Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Япония: Төөнү сел алса, кара эчкини асмандан көр


Япония экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири экономикалык кризиске кабылганы апта башында жарыя болду. Өткөн жылы ички дүң жыйым 13, 9 процентке кыскарган. Бул көрсөткүч АКШ менен Eвромейкиндикке кирген 15 өлкөдө 4- 6 процентке барабар.

Япон өкмөтү 16-февралда жарыялаган маалымат 2008-жылы Япониянын экономикасы өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө караганда бир кыйла оор абалда экенин тастыктады. «Алдын ала эсептөөлөр 2008-жылдын октябрь-декабрь айларында ички дүң жыйым өткөн жылдын тиешелүү кварталына салыштырганда 3, 3 процентке төмөндөдү жана бир жылга эсептегенде минус 12, 7 процент,» дедиЯпониянын экономика министри Каори Иосано.

Ошентип, өткөн жылы Япониянын ички дүң жыйымынын көлөмү 0, 7 процентке азайган. Бул 1974- жылкы дүйнөлүк мунай кризисинен берки эң начар көрсөткүч. Экономикалык өсүштүн төмөндөшүнө баарынан мурда экспорттун кыскарышы себеп болду.

Буга катар өндүрүшкө салынган инвестиция 5, 3 процентке, жеке керектөө 0, 4 процентке кыскарган. Акыркы факт- япондор үнөмдөй жана оор мезгилге акча топтой баштаганын күбөлөйт. Ырасмий Токио өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири экономикалык кризис башталганын мойнуна алды.

Ал эми Америка Кошмо Штаттарда былтыр ички дүң жыйым 3, 8 процентке, Eвромейкиндикке кирген 15 өлкөдө 6 процентке кыскарды. АКШ, Япония жана Евробиримдик дүйнөлүк экономиканын көч башындагы өлкөлөр болгондуктан, кризистен соң аталган өлкөлөр экономикадагы үстөмдүгүн жоготушу мүмкүнбү деген суроо туулат. Суроону мындай коюуга келерки он жыл арасында Кытай, Индия, Россия, Бразилия же БРИК өлкөлөрүнүн экономикалык кубаты өсөт, атүгүл Кытай АКШнын ордун ээлейт деген эксперттердин жоромолдору негиз берет.

АКШнын Колумбия университетинин профессору Рафис Абасов АКШ менен Японияда ички дүң өндүрүш кыскарганы менен дагы узак жылдарга көч башында жүрө берерине ишенет: «Кытай, Индия, Россия глобалдык экономикалык кризистен соң АКШ менен Япониянын экономикадагы ордун ээлеши мүмкүн эмес. Азыр башка өлкөлөр да, анын ичинде Кытай, Индия, Россиянын экономикасы да оор мезгилди баштан кечирүүдө. Кытайда өндүрүш кыскарууда. Россияда жумушсуздук өсүүдө, рубль катуу девальвация болду. Индиянын алдыңкы технология сектору да кыйын кезеңге тушукту. Жакында эле АКШда чыкчу өтө таасирлүү «Foreign Affairs» журналында илимпоз-эксперттердин экономикадагы мүмкүн болгон бардык өнүгүүлөрдү изилдеген көлөмдүү макаласы жарыяланды. Ал изилдөөдө АКШ, Батыш Европа, Япония экономикадагы лидерлигин жоготпойт деп айтылган. Себеби АКШнын экономикасындагы өсүш минуска кеткенде да, экинчи орунга түшүп калбайт, Ички дүң жыйымынын көлөмү төмөндөшү мүмкүн. Бирок башка өлкөлөр алдыга чыгат деп айтуу өтө кыйын».

Профессор Абасовдун пикирин Вашингтондук көзкарандысыз эксперт Акылбек Жумабаев да колдоп, мындай деди: «Бул кризис Кытайга, Индияга, Россияга таасирин тийгизбейт деп айтуу кыйын. Себеби алар башка өлкөлөр менен камыр-жумур болуп калган. Мисалы, Кытай бүт дүйнө жүзүн, өзгөчө, АКШ менен Европага товардын көп түрлөрүн экспорттойт. Ошон үчүн Кытай өзү да азыркы экономикалык кризистен жабыркайт».

АКШ, Япониянын экономикасы өсүүсүн басаңдатканына карабай, алардын мүмкүнчүлүгү чоң. Президент Обама жума ортосунда экономиканы жандандыруу боюнча 787 млрд долларлык планга кол койду. Удаа эле Ооганстанга 17 миң кошумча аскер жөнөтүүнү буйруду.

Япония болсо финансылык кризистен жабыркаган өлкөлөргө 1 миллиард доллар жардам берерин билдирди. Бул акчаларга, арийне, япон товары сатылып алынып, Япониянын өнөр жайы жумуш менен камсыздалат. Токио ошондой эле эл аралык валюта коруна 100 миллиард доллар кредит бергени жатат.

Дүйнөнүн бакубат өлкөлөрүнүн шаштысын алган финансылык кризис 5 миллион элдүү Кыргызстанга кандай таасир этет? Чакан өлкөлөр экономикалык кризистен жоготчу чыгымы да аз болот. Бирок кризистик жагдайда чоң эларалык компаниялар инвестициялык активдүүлүгүн төмөндөтөт.

Банктар кредит берүүнү азайтып өтө ишенимдүү кардарларды гана тейлейт. Ошон үчүн, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө сырткы капитал кызыкпай калат, дейт профессор Рафис Абасов: " Өнүгүп бараткан, анын ичинде майда мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, алар тез өнүгүшү жана катуу кулашы этимал. Кыргызстанды дүйнөлүк экономикалык кризис айланып кетпейт. Кыргызстан Азия, Африка, Латын Америкасынындагы майда өлкөлөр сыяктуу эле кризиске байланыштуу бардык түйшүктөргө туш болот. Россия, Казакстандагы гана эмес, Батыш жана Чыгыш Европадагы жана башка өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарына жумуш табуу оор болот. Эң негизгиси инвестиция да суюлат. Кытай, Япония, Евроиримдикте да азыр инвестиция өтө аз. Сыягы Кыргызстанга тыштан келген инвестиция азаят. Бул экономикага таасир этет."

Белгилүү экономист, Россияда «шок терапия саясаты» жүргүзүлгөн кезде өкмөт башында турган Егорь Гайдар да АКШ экономикасы катаал сыноого кез келгени менен, доллар дүйнөлүк резервдик валюта бойдон кала берет дейт. Гайдардын айтымында, «…экономикалык коньюнктуранын алмашуусу, бул болуп турчу көрүнүш. Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү жайлап, чийки заттар арзандаган мезгилден кийин өсүү доору башталат». Ошондо экономиканын мотору Америка, Европа жана Кытай болот.

XS
SM
MD
LG