Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

"Путиндин өлкөсүндө Сталинге тийишпеңиз"


Орландо Фигес
Орландо Фигес

Орландо Фигес Лондон университетинин Биркбек коллежинин тарых профессору. "Азаттык" үчүн жазган серебинде, Орландо Фигес өзүнүн Сталиндик репрессиялар тууралуу китебинин Орусияда чыкпай калышынын чоо-жайына кайрылат.

"Кечээ Москвадагы "Аттикус/Иностранка" басмаканасы менин соңку китебимди басуу тууралуу келишимди жокко чыгарды. Басмакананын ээлери экономикалык кырдаалды бетке кармашты. Бирок мен мунун артында саясат барбы деп шектенип жатам", деп жазат өз серебинде Фигес мырза.

"Сталиндик Орусиядагы жеке адамдардын турмушу" деген аталыштагы китебим жүздөгөн жеке архивдерге жана сталиндик режимден аман калган миңдеген адамдар менен маектерге негизделген. Мен бул изилдөөнү орусиялык "Мемориал" уюму менен бирдикте жүзгүзгөм. "Мемориал" Орусиядагы адам укуктары жана тарыхый изилдөө борбору. Советтер Союзундагы сталиндик репрессиялардын бетин ачууда биринчилерден болуп мындан 20 жыл мурда иш баштаган "Мемориал" акыркы үч жылда Нобелдин тынчтык сыйлыгына үч жолу көрсөтүлдү.

4-декабрда Орусиянын баш прокуратурасынын тергөө комитетинин бетин чүмбөттөгөн кызматкерлери Мемориалдын Санкт-Петербургдагы кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнүн билсеңиздер керек. Тинтүүдөн кийин алар Мемориалдын Санкт-Петербургдагы архивин бүт алып кетти. Анда репрессиялардын курмандыктарынын өмүр баяндары, Санкт-Петербургдагы көрүстөндөр тууралуу маалыматтар, үй-бүлөлүк архивдер, маектердин үн тасмалары жана тексттери бар болчу.

Алар менен кошо Виртуалдык гулаг музейине арналган интернет баракчасынын (www.gulagmuseum.org) бүт материалдарын конфискациялашты. Алардын арасында Орусияда коркунучка туш келген 100дөн ашык чакан көргөзмөлөрдөн баа жеткис буюм-тайым, сүрөт, документтер болгон. Орусияда Перм-36 деп аталган Гулаг боюнча бир гана Уралда музей бар экендигин айта кетишим керек.

Мен Санкт-Петербургдагы Мемориал менен бирдикте чогулткан бардык материалдарды да полиция алып кетти. Дагы жакшы, мен бардык документтерди өзүмдүн интернет баракчамда (www.orlandofiges.com) сактап койгом. Бирок калган материалдар дагы деле полициянын колунда кала берип жатат.

Мемориалдагы тинтүү - Орусиядагы тарых жана окуу китептерин көзөмөлдөө боюнча кеңири идеологиялык күрөштүн бир бөлүгү. "Аттикус" басылмасынын менин китебимден баш тартышы да ушуга байланышкан болуш керек.

Кремл Сталинди актоо үчүн көп аракеттерди көрүп келатат. Анын максаты - Сталиндин кылмыштарын тануу эмес, "улуу советтик мамлекеттин" пайдубалын түзүүчүсү катары анын жетишкендиктерин даңазалоо. Кремл Орусия жарандары сталиндик репрессиялар үчүн өздөрүн күнөөлүү сезбестен, советтик тарыхка сыймыктануусун каалайт.

2007-жылдын июнь айындагы конференцияда ал кезде президент болуп турган Владимир Путин орусиялык мугалимдерди сталиндик доорду оң жагынан чагылдырууга чакырган. "Советтер Союзун улуу мамлекет кылган, Гитлерге каршы согушту жеңген Сталин болгон, анын "каталары Батыш өлкөлөрүнүн кылмыштарынан көп болгон эмес" деп айткан эле Путин.

Анын аралыгында, Улуу Террорду жана Гулагды кеңири жазган окуу китептери цензураланды, сталиндик кылмыштарга басым жасаган тарыхчылар "өз мекенин сүйбөйт" деп айыпталды. Президенттик администрация мугалимдер үчүн өзүнүн окуу китебин чыгарды. "Орусиянын заманбап тарыхы" деп аталган окуу китебинин авторлорунун бири Кремлдин үгүт-насаатчысы Павел Данилин. Ал өз кезегинде президенттин кеңешчиси жана "Орусия журналынын" редактору Глеб Павловскийдин жакын шериги. Бул журнал Путиндин псевдо-демократиясынын интеллектуалдык пайдубалын жаратууну максат кылат.

Бул журналдын декабрдагы "Эс-тутумдун саясаты" деген аталыштагы атайын саны "Мемориал" уюмундагы тинтүү менен бир мезгилде жарык көрдү. Андагы эки макалада "Мемориал" "Сталиндин кылмыштарына таянып, советтик тарыхты каралагысы келген чет элдик тарыхчылардын жетегинен чыгалбай калды" деп айыпталды.

Менин "Сталиндик Орусиядагы жеке адамдардын турмушу" деген китебим буга чейин 22 тилде, анын ичинде мурдагы СССРдин европалык жумурияттарынын тилдеринде жарык көрдү. Бир гана орусча басыла элек болчу, басылбай да кала турган болуп калды."

P.S. Орландо Фигестин серебинде айтылган ойлор авторго таандык жана сөзсүз эле "Азаттыктын" көз-карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG