Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

28-июнда Казакстанда Журналисттердин фестивалы өттү. Бирок укук коргоочулар бул өлкөдө сөз эркиндиги кысымга алынып жатканын айтышып, коңгуроо кагышууда.

21-январда “Алма-Ата-Инфо” гезитинин ээси жана редактору Рамазан Есергепов жашыруун маалыматты тараткан деген кине менен камакка алынып, азыр соту жүрүүдө. Жабык эшик артында өтүп жаткан сотто Есергеповго коргонууга адвокат да берилген эмес.

“Журналисттер коркунучта” фондунун президенти Розлана Таукинага жана Жогорку соттун мурдагы судьясы Үтеген Ихсановго сот жараянына катышууга уруксат берилген жок. Эгерде сот Есергеповду айыптуу деп тапса, журналист беш жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматына ылайык, Рамазан Есергепов “Өлкөнү чындыгында ким башкарат: президентпи же Улуттук коопсуздук комитетпи?” деген аталышта макаланы жарыялагандан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан камакка алынган.

24-июнда укук коргоочулар Рамазан Есергеповдун камалышына каршы демонстрация өткөрүштү.
Өз макаласында Есергепов Коопсуздук комитетинин ички каттарын жарыялаган. Укук коргоочулар Есергеповдун саламаттыгы начар болгонуна карабастан алты айдан бери абакта экенине тынчсыздануусун билдиришүүдө. “Чек арасыз кабарчылар” уюму казак бийлигине бир нече ирет кайрылып, Есергеповду абактан бошотууну сураган.

“Азаттык” үналгысынын Казак кызматына берген маегинде Розлана Таукина абакта отурган Рамазан Есергеповдун абалы начар деп билдирди:

- Биз аны көрдүк, абалы өтө эле начар. Арыктап кетиптир, көзүнүн асты көгөрүп турат. Ал абдан тердеп турду. Бул кант диабетинин бирден-бир белгилери.

53 жаштагы Есергепов жүрөк оорусуна чалдыкканын жана кан басымы өтө жогору болгонун дарыгерлер ырасташат. Рамазан Есергепов абакта отургандан бери үй-бүлөсү менен жолугуша элек.

Юрист Сергей Уткиндин айтымында, Есергеповго коюлган айыптар негизсиз. Себеби Казакстандын мыйзамдарына ылайык, коомчулукка жарыяланууга тыюу салынган жашыруун маалыматтар атайын каттоого киргизилиши керек. Есергепов өз макаласында жарыялаган маалыматтар андай тизмеге кошулган эмес.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун билдирүүсүнө караганда, Есергеповдун камакка алынышы жана адвокат жалдоо укугунан ажыратылышы менен Казакстандын Баш мыйзамы одоно бузулууда.

Ошондой эле 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылары күтүлүп жаткан Казакстанда сөз эркиндиги кысымга алынып жатканы уюмдун билдирүүсүндө белгиленет. Маалым болгондой, 24-июнда Казак парламенти интернет ресурстарына көзөмөлдү күчөтө турган мыйзамды кабыл алган. Эгерде президент Нурсултан Назарбаев кол койчу болсо, анда бул мыйзам казак бийлигине жергиликтүү жана чет элдик интернет баракчаларды токтотуп салууга жол ачат.

Расмий Астана бул мыйзам тыюу салынган экстремисттик жана жаш балдарды бузган порнографиялык маалыматтардын жайылышына бөгөт койот деп ырастоодо. Укук коргоочулар болсо казак өкмөтү сөз эркиндигин ооздуктап, бийликти сынга алган интернет баракчаларды жабууга ырасмий мүмкүнчүлүк алуу үчүн далаалат кылууда дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG