Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Дүйнө валюта согушунун босогосунда турат


Кытай юаны, АКШ доллары жана евро акча

Кытай юаны, АКШ доллары жана евро акча

9-октябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын жылдык жыйыны ачылат.

Дүйнөнүн 187 өлкөсүнүн финансы министрлери катышчу бу жыйында өз улуттук акчаларын арзандатууга умтулган мамлекеттер аралык карама-каршылыктарды жөндөөнүн жолдору талкууланат. Бул талаш токтобосо, дүйнөлүк экономиканын өсүүсүнө кедерги болорун эки абройлуу эл аралык финансылык мекеменин жетекчилери эскертишти.

Эл аралык валюта коруна кошкон үлүшү боюнча АКШ биринчи орунда, Кытай алтынчы орунда турат.



Арзан акча саясаты экспортту колдоонун жолу

Вашингтондогу финансылык жыйында талдоого алынчу негизги маселе Кытай акчасы - юандын наркы жөнүндө болот деп боолгонууда. Себеби АКШ башындагы кээ бир өлкөлөр, өзгөчө Кытай тышкы сооданы колдоо үчүн юандын баасын жасалма түрдө арзан кармоодо деп эсептешет. Юандын жана башка акчанын төмөнкү курсу товарды тышкы базарда өтүмдүү кылып, өлкөдө жумушсуздукту кыскартууга же социалдык чыңалуунун алдын алууга өбөлгө түзөт.

Кытай акчасынын арзан курсу бөлөк өлкөлөрдү да өз валютасын жасалма арзандатууга түртөрүн жана дүйнөлүк экономика үчүн чоң проблема болуп жатканын АКШ финансы министри Тимоти Гайтнер 6-октябрда Вашингтондо болгон талкууда эскертти.

Пакистандык сарап АКШ долларын алмаштырууда. Чаман шаары.
Андан бир күн илгери Европа монетардык союзунун ырасмий эмес лидери, Люксембурдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер да арзан юань глобалдык экономиканын стабилдүү өсүшүнө жолтоо болуп жатканына көңүл бурган:

- Биздин кытайлык досторубуз үчүн Кытай акчасынын реалдуу алмашуу курсу бир кыйла бийик экени жашыруун эмес деп ойлойбуз. Бул дүйнөлүк акча алмашуунун конфигурациясын тескери жолго салууда.

Евробиримдик Кытайдын арзан экспортун азайтып, ички керектөөнү көбөйтүүсүн каалайт. Бул Биримдикке мүчө өлкөлөргө өзүндө өндүрүлгөн товарларды керектөөнүн көбөйүүсүнө алып бармак жана элди жумуш менен камсыздоону жакшыртмак. Ырасмий Бээжин максаты 1, 3 миллиард калктуу өлкөнү өнүккөн Батыштын деңгээлине чыгаруу деп, тышкы соода саясатынан баш тартпасын айтып келет.

Коңшу өлкөлөрдөн озуунуу саясаты

Жакында Жапония, артынан Түштүк Корея жана башка өлкөлөр өз акчаларынын курсун төмөндөтүү үчүн валюта базарына чабуул жасашты. Бразилия ата мекендик өндүрүшчүлөрдү коргоо максатында тарифтерди эки эсеге жакын жогорулатты. Индия менен Тайван да ушундай чарага барарын эскертүүдө.

Бул экономикада “коңшулардан озунуу” саясаты катары белгилүү. Бул кубулушту лондондук талдоочу Бернард МакАлинден мындай мүнөздөдү:

- Экономикада өсүш жетерлик болбойт деген коркунучтан улам өлкөлөр сарамжалдуулук максатында өз коңшуларынан озуунун жана башкалардын эсебинен экономиканы өстүрүү амалын издей башташат. Ушу тапта ушундай маанай жана коркуу өкүм сүрүүдө.

Эгер валюта согушу токтобосо, 1930-жылдары АКШны тозуткан Улуу депрессия дүйнөнү каптайт деп кооптонушат экономисттер.

Кошмо Штаттар валюта согушунан чыгуунун дипломаттык жолун табууга аракеттенүүдө жана Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканы баланстоодо чоң ролду аткаруусун каалайт. Ал үчүн акыркы жылдары экономикасы ылдам өсүп бараткан Бразилия, Индия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн Эл аралык валюта корундагы таасирин көбөйтүүнү сунуш кылууда. Бирок алар эркин экономиканын мыйзамына ылайык улуттук акчаларынын наркын көзөмөлдөбөй койо бергенге макул болушу керек. Азыр Эл аралык валюта коруна кошкон үлүшү боюнча АКШ биринчи орунда, Кытай алтынчы орунда турат. Эгер ири экспортер өлкөлөр тышкы сооданы колдоо үчүн улуттук акчаларын жасалма арзандатуу тактикасын кеңири колдонууга өтүшсө, валюта согушу тутанып кетет деп чочуйт Эл аралык валюта фондунун төрагасы Доминик Штраус-Хан.
XS
SM
MD
LG