Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Ч.АЙТМАТОВДУН ЖАҢЫ РОМАНЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУЛДУ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Белгилүү журналист Абибилла Пазылов учурда Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор ураганда” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/DA2934D6-3B89-4A5A-9495-E10AE6C24332.asp (“Когда падают горы”) аттуу романын кыргызчага которуп бүтүрүп, чыгаруу алдында турат. Ошол китеп тууралуу А.Пазылов “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Быйыл 80 жылдыгын белгилеп жаткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы кезде жарык көргөн чыгармаларынын бири “Тоолор ураганда” романы. Ошону сиз которуп бүткөн экенсиз. Ал качан жана канча нускада жарык көрөт?

-Чыңгыз Төрөкуловичтин соңку романын биз кыргызча вариантын “Жаабарс” деп атадык. Себеби ар түрдүү котормолордун аталышы сунушталды. Бирок мен аягында келип “Жаабарс” деген аталышка токтолуп жатам. Дээрлик котормо бүттү. Буюрса, май, балким июнь айларында окурмандардын колдоруна китеп түрүндө тиет.

Бул романды чыгарабыз деген бир топ азаматтарыбыз чыкты. Эми Чыңгыз Төрөкуловичтин өзүнүн айтымында, ошол “Руханий” ассоциациясы менен кошо Айтматов атындагы эл аралык фонд биргелешип экөөлөп ошол китепти чыгарат.

-Чыңгыз Айтматов өзү дагы таанышып чыкса керек котормо менен?

-Ооба, ал киши Европадан келип, азыр мүмкүнчүлүгү бар котормонун түп нускасында, кол жазмасында таанышып чыгууга. Албетте Чыңгыз Төрөкуловичтин таанышып чыгам дегени, редакциялап чыгам дегени мени абдан кубадырып жатат. Себеби роман абдан көп катмарлуу анын ичинде майда-чүйдө деталдар, көп бейнелер бар, ошону ачып берүүгө колдонулган ар түрдүү усулдар бар.

Албетте мен айрым бир кемчиликтерди кетирип коюшум мүмкүн. Ал эми автор өзүнүн чыгармасын өзү абдан мыкты билет. Ошондуктан айрым бир жерлерде оңдоп-түзөп коюуга мүмкүнчүлүгү бар.

-Кыргыз окурмандары бул китеп менен жакшы тааныш эмес. Ошондуктан мындай суроо туулат: китептин негизги өзөгү, маазмуну эмнеде? Айтматовдун мурунку чыгармаларынан айырмачылыгы кандай экен?

-Роман бир сөз менен айтканда, социалдык айрым бир өңүттөн караганда, саясий роман деп атап койсок болот. Романдын өзөгүн кыргыз журналисти Арсен Саманчиндин тагдыры түзөт. Ошол тагдыр - анын сүйүүсү. Азыркы күнгө коомдук мамилелерге, азыркы адамдарга, алардын кулк-мүнөзүнө карата анын жасаган мамилеси, аягында барып аянычтуу тагдыры, Тянь-Шандын төрүндө жүргөн Жаабарс сыяктуу илбирстин тагдырындай өтө өзгөчө тагдыры ошол романдын өзөгүн түзөт.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG