Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

ЖКК: Кабарчылар үчүн каралуу жыл


Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Улуттар Уюмунун баш катчысын дүйнөдөгү маалымат эркиндигин колдоо ишинде активдүү позицияда болууга чакырды.
Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Улуттар Уюмунун баш катчысын дүйнөдөгү маалымат эркиндигин колдоо ишинде активдүү позицияда болууга чакырды.

Былтыр дүйнөдө жетимиштен ашуун журналист кесипкерлик милдетин аткарып жатып набыт болду, 140ка чукул кабарчы камалды. Журналисттерди коргоо комитети ушундай кайгылуу маалыматтар камтылган кезектеги жылдык отчетун 16-февралда Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде жарыялады жана баш катчы Пан Ги Мунга кайрылып, дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоого чакырды.

Эл аралык комитеттин эсептерине ылайык, өткөн жылы баары болуп маалымат каражаттарында иштеген 99 кишинин өмүрү кыйылды, алардын 71и кесипкерлик иши үчүн тындым болгону такталып, тастыкталды.

Кабарчылардын көзүн тазалоо жагынан былтыр Филиппин алдыгы чыкты. Бу өлкөдө былтыр ноябрда бир эле күндө отуз журналистти боо түшүрүп атып салышты. Сомалиде тогуз, Иракта жана Пакистанда төрттөн, Россияда үч журналист жайран болду.

Камалган, түрмөдө жаткан кабарчылар саны былтыр 136га жетти. Бу жагынан Кытай (24), Куба (22), Эритерия (19) өзгөчө айрымаланышты. Экс-совет аймагынан Өзбекстанда - жети, Азербайжанда - алты журналист камалды.

Өткөн жылы Кыргызстанда да эки журналист киши колдуу болду, маалымат каражаттарынын бир канча өкүлү токмок жеди, аларды коркутуп-үркүтүү күч алды.

Отчетто кабарчыларга каршы өзгөчө репресивдүү режим деп Иран аталат. Өткөн жылы Тегерандагы режим 90дон ашуун журналистти камады.

Комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон уюмдун маалыматтарына таянып, Иранда ушу күнгө чейин 47 журналист камакта жатканын, алардын саны башка өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга караганда да алда канча көп экенин белгиледи.

"Кабарчылар үчүн Иранда иштөө абдан татаал, куугунтук иштери уланууда, бул өлкөдө абакта жаткан журналисттердин тагдыры бизди өтө тынчсыздандырат", - деп айтты Саймон.

Былтыр Ирандагы тополоң маалында кармалып, кийин бошонуп чыккан "Newsweek" апталыгынын кабарчысы Мазяр Бахари ырастагандай, бийликтер жаңы мыйзам кабыл алып, кыйла катаал чараларга өттү, айрыкча революциячыл гвардия Ирандан тышкары жерлерде, мисалы, Би-Би-Сиде, "Америка авазы", "Азаттыктын" "Фарда" бөлүмүндө иштеген ирандык журналисттерди "эл душманы", "чет элдик тыңчылар" катары айыптап, куугунтукка ала баштады.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин орунбасар директору Роберт Махони өткөн жылды жалпысынан дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги үчүн "өтө жаман жыл болду" деп мүнөздөдү жана бу маселеге өзгөчө көңүл буруу өтүнүчү менен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга кайрылды.

"Эркин пикир билдирүү укуктарын коргоодо баш катчы кыйла катуу жана бекем позицияда турушун каалайт элем. Сөз эркиндиги демократиянын башкы тиреги болгондуктан баш катчы бизди, журналисттерди, кеңири коомчулукту колдоп, коргой алат", - деп айтты Махони.

Улуттар Уюмунун дүйнөдөгү тынчтыкты жана адам укуктарын коргоо боюнча мандаты бар экенин эске салып, Махони ушул жүйөөдөн улам уюмга атайын кайрылып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG