Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

“Евровидение” - саясат аралашкан, талаш жараткан сынак


Жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Евровидение” сынагынын финалы 16-майда Москвада өтөт. 1956-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул сынакта Орусия өткөн жылы алгачкы ирээт биринчи орунду ээлеген. “Евровидение-2009” сынагы эң талаштуу болот деген пикирлер да аз эмес.

Эгерде сынакка катышкан бир ырчы Элвис Преслиге окшоп кийинсе, башкасы цыгандын образын тандап алган. “Евровидение” сынагы Европадагы эң көп күтүлгөн маданий окуялардын бири.

Белгиялык “Элвис” тобу жана Чехиянын “Gypsy.cz” тобу жарым финалда утулуп калса да, Түркия, Азербайжан, Албания, Молдова, Франция жана Британиялык ырчылардын кийимдери, ыр-бийлери жана аткаруулары өзгөчө болот деп күтүлүүдө.

Москвада өтүп жаткан бул сынактын бюджети 42 миллион долларга барабар жана "Евровидениенин" тарыхындагы эң кымбат сынак. Музыка таануучу Артем Троцкийдин айтымында, өткөн жылкы сынакта орусиялык ырчынын жеңишке жетиши – күтүүсүз чоң окуя болду:

- Биздин сыналгы бул сынакты Европанын поп музыка боюнча чемпионаты катары тартуулап, өткөн жылы сынакта Дима Биландын жеңишин – УЭФА кубогунда “Зениттин”, же орусиялык курама команданын Хоккей боюнча чемпионаттагы жеңишинин катарына койду. Бирок мында айырма абдан чоң да. Эгерде бул спорттогу ийгиликтерди жогорку деңгээлдеги олуттуу таймаштын натыйжасы деп айта турган болсок, "Евровидение" ыр сынагы – бул тамаша.

Орусия көптөн бери "Евровидение" сынагын Москвада өткөрүү үчүн катуу тырмышып келген. Акыркы он жыл бою Орусия өзүнүн ”мен-мен” деген ырчыларын сынакка жиберип турду. Дима Билан эки жолу сынакка катышып, өткөн жылы гана ийгиликке жетишти.

25 жаштагы Мария Федосева "Евровидение" сынагын абдан жакшы көрөрүн, аны өз көзү менен көрүү үчүн Москвага атайын келип, 155 долларга билет сатып алганын айтат:

- Бул – Дима Билан биздин өлкөгө тартуу кылган эң чоң майрам. Бул үчүн ага абдан ыраазыбыз. Биздин өлкө Европа үчүн чоң майрам уюштуруп берди. Сапаты абдан мыкты болду. Биз – мыктыбыз!

16-майдагы сынактын финалы өзгөчө кызыктуу жана жандуу болору күтүлүүдө. Кабарлангандай, финал маалында Эл аралык космос станциясы менен түз байланыш түзүлөт. Жыйынтыктоочу концертке президент Дмитрий Медведев да келиши ыктымал.

Саясат таануучу Борис Кагарлицкийдин айтымында, Москва бул сынакка эбегейсиз көп суммада акча коротту. Муну менен Орусия Совет доорундагы СССРдей эле улуу держава болгонун көрсөтүүгө аракет жасоодо.

Абдан көп каражат коротконуна карабастан, Орусияда өткөн бул сынак эң чуулгандуу катары тарыхта калышы ыктымал.

Сынак башталганга чейин эле Грузияга ага катышууга тыюу салынды. Маалым болгондой, грузиялык топ өткөн жылкы Орусия менен Грузия ортосундагы кыска мөөнөттүү согушту какшыктаган ыр жараткан. Мындан сырткары Орусиядагы гейлер жамааты финал башталарына бир нече саат калганда Москвада парад өткөрөрүн жарыялады. Москва шаарынын мэри бул парадды өткөрүүгө тыюу салды.

Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Эдуард Мурзиндин айтымында, парад Орусияда гейлердин укугу чектелгенин дагы бир ирээт тастыктамакчы:

- Кызыгы, Орусия өзүн европалыктарча ой жүгүрткөн, Европанын стандарттарына жооп берген өлкө катары көрсөтүүгө аракет жасоодо. Бирок бул – чындыкка эч коошпойт.

"Евровидение" сынагы Экинчи Дүйнөлүк cогуштан кийин касташып кеткен өлкөлөрдү чогултуу максатында ойлонгон долбоор. "Евровидение" биринчи жолу 1956-жылы Швейцарияда өткөн. Ошондон бери ыр сынагы чоң саясат менен аралашып келе жатат.

Тасмада: “Евровидение”: Саясаттан поп музыкага

“Евровидение”: Саясаттан поп музыкага
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG