Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

8-майда Москвада Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн шарттаган соңку документтерге кол коюлду. Буга утурлай "Азаттык" алматылык экономист Марат Каирленовго бир катар суроолор менен кайрылды.

"Азаттык": Марат мырза, өзүңүз билгендей, Кыргызстан жаңы экономикалык биримдиктин босогосунда турат. Ага киргенден кийин Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат, кандай тобокелдик тооруйт?

Марат Каирленов: Албетте, Кыргызстандын бул биримдикке киргенинин өз өзгөчөлүктөрү бар. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн оңтойлуу иш деп ойлойм. Кыргызстанга арзан эмгек күчүн, өндүргөн товары сыяктуу өз потенциалын жөндөөгө мүмкүнчүлүк берет. Маселен: тигүү өнөр жайынан чыккан продукциясын ошол эле Казакстандын, Орусиянын базарына алып чыгууга жол ачылат.

Экинчиден, укук коргоо органдарында иш жакшы жолго коюлса, ошол эле Ысык-Көлгө барган эс алуучулар көбөйөт. Бул туристтердин агымынын арбышына өбөлгө түзөт.

Эми Кыргызстандын абалын эске алып туруп, өлкө кайда багыт алышы керек дегенди карап көрөлү. Ооганстан тарапка багыт алса, ал жерде наркобизнеске байланган экономика, Кытай тарапка оосо, анын экономикасына кантип атаандаш боло алмак эле? Эң оптималдуу жол – постсоветтик өлкөлөргө ыкташы керек. Алды менен жанындагы коңшусу Казакстан, Орусия менен өнөктөш болгону эң оңтойлуу көрүнөт.

Орусиядагы, биздеги экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстанга эмгек мигранттары жиберген капитал үзүлгөн жок. Андыктан ушул факторлордун баарын эске алганда, Кыргызстандын бул биримдикке кошулуусун оң бааласак болот.

"Азаттык": Сиз айтып кеткен тигүү өнөр жайын алсак, кийим-кече тигүүгө керектүү майда-чүйдө Кытайдан келет. Түркүн түстүү кездеме Түркиядан ташылат. Экономикалык биримдикке киргенден кийин импорттолгон товардын баасы кескин кымбаттайт. Ал болсо тигүүчүлөргө таасир этет эмеспи.

Орусиянын рыногу ачылган жок. Казакстанда "дарбаза бир тарапка гана ачылды" деген пикир жаралды.

Марат Каирленов: Кайсы бир деңгээлде ооба, ошондой болот. Башка жагынан караганда, мен айткандай бир топ нюанстары бар, бирок жалпысынан оң белгиси көп. Менин баамымда позитивдүү факторлор басымдуулук кылат.

"Азаттык": Жөнөкөй жаран катары мени кызыктырган суроо – Казакстан Бажы союзуна киргенден кийин баалардын өскөнү карапайым казактардын жашоосуна канчалык таасир этти?

Марат Каирленов: Эми жалпысынан карасак, баалардын секирип кеткенин байкаган деле жокпуз. Казакстандын бул биримдикке кириши 2009-жылкы кризистин эпкинине туура келип калбадыбы. Андыктан экономикадагы солгундоонун канчасы Бажы биримдигине байланыштуу болгонун ажыратуу кыйын. Жалпысынан жаңы союзга киргенден катуу запкы тарткан жокпуз. Ал эми ага киргенден кийин Орусиянын кең базары бизге дагы ачылат деген үмүт чоң эле. Иш жүзүндө эч андай болгон жок.

"Азаттык": Албетте Орусиянын экономикасы менен казактардыкын салыштыруу одоно болуп калаар. Антсе дагы Бажы биримдигине киргенден кийин Орусиянын базары казакстандык өндүрүүчүлөргө ачылдыбы?

Марат Каирленов: Жок, тилекке каршы, Орусиянын базары бизге ачылган жок. Башында орус тарап тарифтен сырткары деген ыкманы активдүү колдонду. Ал тургай Казакстанда "дарбаза бир тарапка гана ачылды" деген пикир жаралды. Алардын товары бизге кирет, бирок биздики аларга өтпөй турду. Ал эми Орусияда кризис жаралып, рублдин куну түшкөндө абал андан дагы курчуду. Орусияда текейдей арзандаган товарлар биздин базарды каптап кетпедиби. Жалпысынан азыр казакстандык өндүрүүчүлөр катуу басым алдында турат.

ЕАЭБге мүчөлөр кагаздагы келишимдер менен турмуш чындыгы башка экенин көрүп атышат.

Ал эми Казакстан менен Кыргызстандын экономикасы бири-биринен өтө эле айырмаланат. Андыктан Бажы биримдигинин таасири дагы ар башка сезилет. Жалпы жонунан Кыргызстандын экономикасына зыянынан пайдасы көп болот деп ойлойм.

"Азаттык": Бажы биримдигинин ичинде рыноктун эрежеси жана тарифтер бирдей болот деген шарт бар. Бул иш жүзүндө бул канчалык сакталууда?

Марат Каирленов: Жок, бул жерде орчундуу маселелер пайда болду. Өзүңөр билгендей, Орусия менен Беларустун ортосунда соода жаңжалы чыкты. Москва Беларусту Орусия санкция киргизген товарларды Европадан ташып жатат деп айыптаса, Минск эч кандай мыйзам бузуу жоктугун айтып туруп алды. Евразия экономикалык союзу – бул ар түрдүү мүчөлөрдүн биримдиги. 140 миллион калкы менен Орусия, 17 миллион калктуу Казакстан жана 10 миллион эли менен Беларус – мүчө. Анан “биз баарын жөндөйбүз” деген орустардын жүрүм-турумун карап туруп, бул союзду формалдуу түзүлүш деп бааласа болот.

Кыргызстан Ооганстанга жакындашса “героин экономикасын” өнүктүрөт, Казакстан менен Орусияга кошулса европалык үлгүдөгү өнүгүү векторун тандайт

Биримдикке кирген мүчөлөрдүн бардыгынын ой-мүдөөсү эске алынат деп айтылган. Ооба, чогулуп бири-бирин угушат, бирок иш жүзүндө ар кими өз кызыкчылыгын көздөйт. Украинадагы согуштан кийин жагдай түп-тамырынан бери өзгөрдү. Азыр мүчө өлкөлөр кагазда кол коюлган келишимдер башка, ал эми турмуш чындыгы башка экенин көрүп атышат.

"Азаттык": Марат мырза, жаңы экономикалык интеграциялык союздун келечегин кандай көрөсүз?

Марат Каирленов: 1991-жылдан бери КМШ аймагында мындай интеграциялык аракеттер бир канча жолу болгон. Бирдиктүү экономикалык аймак, Бажы союзу сыяктуу биримдиктер түзүлгөнү менен үзүрүн көргөн жокпуз. Экономист катары Казакстан, Кыргызстан, дагы коңшулар кошулса, Борбор Азиядагы интеграциянын келечегин көбүрөөк көрөм. Эгер коңшулар биргелешип, байланышын арттырса, албетте, эң ийкемдүү союз болмок. Бирок азырынча андай болбой калды көрүнөт. Мындан ары кандай болорун эч ким айта албайт.

Кыргызстандын абалын эске алганда тандоо варианты аз. Бир аз мурда айткандай, Ооганстан менен жакындашса “героин экономикасын” өнүктүрөт, ал эми Казакстан менен Орусияга кошулса, кандай болгон күндө дагы европалык үлгүдөгү өнүгүү векторун тандады деп карар элем. Ооба, бул биримдикте өзүнүн көйгөйлөрү толтура, келечеги бүдөмүк.

Кыргызстандын саясий элитасы иш билги, эли кеменгер болсо жеңилин издебей, өз жолун табат. Алар эмнени каалашат? “Чексиз эркиндиги” бар Ооганстандын моделинби же Финляндия, Сингапур сыяктуу мамлекеттердин моделин көздөйбү – баарыбызга ушул кызык.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG