Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Э.Үмөталиев: Тигүүчүлүк бизнесине тоскоолдуктар токтотулат


Өлкөдөгү тигүүчүлүк бизнеси кандай абалда? Андагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер эмнелер?

“Азаттыктын” ушул сыяктуу суроолоруна Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев жооп берди.

- Эмил мырза, Кыргызстанда кийим тигүү тармагы башка тармактарга салыштырмалуу жакшы өнүккөнүн баарыбыз билебиз. Учурда ар кыл эсептер боюнча бул тармакта 170-200 миңге чейин адам эмгектенет экен. Бирок бул тармак салыктардын оорлугунан улам көмүскөдөн чыга албай келатканы айтылып келатат. Бул тармакка азыр көңүл бурулуп атабы? Тигүүчүлүктүн экономикадагы салмагы кандай болуп калды?


- Бул тармак быйылкы оор айларга карабастан көп жетишкендиктерге ээ болду. Мурдагы жетишкендиктерге караганда жакшы ийгиликтерди көрсөтүштү быйыл. Булардын бүгүнкү күндөгү экономикага кошкон салымы зор. Акыркы сегиз айдын ичиндеги эсептөөлөргө караганда, өлкөдө чыгарылган бардык продукциялардын 3 пайызын тигүүчүлөрдүн өндүрүшү түздү.

Биз баарыбыз эле билебиз. Тигүүчүлөрдүн пайдасы өтө эле чоң болуп атат. Булар импорттук сырьё менен эле иштебестен, жергиликтүү сырьёну да жаратат. Азыр тигүүчүлүк менен алектенген ишканалардын 90 пайызы чакан ишканалар же жеке ишкерлер.

- Азыр Кыргызстанда тигилген кийимдерди бүгүн Орусия, Казакстанда гана эмес, Европада да кезиктирсе болот. Кыргызстандагы оор экономикалык процесстер, оор абалдарга карабай бул тармактын өнүгүшүн, сыйкырын кантип түшүндүрөр элеңиз?

- Бул көрүнүш чынында эле экономикалык сыйкыр болуш керек. Сиз айткандай азыр биздин тигүүчүлөр продукциясын көп жерлерге жеткирип, сатып атышат. Орусияда айрым маалыматтарга караганда Кыргызстанда тигилген 70 миллион буюм сатылыптыр. Эгер Орусияда 140 миллион адам жашаса, анда ар бир экинчи орусиялык жок дегенде бирден Кыргызстанда жасалган кийимди кийип жүрөт деп эсептеп койсок болот.

Булардын жетишкендиктери өлкөдөгү кайгылуу окуяларга карабай быйыл абдан жакшы болду. Быйыл булардын өндүргөн продукциясы 3,6 миллиард сомго жетиптир. Бул былтыркыга караганда 53 пайыздан ашык.

Эми булардын ийгилиги боюнча 2-3 себепти айтса болот. Биринчиден, ушул тармакта иштеген адамдардын сапатынын жогорулаганы, тажрыйбасынын көбөйгөнү, өнөрлөрүнүн өркүндөгөнү. Экинчиден, биз мурда өз учурунда бул тармакты өркүндөтүү үчүн ыңгайлуураак, туура мыйзамдарды кабыл алганбыз. Ошол себептүү булар регионалдык рынокто ордун таап, атаандаштыкка туруктуу сапаттарын кармап калышкан. Мындай шарттарды дагы да жакшыртса болот. Азыр бизде тигилген кийимдер “Кыргызстанда жасалган” деген бренд, ат менен чыгып атат жана анын өз сапаты пайда болгон.

- Сиз айткан “Кыргызстанда жасалган” деген марканын ушул деңгээлге жетишине жеке демилге, ошол ишкерлердин демилгеси күчтүү болду деп айтып атасыз. Эми мамлекет мындан ары кандай жардам көрсөтөт? Сиздин долбоордо кандай конкреттүү чаралар каралган?

