Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Европалык орток акча-евро бурулуш мезгилди баштан кечирүүдө. Айрым өлкөлөрдүн борчунан улам 1 евро төрт жыл мурдакыдай 1,23 долларга түштү.

Грекиядагы финансылык кризистин кесепетинен наркы качып турган евро 16 өлкө кирген евромейкиндикти сазга тартабы? Же 750 млрд. евролук же 1 триллион долларлык cтабилдүүлүк фондуна ээ болгон соң дүйнөлүк валюта бойдон кала береби? Бул суроо азыр саясатчылар менен финансистерди кежигесин тырыштырып турган кез.

Испания, Португалия да "жыртык тон" кийеби?

Грекия 18-майда Евробиримдиктин алгачкы 18 миллиард долларлык кредитин алды. Өткөн аптада Эл аралык фонду 5,5 млрд. доллар карыз берген. Аталган эки мекеме - евромейкиндиктин башка өлкөлөрү капылет абалга кабалганда көмөктөшүү үчүн - өз ара жарнакташып, 750

Европа монетардык союзунун төрагасы Жан Клод Юнкер(оңдо) Брюсселдеги жыйында. 17-май 2010

млрд. евролук (960 млрд. АКШ доллары) стабилдештирү корун түзгөн.

Ага карабай, Афины эл аралык милдеттенмелерин төлөй албайт, Испания жана Португалия да Грекиянын “жыртык тонун кийет” деген кооптонуудан улам, дүйнөлүк фондулук базарда баалуу кагаздар бир кыйла наркын жоготту. Мындай шартта Европа монетардык союзунун төрагасы Жан Клод Юнкер 17-майда Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Пириней өлкөлөрүнүн социалдык чыгымдарды кыскартканын оң баалады:

- Биз Испания жана Португалия өкмөттөрүнүн стабилдештирүү программасын бекиткенден мурда фискалдык тартипти бекемдөө боюнча жасаган тайманбаган кадамын туура деп эсептейбиз.

Юнкер ошондой эле еврону “ишенимдүү валюта” деп мүнөздөдү. Деген менен, Евробиримдиктин кээ бир лидерлери Брюссель евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн бюджетин контролдоону күчөтүүсү зарыл дешүүдө. Мундай пикирин Биримдиктин валюта жана экономикалык саясат боюнча комиссары Олли Рен финдердин “Helsingen Sanomat” гезитинин акыркы санында жазды. Азыр бюджет саясаты, анын аткарылышы улуттук өкмөттөр менен парламенттердин ээлигинде.

Германия темирдей бюджеттик тартипке өттү

Канцлер Ангела Меркель да 16-майда Германиянын кесиптик союздарынын курултайында еврого каршы чайкоочулар болуп

көрбөгөндөй чабуул жасап жатканын айтты жана евроөлкөлөр бирдиктүү экономикалык саясатты кармануусу зарыл экенине көңүл бурду:

-Биз убакытты атаандаштыктагы айрымачылыкты жана евромейкиндиктин айрым мүчөлөрүндөгү бюджеттик тартыштыкты тактоого гана кетирдик. Айымдар жана мырзалар, Грекия статистикалык маалыматтарды бир нече жыл бою бурмалап, биз ынангыс иш жасады. Евростаттын укугу жакшыртылыш керек.

Германия бюджеттик тартипти бекемдөө үчүн былтыр конституцияга толуктоо киргизди. Ага ылайык, федералдык бюджеттин тартыштыгы ички дүң жыйымдын 0, 35 процентинен ашпоого тийиш.

“Financial Times” гезитинин жазышынча, Берлин азыр евромейкиндиктин башка өлкөлөрдөн ушундай чарага барууну талап кылууда. Бирок Евробиримдиктин монетардык саясат боюнча комиссары Олли Рен унификация экономиканын глобалдык рецессиядан чыгуусуна жолтоо болот деп, Германиянын өрнөк тутууга каршы чыкты:

-Ар бир өлкөнүн бюджеттик тартипти өз алдынча бекемдегени маанилүү. Себеби унификация бүтүндөй евромейкиндиктеги фискалдык саясатты бекем калыпка салат жана эми оңолуп бараткан экономиканын болочок өнүгүүсүнө бөгөт болот.

Евронун келечеги кимдин колунда?

Талдоочулар евромейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн Германия сунуш кылган темирдей тартипти колдооруна ишенишпейт. Анткени бул кадам Евробиримдиктин Британия, Дания жана Швеция сыяктуу мүчөлөрүн европалык интеграциядан четтетет дешет эксперттер.


Евронун арзандашы кимге пайда, кимге түйшүк...

Евромейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн борчуна байланыштуу проблемадан улам 17-майда евро АКШ долларына салыштырмалуу төрт жыл мурдакы наркына түштү. 1 евро 1 доллар 23 сентке теңелди жана еврозонадан экспортту арзандатты. Экспорт эң алды Германия, Франция жана Италиянын экономикасында маанилүү ролду ойнойт. Евронун арзандашы товарынын көбүн Түркияга экспорттогон Грекия үчүн да пайдалуу болду.

АКШ да бир нече ай бою эл аралык соодада кубаты качкан доллардын артыкчылыгын пайдаланып, соодадагы терс балансты бир кыйла өлчөмгө кыскартууга жетишти.

Бирок евронун арзандашы Кытайга жакпады. Кытайдын Соода министрлигинин 17-майда маалымдашынча, юань акырыкы төрт айда еврого салыштырмалуу 14,5 процентке кымбаттаган. Бул Кытайдын Европага товар сатуусуна тескери таасир эткен.

Евронун куну качканы Борбордук жана Чыгыш Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн экономикалык оңолуусуна жолтоо болушу ыктымал. Мындай кооптонуусун Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкы(EBRD) Хорватиянын байтагы Загребде өткөн жылдык жыйынында билдирди.

XS
SM
MD
LG