Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Россия коркунучу Прагада Париждегиден күчтүү сезилет


Беларус-Россия газ чатагын чагылдырган карикатура.

Беларус-Россия газ чатагын чагылдырган карикатура.

АКШ президенти Барак Обама Вашингтондун Москва менен болгон мамилесинин мазмунун өзгөртүүнү каалайт.

Бирок серепчилердин айтышынча, Европа өлкөлөрү колдобой, Москва менен алаканы жаңы нукка салуу боюнча Обаманын ниети жүзөгө ашпайт. Анткени, алардын арасында Россиянын ири соода өнөктөрү бар. Москва совет доорундагыдай Мажарстанга, Чехияга жана башка Чыгыш Европа өлкөлөрүнө

Европа керектеген газынын 25 процентин Россиядан алат.

аскерин киргизип, каалаган адамдарын бийликке отургузуп койо албайт. Бирок Россиянын колунда армиядан да айбаттуу мунай-газы бар. Маселен, былтыр кышта Украинага газды бууп, анын кесепетинен айрым Европа өлкөлөрү суукка тоңду. Соңку үч жылда экинчи жолу кайталанган бул окуя - Европа Россиянын отунуна көз
Украин чек арасынан 200 метр жердеги Россиянын Суджа газ ченөөчү станциясы. 13-январь 2009-ж.2009
каранды экенин айкын далилдеди. Баса, Москва ушундай эле ыкманы Беларуска да колдонуп көрдү.

Азыр Европа керектеген газынын 25 процентин Россиядан алат. Атүгүл Чыгыш Европанын кээ бир өлкөлөрүнө 90 процентке Россиянын газына байланган. Москва учурда Европаны көздөй дагы эки газ боросун курууда. Натыйжада, газ Москва үчүн тышкы саясатта Кансыз согуш кезиндеги атомдук бомбадан да эффективдүү куралга айланууда, дейт АКШнын Гарвард университетинин профессору Голдман. Анын айтышынча:

-Эгер Россия бүгүн отун энергиясын берүүнү токтотсо, анда эч ким эч нерсе жасай албайт.

Көпчүлүк талдоочулардын ишениминде, Москва Украинанын НАТОго өтүү аракетине жооп ирети газды бууган. Чехиянын премьер-министри Тополанек газ чатагын жөндөө үчүн Киев-Москва ортосунда чапкылап жүргөндө, анын аракетин Европа өлкөлөрү тегиз
Эки жактуу келишимдерден жаралган достук: Россиянын премьер-министри В. Путин жана Италиянын премьер-министри С. Берлускони. Анкара.6-август 2009
колдогон эмес. Себеби, Россия соңку жылдары бир катар өлкөлөр менен эки жактуу мамиле түзгөн. Маселен, Германиянын “Рургазы” менен бирдикте Балтика деңизинин асты менен Украина-Польшага кирбей өтчү газ боросун курууда. Италияга да ыңгайлуу келишимдерди сунуш кылып, ысык мамиледе. Бул жагдайда, серепчилердин айтышынча, Вашингтондун Россия менен алаканы жакшыртуу саясатыны Евробримдик колдосо гана үзүрлүү болот.

Москвада европалыктар мунасада иштесе, ал “Россия үчүн коркунуч жаратпайбы?” деп кооптонушат. АКШ жана Канада институнун эксперти Виктор Кременюктун сөзүнчө:

- Алар биригебиз десе, Кудай алкасын. Эгер алар Россияга карата бирдиктүү саясат жүргүзүүнү каалашса, бул алардын проблемасы. Бизди “Бизге достук мамиле болуудабы?” деген проблема түйшөлтөт.

Россиянын эки жактуу мамиле куруу саясаты үзүрүн берип, Германия былтыр Ак Үйдүн Грузия менен Украинаны НАТОго чакыруу демилесине каршы чыккан жана Евробиримдиктин энергетикалык ишканаларды чет элдик фирмаларга сатпоо жөнүндөгү сунушун да колдобой койгон. Ошентсе да, Россиянын Украина жана Грузияга жасаган өкүмзордугу европалыктарды аз да болсо өзгөртүүдө. Мартта
Россиялык танктар Цхинвалидеги аскерий базада. Грузия. 7-август 2009-ж.
Биримдик Украинага газ түйүндөрүн модернизациялоого 3,5 миллиард доллар убада кылды.

Чехиянын Европа иштери боюнча министри Штефан Фуле Евробиримдик үчүн Москва менен кызматташуунун эң жакшы жолу - бул Обаманын саясатын колдоо деп санайт:

- Биздин Россия менен мамилебизде жаңыча аракеттенүү керек экенине каршы эч нерсе дей албайм. Биз россиялыктардын Россиянын өзүндө жана коңшу өлкөлөрдө жасап жатканына сүйүнүп, же ынанып жатканыбыз жок. Биз ага макул эмеспиз. Биз алар менен иштөөбүз керек.

Башка бир серепчилердин пикиринче, Биримдик чындап мунасага жетишүүсү үчүн Лондон менен Парижде Россиянын коркунучун Прага же Киевдегидей сезиштери керек экен.
XS
SM
MD
LG