- Биринчиден, биз булардын технологиясынын өнүгүшүнө жана эл аралык мамилелердин, жардамдардын үзүлбөшүнө көмөк кылабыз. Азыр деле биздин көмөгүбүз менен Эл аралык соода уюму, Германиянын техникалык колдоо борбору тигүүчүлөрүбүзгө жакшы жардам берип атышат. Өзгөчө алардын продукциясын экспортко чыгарууда колдоп атышат.

Быйыл мына экспортко 63 миллиондон ашуун продукция чыгыптыр. Бул мурдагы жылга караганда 31 пайызга көп. Биз ошол эл аралык мамилелердин негизинде жаңы технологиялардын киришине көмөк кылышыбыз керек.

Ошондой эле биз мыйзамдарыбыздын эрежесин татаалдатып, салыктардын өлчөмүн көбөйтүп, буларды тоскоолдуктарга кабылтпашыбыз керек. Анда буларды биз кайрадан көмүскөгө түртүп, коррупциянын өсүшүнө шарт түзүп коёбуз. Тилекке каршы азыр мындай оор акыбал бар. Былтыр Социалдык фонддун демилгеси менен кабыл алынган мыйзам бар. Ага ылайык тигүүчүлүк менен алектенгендердин Социалдык фондго төлөчү төлөмдөрү өтө эле көбөйүп, кыйынчылык жарата баштаптыр. Ошол мыйзам быйыл ишке аша баштаган экен. Бирок биз азыр өз убагында документ даярдап, ошол тоскоолдук жараткан мыйзамды токтотуп коюу аракеттерин көрүп атабыз. Ал аракетибизди аягына чыгарабыз. Анткени бул маселеге президент Роза Отунбаеванын да көңүлү түз. Биз азыр макулдашып иштеп атабыз. Кээ бир мамлекеттик органдар биздин демилгеге каршы болгону менен өкмөттө муну карап, биз салыктар же социалдык төлөмдөр өтө оорлошуп кетпеси үчүн чечимдерди кабыл алабыз.

- Эми ал ишиңиздерден майнап болсун деп туралы. Дагы бир суроо. Мисалы дүйнөдө моданы жапондор ойлоп табат, башкалар аны уурдап алат дешет. Себеби чет жерлерде жапондордун мода боюнча өкүлчүлүктөрү жок, маркетинг жолго коюлган эмес. Ошол мода менен тикмечиликти бизде колдоого алуу тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Мен мындай айтар элем. Жапондор деле башкалардан бир нерсени алгандан, жакшы нерселерди үйрөнгөндөн эч качан уялышкан эмес. Алар негизи жетишкен рыноктордун, өлкөлөрдүн, соодалардын, өндүрүштөрдүн үлгүлөрдүн тез арада үйрөнүп, тартып алуу аракеттерин көп кылымдардан бери улантып келатышат. Булардын аркасынан азыр кытайлар да келатат. Алар сөзсүз эле эң биринчи биз ойлоп табабыз дебестен, башкалар жасаган ийгиликтүү иштерди тартып алып, ошонун акркасы менен өздөрүнүн бизнесин, экономикасын илгерилетип келатышат. Бир нерсени өзүбүз ойлоп табабыз деген убакыт кийин келет деген принципти карманып, өз убагында ага да жетишебиз деп коюшат. Биз деле эч качан уялбай туруп башкалардан инновациялык методдорду, жаңы технологияларды, модернизацияны, бизнес жана экономика үчүн жаңы шарттарды үйрөнүшүбүз керек. Өлкөнү жаңы баскычтарга чыгара турчу, коомчулук менен мамлекеттин ортосундагы алаканы жаңы баскычка көтөрө турчу мыйзамдарды, эрежелерди үйрөнүшүбүз керек. Жаңы билим, жаңы илимди үйрөнүүдөн баш тартпаш керек. Дүйнө азыр өтө тез өз өзгөрүп атат. Андан биз артта калбай, тынымсыз үйрөнө беришибиз керек.

- Рахмат!

Илим Жанузаков, Жаңыл Жусубжан

XS
SM
MD
LG