жаран Кубанычбек өзүнүн өлкөсүнүн тынчтыгы үчүн чоң үмүт-тилек менен добуш бергенин айтты:

-Бардыгыбыз жапа тырмак добуш берип атабыз. Бир дагы мен добуш бербейм деген адам жок. Бул жерде 10-15 жылдан бери иштегендер бар. Келген парламент Кыргызстанды өнүктүрүп кетсе экен, тынчтык болсо экен дейбиз, ошону күтүп отурабыз. Ошондуктан биз добушубузду берип атабыз.

Илязадин Абакировдун айтымында Алматыдагы милиция кызматтарына кыргыз жарандары үчүн шайлоого катышууга шарт түзүү жагы эскертилгенине карабастан, айрым кыргыз жарандарын милиция кармап алып жатат:

-Бүгүн 10-октябрда шайлоо болот, эч кандай милиция шайлоого бөгөт болуп, кыргыздардын жарандарына тийбесин деген. Ала-Тоо районунан келип бизге көмөктөшүп, жардам берет деп билдирилген. Бирок ошого карабастан анча-мынча арыз түшүп атат, кээ бир милиция кызматкерлери чет-жакадан кармап аткандар да болуп атат экен.

Түштүк Корея

Түштүк Кореяда расмий эмес маалыматтарга караганда, үч миңден ашуун кыргызстандык жаран жашайт. Бул өлкөдө баш калаа Сеулда бир гана шайлоо бекети ачылды. Шайлоого байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна Сеулдагы шайлоо комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандын эмгек миграциясынын өкүлү Бакыт Исаев жооп берди.

- Түштүк Корея боюнча Сеул борбордо бир гана участок бар. Биздин элчиликтин имаратында жайгаштырганбыз. Азыр шайлоо өтүп атат. саат экиге чейин 77 киши келип добуш берип кетти. Анын ичинен катталган боюнча консулдук каттоо боюнча 59 адам, калгандары кошумча тизме менен 18 киши.

-Негизи сиздерден тизмеде канча адам келиш керек болчу Түштүк Корея боюнча?

-Түштүк Корея боюнча консулдук каттоо боюнча 375 адам келиш керек эле. Бирок биз бул жактан көбү консулдук катоо деген менен көбү алыс турушат, 5-7-8 сааттык жол бар. Биздин оюбуз боюнча добуш бергендер көп эле болмок. Кыргыз жарандарыбыз кайра артка кайтты, алыс жерден келгендер болду, нааразычылыктар болду. Бирок алардын биринчиден консулдук катоосу жок. Экинчиден, Кыргызстандын айди картасы жанында болбогондуктан алар добуш бералбай, кайра кайтып кетишти. Бишкекке ТИМге чейин арыз жазышты окшойт. Андайлар көп болду бул жакта. Кайра артка кайтышты.


Араб Эмираттары

Араб Эмираттарында да 500дөн ашуун кыргызстандык жаран расмий каттоодо турат. Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу Султан Закиров байланышка чыкты.

-Азыркы учурда Эмиратта саат бир жарым, 28 киши добуш беришти. Себеби бүгүн жумуш күн. Жумуш бүткөндө саат бештен кийин активдүү келишет. Бизде шайлоо болгондо дайыма ушундай болот.

-Султан мырза, сиздерде консулдук каттоодо канча адам турат?

-Официалдуу түрдө 500 адам.

-Ушул саатка карата 28 адам добуш берип кетти дедиңиз. Алар негизги тизме мененби, же кошумча тизме менен келип добуш берип кетиштиби?

-Официалдуу консулдук каттоодо турган негизги тизмеде тургандар.


Кытай

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Жээнбек Кулубаев добуш берүү күнү аяктап атканда «Азаттыкка» айтканына караганда, жалпы катоодогу 98 адамдын 76сы добуш беришти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG