Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

ООГАНСТАНДАГЫ АВИАКЫРСЫКТАН ЭЧ КИМ АМАН КАЛГАН ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстанда 3-февралда жоголгон "Боинг" учагынын калдыктары 5-февралда тоо арасында табылды, анын ичинде 96 жүргүнчү, алты учкуч жана дагы эки жардамчы болгон. Кыйраган учак Кыргызстанда катталган "Феникс авиэйшн" аттуу компаниядан ижарага алынган.

Кыргызстандын Унаа жана байланыш министрлигинин кызматкерлери Ооганстанга учуп чыкканы тууралуу кабарланды, бирок кыйраган учак ичинде кыргызстандыктар болгон-болбогону тууралуу азырынча так маалымат жок.

"Феникс" компаниясы Кыргызстанда катталганы менен, анын баш ордосу Бириккен араб эмираттарынын Шаржа шаарында жайгашкан жана компаниянын коммерциялык деректири Саиддин айтымында, өлгөндөрдүн арасында кыргызстандыктар жок сыяктуу:

- Мен азырынча “ооба” деп же “жок” деп так айта албайм, анткени Ооганстандан биз толук маалыматтарды ала элекпиз, бирок колдогу маалыматтарга караганда, кыргыз жарандары анын ичинде болгон эмес.

Деректир Саиддин айтымында, учактын ичиндеги жүргүнчүлөр негизинен оогандыктар болгону менен, алардын арасында чет өлкөлүктөр да бар болчу:

- Учакта 96 жүргүнчү болгон, алардын арасында түркиялык, америкалык, италиялык жарандар да бар. Учакты 6 учкуч башкарган жана дагы эки оогандык жардамчы болгон. Алты учкучтун төртөө Орусиянын жараны, калган экөө Канада менен Молдовадан келип иштегендер болчу. Алты учкуч тең "Феникс" компаниясынын жана эки ооган жардамчы "Кам Эйр" компаниясынын кызматкерлери болгон.

Учак 3-январда Герат шаарынан Кабулду көздөй учуп чыккан, бирок бороондун айынан борбор калаага коно алган эмес жана кошуна Пакистанды көздөй бет алган, бирок күйүүчү майы аз болгондуктан, Пешавар шаарына жетпей калган.

Ирактагы НАТО күчтөрү менен кошо өлкөнүн беш жүзгө жакын аскери бир күндөн ашык издөө жүргүзгөндөн кийин, учактын калдыктары 5-февралда тоо арасында табылды, эч ким тирүү калган эмес. Өлгөндөрдүн арасында 19 чет өлкөлүк жаран болгон деп кабарланууда.

Учак өлкөнүн жалгыз жеке менчик авиакомпаниясы, "Кам Эйрдин" рейсин аткарып келаткан. Бул компанияга чет өлкөлүктөр көп иштебегендиктен, Бириккен Улуттардын кызматкерлери ага анчейин түшө бербейт. Ошондой эле өкмөттүк "Ариана" компаниясынын кызматынан деле чет өлкөлүктөр көп пайдаланбайт. Анткен менен кыйраган учактын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын бир нече кызматкери болгон.

Акыркы авиакырсык Ооганстанда өткөн жылдын 27-ноябрында болгон, анда Бамиан провинциясында алты америкалык жаран набыт кеткен, алардын үчөө аскерий кызматкерлер болчу. Буга чейин эң ири кырсык 1998-жылдын 19-мартында катталган, анда дагы Боинг учагы тоону сүзүп алгандыктан, 45 адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG