Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Орусия: Укук коргоочунун өлүмүнүн артында ким турат?


18-июлда Орусия президенти Дмитрий Медведев укук коргоочу Наталия Эстемированын жакындарына көңүл айтты. Эстемирова киши колдуу болгондон кийин «Мемориал» укук коргоо уюму Чеченстандагы бөлүмүн жапты.

Наталия Эстемированын кесиптештери анын өлүмүнүн артында Чеченстан бийлиги турарын ырастоодо. Грозный шаарында 15-июлда Эстемированы белгисиз адамдар унаага салып кетишкен.

Бир саатан кийин укук коргоочунун өлүк денеси Ингушетияда табылган. 16-июлда “Мемориал” борборунун жетекчиси Олег Орлов журналисттерге Эстемированын өлүмүнө Кадыровдун тийешеси бардыгын айткан:

- Чеченстанда ойго эмне келсе ошол нерсе жасалууда. Колу менен жасаган кылмышты моюну менен тартуу деген жок. Бийлик өкүлдөрү үчүн ар кыл оор кылмыш жасоого шарт түзүлгөн. Бул үчүн жогорку жетекчилик, анын ичинде Путин жана Медведев күнөөлүү.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Наталия Эстемированы өлтүргөндөр кармалып, тийешелүү жазасын аларын айтып, аны менен катар жаманатты кылгандыгы үчүн «Мемориал» жетекчиси Орлов сот алдында жооп берерин эскертти.

17-июлда “Мемориал” борбору Чеченстанда ишин токтоторун жарыялады. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Германияда иш сапары менен жүрүп, бул кабар тууралуу пикирин мындайча билдирген:

- Наталия Эстемирова чындыкты айтып, пайдалуу иш кылып келген. Бул болсо бийлик үчүн оңтойсуз жана жагымсыз экенине карабай, адам укугун коргоочулар ишкердигиндеги баалуу нерсе. Буга окшогон кылмыш жазасын албай калбашы керек. Бул кылмыш абдан кылдат иликтөөгө алынат.

Серепчилердин айтымында, Эстемированын өлүмү “путиндик Орусиянын” нагыз жүзүн ачып салды. “The Independent” гезити “бул орусиялык режимге каршы сүйлөгөндөр жана адам укгун коргоочуларга каршы жасалган алгачкы кылмыш эмес. Анын көпчүлүгү Кремль бийлиги чексиз укук берген Чеченстан президентин сындоого байланышкан. Наталия Эстемированын көз көрүнөө өлтүрүлүшү бүгүнкү Орусиянын түрү суук жүзүн көрсөтүп койду, бул өлкөдө чындыктын түбүнө жете иликтөө өлүмгө тете экенин эске салды” деп жазат.

XS
SM
MD
LG