Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

К.ТАШИЕВ: УЧАКТАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК АБАЛЫН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮЛӨТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бүгүн эртең менен “Азаттыктын” түз ободогу маегине чыгып, кечээки авиакырсык туурасында суроолорго жооп берди. Министр окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөндүгүн айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдында мындан ары учактардын техниклык абалын көзөмөлгө ала турган комиссия түзүлөөрүн маалымдады.

- Боинг-737 учагынын кандайча жана кайсы жерде кулаганы тууралуу айтып өтсөнүз?

-
Кечээ күнү 20.30 мүнөттө Боинг-737 учагы Бишкектен Тегеранды көздөй учуп чыккан. 20.40 мүнөттө кайрадан кайтып келип, Манас аба майданына конуу боюнча диспетчерлерге кайрылган. 20.42 мүнөттө аба майданга 5 километр жетпей учак күйүп кеткен.

- Каза болгондор канча?

-
Алыдан ала маалыматтарга таянсак 25 адам куткарылып тирүү калды. Ал эми 65 адам көз жумду. Бортто баардыгы болуп 90 адам болгон.

- Буга чейин Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы авиакомпаниялардын иштеринин начардыгы, аба учактарынын техникалык сапаты талапка жооп бербей тургандыгы айтылып келди эле. Бул маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кандай иш-чараларды көрдүнүздөр, же сиз жетектеген министрликке кырсык болгондо эле маалым болуп атабы?

-
Эми бул учактардын техникалык абалын көзөмөлдөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдетине кирбейт. Бул толук бойдон жарандык авиация департаментинин компетенциясына кирет.

- 1-вгустта Алматы аба майданында Кыргызстандын бир авиа компаниясына тийиштүү АН-24 учагы конуу маалында дөңгөлөктөрү керектен чыккандыгы тууралуу казак туугандардын Өзгөчө кырдалдар министрлиги маалымдап чыгышты. Бул тууралуу сиздерде маалымат барбы?

-
Ооба. Бар маалымат.

- Анда ошол туурасында да кыскача маалымдап өтсөңүз?

Эми бул деле ошол учактардын техникалык жактан талапка жооп бербегендиги болуп атат да. Ошонун негизинде эле болгон. Ал жерде мындай чоң деле катастрофа болгон эмес.. Бүгүнкү кырсыкка кайрыла турган болсок, эртең мененки саат 04.30да барып, адамдардын сөөгүн Бишкек шаардык моргуна жеткирип бүттүк. Эртең мененки саат 6.30га куткаруу иштери толугу менен бүттү.

- Каза болгондордун аты-жөнү такталдыбы?

-
Толук бойдон такталды. Өкмөт башчы Игорь Чудинов окуяга болгон жерге барды. Түнкү саат 11.00дө өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул комиссия жакын арада өз жыйынтыгын берет.

- Айрым маалыматтар боюнча учакта Бишкек шаардык кеңешинен да депутаттар болгон деп атышат?...

-
Эми ал жерде, саясатчыбы, спортсменби же жөн эле карапайым адамбы баарына бирдей жардам көрсөтүлүп жатты. Менде андай бир өзгөчө маалымат жок.

- Буга чейин ушул өңдүү кырсыктардын алдын алуу боюнча министр катары кандай чараларды көрдүнүз?

-
Эми өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча биз ар дайым эле иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Өзүнүздөр билгендей өзгөчө кырдаалдар учак же автоунаа кырсыгы менен эле чектелбейт. Жергебизде 20 ашык кайталанып турчу өзгөчө кырдаалдар бар. Ошолорго байланыштуу чараларды көрүп турабыз. Ал эми мындай чоң авиакырсык Кыргызстанда болгон эмес. Мындай чоң жоготуулар болгон эмес. Андыктан биз эми учактардын техникалык абалын текшерүү боюнча чаралар көрөбүз.

- Мына өткөн бейшембиден бери Кытайдын Үрүмчүдөгү аба майданында да Кыргызстанга тиешелүү ТУ-134 учагына учууга уруксаат берилбей жатыптыр. Дөнгөлөктөрү бузуктугунан...Бул туурасында кабарыңыз барбы?

-
Жок. Бул боюнча маалыматым жок. Башта айтып кеткендей учактардын техникалык абалын жарандык авиация департаменти карайт. Мындан ары биз - өзгөчө кырдаалдар министрлиги да учактар боюнча кандайдыр бир комиисия түзүп иштейбиз.

- Итэк Эйр компаниясы каза тапкандардын жакындарына компенсация төлөө боюнча жоопкерчилик алабы?

-
Мыйзам чегинде алардын жоопкерчилиги каралат.

- Итэк Эйр компаниясы Еврокомиссиянын кара тизмесине кирген деген маалыматтар тарады эле . Мындан кийин компаниянын ишмердигин токтотуу үчүн өкмөт кандайдыр бир чара көрүшү керек беле?

-
Мына кырсыкка учураган учак тууралуу дагы бир маалымат айта кетейин.
Учак Тегеранга учаардан 2 саат мурда Москвадан учуп келген. Башкча айтканда учакты учурбай коюга эч кандай себеп жок болчу. Кырсыкка эмне себеп болгонун өкмөттүк комиссия изилдеп чыкса окуянын чоо-жайы белгилүү болот.

- Бул окуяны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын башында премьер-министр турат да?

-
Ооба. Ал эми комиссиянын төрага орун басары болуп мен турам. Комиссия курамында транспорт министрлигинен, жарандык авиация департаментинен жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өкүлдөр бар. Комиссия курамын өкмөт башчы Манас аэпортунда өткөн жыйында өзү бекитти.

- Ушул өкмөттүк комиссиянын ишинен жыйынтык чыгат деп ишендире аласызбы?

-
Сөзсүз түрдө.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG