Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Путин: Кыргызстандын ички ишине киришпейбиз


Орусия президенти Владимир Путин.
Орусия президенти Владимир Путин.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйынында билдирди:

- Кыргызстандын ички саясий жараяндары биздин ишибиз эмес. Биз эч убакта башка мамлекеттердин, айрыкча өнөктөштөрдүн ишине кийлигишпейбиз. Бирок, мен президент Алмазбек Атамбаевдин айтканына толук кошулам. Постсоветтик бардык мейкиндикте стабилдүүлүктү баалайбыз. Бийлик алмашуу Конституциянын жана мыйзамдын алкагында болушу керек, - деди Путин.

Ал Орусия өлкөгө аскердик жактан да киришпей турганын айтып, Канттагы база Кыргызстандын 1999-2000-жылы ошол кездеги өтүнүчү менен жайгаштырылганын белгиледи.

Орус президенти бүгүн Бишкекке Борбор Азия сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган жана бул өлкөлөр менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган. (NT)

XS
SM
MD
LG