Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Грекия баштаган дардисарлар еврону калдаңдатууда


Грекиянын тышкы карызы евронун кунун качырууда.
Грекиянын тышкы карызы евронун кунун качырууда.

Евро акча кыйын кезеңди баштан кечирүүдө. Еврокомиссия жана Европа Борбордук банкы евромейкиндикти баланста кармоого аракеттенүүдө.

Евро акча мейкиндигине кирген 16 өлкөнүн бешөөсүндө бюджеттик дефицит нормадан үч-төрт эсе жогору. Анын кесепетинен евронун куну качып, береги беш өлкө тышкы карызын төлөй албай калат го деген коркунуч күчөөдө.
Грекия жана башка алашем абалдагы өлкөлөргө жардамдашуу Франция жана Германиянын лидерлеринин "саясый чечими" болот.


Беш дардисар евромейкиндикти жарга түртүүдө

Евромейкиндикти ушу тапта Португалия, Италия, Ирландия, Грекия жана Испания катуу дүрбөлөңгө салууда. Алааматтын очогу- Грекияда. Азыр грек өкмөтүнүн карызы ички дүң жыйымдын 12,7 процентине тете же евромейкиндиктин стандартынан 4 эсе бийик. Ушундан улам чет элдик инвесторлор Грекия же калган төрт өлкө тышкы милдеттенмелерин төлөй албай калышы этимал дешип кыжаалат.

Лондондогу Европаны реформалоо борборунун башкы экономисти Симон Тилфорд кокус Афины дефольт жарыяласа, ал евромейкиндиктин башка мүчөлөрүнө кандай таасир этээрин боолгоп айтуу оор экенин айтат:

- Эртеби-кечпи Грекияда өз борчун төлөй албай калуу коркунучу бар. Андай коркунуч реалдуу деп ойлом. Капсалаң болсо эмне болуп кетерин айтуу оор.

Грекия баштаган өлкөлөрдөгү алашем экономикалык абал еврону алсыздандырууда жана өткөн аптада евро долларга салыштымалуу акыркы алты айда болуп көрбөгөндөй арзандады. Еврону пайдаланган 16 өлкөнүн ар бири бюджеттик жана фискалдык саясатты өз алдынча жүргүзгөндүктөн, Еврокомиссия негизинен кеңеш берүү менен чектелет. Аны аткаруу же аткарбоо ар улуттун ыктыярындагы
Испания. Мадриддин четиндеги бүтпөй калган турак жайлар.
иш.

Ошондуктан, Еврокомиссия шаршемби күнкү жыйында Грекиянын бюджеттин тартыштыгын 2012-жылдын аягына 3 процентке түшүрүү планын колдоп, коомдук сектордогу эмгек акыларды кыскартууну сунуш кылып тим болду.

Аты улук, сурпасы курук Еврокомиссия


Еврокомиссияда Грекия башындагы алашем топко акчалай жардамдашканга дасмиясы да жок. Мындан улам Евробиримдик менен Европа Борбордук банкы эгерде береги өлкөлөрдүн экономикасын жөлөө керек болсо, кандай кылабыз деп маң. Себеби, Англиянын VTB capital банкынын глобалдык стратеги Нейл МакКиннондун сөзүнчө, Грекиядагы капсалаң евромейкиндикке тез жайылып кетиши мүмкүн:

-Жугуштуу дарт еврозонадагы Грекия кейпи чоң бюджеттик тартыштыкка кабылган Испания жана Португалияга жайылып кетүүсү өтө реалдуу иш. Бул рынок үчүн учурдагы чоң көйгөй.

Португалиянын премьер-министри Хосе Сократес өлкөсүн Грекияга салыштырууга нааразы болуп, 2013-жылга ырасмий Лиссабон бюджеттин тартыштыгын 3 проценттик нормага түшүрөт деп сөз берди.
Евромейкиндиктеги капсалаңдуу жагдайдан улам Италиядагы украин мигранттарынын көбү жумушсуз калды. Рим. 5-январь 2010


Ирландияда да бюджеттин дефицити 11,7 процентке чыгып кеткен. Бирок Ирландия менен Португалия евромейкиндикте чоң үлүшкө ээ. Ошон үчүн алар евромейкиндикке Грекиядай олуттуу таасир эте алышпайт.

Испания да Евробиримдиктин түн уйкусун бузууда. Рессецияга чейин кээ бир талдоочулар 2020-жылга Испания жан башына өндүрүлгөн киреше боюнча Германияны басып өтөт деп боолгошкон. Анткени, турак жай курулушундагы буркан-шаркан өсүү токтоп, Испанияда жумушсуздук 19 процентке жетти. Бул евромейкиндиктеги эң бийик көрсөткүч. Ошондой эле Испаниянын бюджеттик дефицити 2009-жылы 11 проценттен көп болот деп күтүлүүдө.

Евромейкиндик бузулбасына Трише мырза ишенет

Мунун баары евроакчаны күчтөн тайдырып, алсыздандырууда. Бул жагдайда кээ бир өлкөлөр евромейкиндиктен чыгышы мүмкүнбү? Мындай суроону Европа Борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише “абсурд” же “болбгон кеп” дейт. Бирок америкалык илимпоз Нуриэл Рубини Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда “еврозона акыр соңунда ыдырайт” деген божомолун айткан. Лондондук эксперт МакКиннон андай сөздөн этият:

- Эгер бул суроону мага эки же үч жыл мурда берсеңер, евромейкиндиктин бөлүнүү мүмкүнчүлүгү нөлгө барабар демекмин. Финансылык рыноктогу көпчүлүк экономисттердин жообу да ушундай болмок. Ал суроонун азыр берилгени өтө кызык. Көпчүлүк экономисттер евромейкиндикке коркунуч бар экенине ишешет.

Талдоочулардын айтышынча, “төө көтөргүс карызы” бар өлкөлөр үчүн евромейкиндиктен чыгуу арзанга турбайт. Анткени, кайрадан улуттук акчага өтүү эбегейсиз чыгымды талап кылат. Анан да экономикасы бечел өлкө жаңы улуттук акчаны колдонууга киргизгени менен, ал чет элдик инвесторлорду качырып, тез арзандап кетиши ыктымал. Бул өз кезегинде тышкы карызды төлөөнү дагы кымбат кылат.

XS
SM
MD
LG