Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Орустардын чомочосу европалыктарды чочутат


"Форум -2000" - Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавел Россия менен каймана мунасага барып,Обама чоң каталык кетирип жатат деп билдирди.
"Форум -2000" - Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавел Россия менен каймана мунасага барып,Обама чоң каталык кетирип жатат деп билдирди.

Президент Барак Обаманын Россия менен мамилелерди "оңдоп түзүүнү" көздөгөн саясаты орто жана чыгыш европалык бир катар бийлик өкүлдөрүнө, коомдук элитанын айрым катмарына жакпай калды. Муну алар Прагада эки күндүк жыйынга чогулган "Форум -2000" конференциясында да айтышты.

"Форум -2000" жыйынын Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел 1997-жылы уюштурган. Конференцияда глобалдык проблемалар талкууланат. Бул жолу Россиянын кайрадан "чомочосу көтөрүлүп келатканына" чочулагандар Москва менен бирге президент Барак Обаманын саясатын да сынга алышты.

Бу жагынан Европарламенттин Латвиядан шайланган депутаты Сандра Калниете өзгөчө айрымаланды. Москваны ал энергияны жана башка каражаттарды чыгыш европалыктар менен балтикалыктарга саясий кысым жасоо куралына айлантып, бул өлкөлөрдүн НАТОдогу жана Евросоюздагы ордун кемитип көрсөтүүгө умтулуп жатканы үчүн айыптады.

Латвиялык депутат буга кошо Чехияда жана Полшада ракетадан коргонуу каражаттарын орнотуу планынан айнып калган Обаманын чечимин "чыгыш европалыктар менен поляктар АКШнын күн тартибиндеги иштерден түшкөнү катары кабыл аларын" билдирди.

Быйыл жайда жыйырмадай саясатчылар менен интеллектуалдар Обамага ачык кат менен кайрылып, мурдагы президент Буштун Европадагы антиракеталык планынан баш тартпоого чакырган жана Москва өткөн кылымдагы оролуна түшүп баратат деп эскертишкен эле. Ачык катка кол койгондор арасында Гавел менен бирге ушу Калниетта да бар эле.

Гавел форумдун бу жолку жыйынын Обаманын орустар менен алака түзүү ыкыласына өз мамилесин билдирүү үчүн пайдаланды.

Обманын жаңы эле Нобел сыйлыгын алып, Далай-лама менен жолугушууну жыл этегине калтырып койгонун Гавел каймана, анчейин байкалбаган кичине бир мунаса катары баалап, мунун өзүнчө логикасы бар экенин белгиледи. Бирок "чоң, калпыс мунасанын баары түбү келип ушундай чакан,билинбеген, "логикасы бар" мунасадан чыгат",-деп көрсөттү ал.

АКШнын, тагыраагы, Обаманын позициясын Россиядагы оппозициялык кыймылдын ветераны Григорий Явлинскийдин колдоп чыкканы форумда күтүүсүз окуядай таасир калтырды. Өз өлкөсүндө демократиянын жоктугун ал чоң өкүнүч менен белгиледи, ошол эле учурда Россияга "кыямат кайым" жакындап калгандай апалаң-тапалаң түшүп акаарат айта бергенден көрө Батышты так, ырааттуу позицияны карманууга чакырды.

"Силер бизге кантип жардам бере аласыңар? Мунун жообу жөпжөнөкөй: өзүңөрдүн өрнөгүңөр, үлгүлүү үйүтүңөр менен жардамаша аласыңар. Өзүңөр жарыялап, өзүңөр пир көргөн принциптер менен асылнарктарды Евросоюзда бекем сактагыла. Экономикалык жана саясий кризисти чечүүдө АКШга көмөктөшкүлө, биз ошондо силердин өрнөгүңөрдү көрүп, тезирээк алга жылабыз. Калган баарын биз силерсиз эле өзүбүз жасай алабыз",- деп айтты Явлинский.

Айтмакчы, Прагадагы форумда жарыш сөзгө чыккандар Москванын коркунучун жабыла сындап жатышкан кезде мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон МГУда студенттер менен жолугуп, АКШ менен Россиянын өкмөтүндө тең "орустарга ишенүүгө болбойт" же "америкалыктарга ишенсе болбойт" деп ырасташкан адамдар бар экенин, буга жеке өзү ишенбей турганын айтып, жаш муунду мурдагылардан акылдуу болууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG