Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Экономикалык төмөндөөдөн евронун куну кетчүдөй


Европанын бирдиктүү акчасы былтыркы кубатын быйыл кармай алчудай эмес
Европанын бирдиктүү акчасы былтыркы кубатын быйыл кармай алчудай эмес

Европада бирдиктүү акча – евро жүгүртүүгө киргизилгенине быйыл жыл башында туура он жыл болду. Акыркы айларда эле эмес, апталарда да евронун глобалдык каржы кризиске каршы иммунитети долларга салыштырмалуу бекемдей көрүнүп келген эле. Бирок азыр европалык валютанын долларга карата курсу арзандоодо. Евроаймактын экономикасындагы төмөндөөнү эске алган айрым адистер ал мындан ары да нарксызданарын айтып жатышат.

Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн евроаймакка азырынча 16сы эле кирет. 1999-жылы алгач накталай эмес эсептешүүлөр үчүн, 2002-жылы толук жүгүртүүгө киргизилгенде евро долларга караганда арзан туруучу. Өткөн жылы америкалык валютанын куну кетүүсү күчөгөн мезгилде 1 евро 1,39 долларга чейин жетип барды.

Ал эми азыр евроаймактагы өлкөлөр да океандын ары жагындагы рецессиядан кыйгап өтө албагандыгы анык болуп калган кезде инвесторлордун европалык валютага карата мамиле өзгөрө баштагандай. 17-февраль күнү эле евронун долларга карата курсу 1%дан ашуунга төмөндөп, 1 евро 1,26 долларга бааланды, 19-февралда 1 евро 1,27 доллар болду.

Мунун алдында евроаймактын буга чейин эле АКШ менен Батыш Европанын турак-жай базарына берилген насыялардан очорула түшкөн банктарынын жоготуулары алдыда көбөйүүсү мүмкүн деген маалыматтар тараган.

Чыгым эми Чыгыш Европадан барышы ыктымал. Евроаймактын банктары акыркы 15 жылда Чыгыштын керектөөчүлөрү менен бизнесине 1,5 триллион доллар насыя берген. Бул карыздарды кайтаруу ыргагынын бузулуусу Австрия, Швеция, Греция, Италия, жана Бельгиянын банктарын алсыратат. Батыш Еврропанын бизнес дүйнөсүн тушап койгон кредит кризисин тереңдетет.

Чоочулаган инвесторлорду евросун алмаштырууга жалгыз эле ушул жаңылык түртүп жаткан жок. Каржы эксперттеринин көбү еврозонадагы рецессия Кошмо Штаттардагыдай эле терең жана андан чыгуу узакка созулуусу мүмкүн деп тынчызданышууда.

Йорг Радек (Jeorg Radeke) - экономиканы жана бизнести изилдөө боюнча Лондондогу борбордун эксперти:

- Эки же үч ай мурда эле байкоочулардын көбү каржылык төмөндөөгө өзгөчө Кошмо Штаттар кабылды, евроаймактагы өлкөлөрү мындан жеңилирээк чыгып кетет, ал эл аралык сооданын азайуусунан жабыр тартат деп ойлоп жатышкан. Бирок маалыматтар азыр өнүккөн экономикалардын бири да корголбогонун көргөзүүдө.

Евробиримдиктин статистикалык мекемесинин өткөн аптадагы (13-февраль) жарыясына караганда, өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде евроаймактын экономикасы 1,5%га төмөндөгөн. Ал эми АКШда төртүнчү чейректеги төмөндөө 1%эле түзгөн.

Акыркы эки аптада эле эл аралык рейтинг агенттиктеринин эң таанымалы – Standart& Poors евроаймактын үч мүчөсү: Греция, Испания, Португалиянын кредиттик рейтингин төмөндөттү.

Бул жогорудагы өлкөлөргө өкмөттүк облигиациялары үчүн инвестиция тартуу мурдагыдан кыйыныраак болот дегенди туюндурат. Мамлекеттик облигациялар болсо өкмөттөр үчүн рецессиядагы экономиканы стимулдаштыруучу чараларды каржылоонун башкы булагы. Маселен Грециянын өкмөтү облигацияларын сатып алуучуларды кызыктыруу үчүн 3%дык үстөк сунуш кылууда, бул Германияныкынан да жогору.

Ирландиянын абалары башкалардыкынан кооптуу. Дублин экономика алсыраган шартта бюджет таңкыстыгы келерки жылы Улуттук дүң өндүрүштүн 12%на жетип калбоосу үчүн жан далбастоодо. Бюджеттеги чоң таңкыстык өкмөт эгер талап кылынса банктарынын эбегейсиз карыздарын кантип жаба алат деген кооптонууларды жаратты.

Банктардын Улуттук дүң өндүршкө карата эсептегенде жол берилүүчү деңгээлден ашып кеткен карыздары боюнча тынчыздануулар евроаймактын башка өлкөлөрүнө: Люксембург, Бельгия, Нидерландия, Австрия, Швецияга карата да бар.

Лондондук талдоочу Йорг Радек "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилгендей, евро аймакта АКШныкы өңдүү рецессия эле эмес, башка олуттуу проблемалардын симптомдору байкалууда:

-Евроаймактын маселелери АКШ же Улуу Британияныкынан айрымаланат. Экономика эмнеликтен мынча начар иштеп жаткандыгынын жалгыз жүйөөсү жок. Ар бир өлкөнүкү ар башка. Андыктан саясатты аныктагандардын туура чечим кабыл алуусу чоң мааниге ээ. Мисалы Испания турак –жай базары менен курулуш тармагынын кыйроосунан катуу жапа чекти. Германия эбегейсиз экспортуна глобалдык суроо-талап азайганынын запкысын көрүүдө. Чыгыш Европанын өлкөлөрү улуттук акчаларынын алмашуу курсунан толук көз каранды. Андыктан, албетте, баары үчүн бир мамиле, бир чен-өлчөм дегендик жашы иштебейт.

Бирок евроаймакты кризистен алып чыгуу үчүн баары макул болгон маселе – өз көйгөйү менен ар бир өлкөнүн өзү аракеттенүүсү, өз арбайын өзү согуусу да оң натыйжа бербей турганы.

Себеби евроаймактын экономикасы банк менен соодада чек араны кесип өткөн операцияларга тартылган, бул жагынан бири-бирине чырмалышып калган. Ушундан улам Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү координацияланган аракеттер жөнүндө айтышууда.

Анткен менен лондондук эксперт Йорг Радек "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, азырынча алардын аракеттери эмес, эл үчүн жасаган билдирүүлөрү көбүрөөк координацияланып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG