Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Дүйнө жүзүндө интернетти компьютерлер жана уюлдук телефондор аркылуу колдонгондордун укугу бара-бара чектелүүдө. Бул тууралуу басма сөз эркиндигине көз салган "Фридом Хаус" (Freedom House) уюмунун жаңы чыккан баяндамасында айтылат.

Уюмдун маалыматына ылайык, авторитардык өкмөттөр эле эмес, ал түгүл демократиялык өкмөттөр да барган сайын интернетти көзөмөлдөп, аны тизгиндеп турууга далаалат жасоодо. Фридом Хаустун билдирүүсү бүгүн (1-апрелде) Берлинде миңден ашуун блогчулар чогулган жыйында айтылды. Сөз учугун Зейнеп Мартбек кызы улантат.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бейөкмөт уюмдун баяндамасы “Интернет мейкиндигиндеги эркиндик” ("Freedom on the Net") деп аталат жана анда 2007-жылдан 2008-жылга чейин он беш өлкөдө интернет колдонуучулардын укугу бузулган учурлар ар тараптуу каттоого алынган.

Баяндамада келтирилген маалыматка ылайык, 2006-жылдан 2008-жылга чейин алты өлкөдө интернет колдонуучулардын саны дээрлик 2 эсе өскөн, ал эми уюлдук телефондордун саны үч эсеге көбөйгөн.

Роберт Гуэрра (Robert Guerra) – “Фридом Хаус” уюмунун Интернет эркиндиги программасынын бир долбоорунун жетекчиси. “Азаттык” үналгысына берген маегинде Гуэрра мырза мындайча тынчсыздануусун билдирди:

- Биздин байкообузга караганда, өзгөчө кубаттуу кысымдар жасалган өлкөлөрдө өкмөттөр интернеттин мазмунун гана көзөмөлгө албастан, интернеттик технологияны башкарып, шеринелердеги талкуулоолорду багыттап, бийликчил маанайдагы пикирлер менен толтурууга аракет жасашууда.

Уюмдун баяндамасында айтылгандай, алты өлкөдө блогчулар камакка алынган, беш өлкөдө интернетти көзөмөлдөөгө багытталган мыйзамдар кабыл алынган. Көзөмөл жана цензура киргизүү ыкмасы ар бир өлкөдө катталган.

Фридом Хаустун баяндамасында Куба “интернет эркиндиги абдан чектелген” өлкө деп табылган. Иран, Кытай жана Тунис менен катар Куба “эркин эмес өлкө” деп бааланган.

Кытай бийлиги жакында эле YouTube аттуу интернет аркылуу видео тасмаларды эркин алмашчу таасирлүү интернет баракты жаап салды. Себеби YouTube интернет барагын колдонуучулардын бири нааразылык иш-чарасына катышкан бир тибеттикти полиция кызматкери сабап жатканы тартылган видео тасманы бул баракка жайгаштырган экен.

“Фридом Хаустун” изилдөөсүнүн редактору Карин Карлекардын айтымында, интернет колдонуучу ирандык атуулдардын интернет мүмкүнчүлүгүн чектөө үчүн расмий Тегеран улам жаңы жана татаал ыкмаларды иштеп чыгууда.

- Иран иликтөөгө алынган өлкөлөрдүн ичинен интернеттик тейлөө кызматы аркылуу интернеттеги материалдардын мазмунун системалуу түрдө электен өткөрүү ыкмаларын колдонгон мамлекеттерге кирет. Иран кардарлар азыраак колдонуусу үчүн видео же башка көлөмдүү материалдарды көчүрүп алууну кыйындата тургандай чектөө киргизген өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле, Иран тийешелүү кардарлардын сары изине чөп салып издөөгө да олуттуу маани берүүдө.

Баяндамада Иран блогчуларды камап, коркутуп, кыйноого кынык алганы айтылат. 2008-жылы Иран бийлиги ондон ашуун блогчуну камап салды. Интернет аркылуу мыйзамсыз делген иш-аракетке баргандар үчүн өлүм жазасына өкүм кылууга уруксат берген мыйзам долбоору ирандык парламентте биринчи окулушта жактырылды.

Баяндамада Египет, Индия, Кения, Малайзия, Түркия, Орусия жана Грузия интернетти колдонуу жаатында “жарым-жартылай” эркин деген баа алды.

Баяндамага ылайык, орусиялык бийлик интернет барагын ачыктан-ачык тосуп салуу менен алектенбейт, бирок интернеттик шеринеде айтылган сын пикирлердин айрымдарын көшөгө артындагы таасир көрсөтүү ыкмалары аркылуу өчүртүп коюуда.

Грузияда интернет жамааты өтө жай өнүгүүдө. “Фридом Хаустун” изилдөөсүнүн редактору Карин Карлекардын айтымында, өткөн жылкы августтагы Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуш Кавказдагы бул чакан өлкөдөгү интернет эркиндигине кыйла кесепетин тийгизди.

- Орусия менен согуштун кесепетинен улам, интернеттеги айрым баракчалар жабылып, же аларга техникалык тоскоолдук кылчу чабуул жасалды. Бул Грузиядагы негизги көйгөйлөрдүн бири болду. Башкача айтканда, негизги чектөөлөр интернеттик инфраструктурадан колдонуу жаатында катталды.

“Фридом Хаустун” баяндамасына ылайык, Бразилия, Улуу Британия, Эстония жана Түштүк Африка мамлекеттеринде интернет “эркин” деп табылган. Бирок изилдөөгө ылайык, бул төрт өлкөдө тең кырдаалды өтө мыкты деп баалоого эртелик кылат.

Бирок “Фридом Хаустун” баяндамасында жакшы жышаана тууралуу кабарлар да жок эмес. Маселен, Орусия менен Грузияда интернет эркиндиги басма сөз эркиндигине караганда алда канча дурус абалда экени айгинеленди. Авторитардык өлкөлөрдө да интернет мейкиндигинде колдонуучулардын атуулдук жигердүлүгү күн санап өсүүдө.

Карлекар айымдын айткандарын уксак:

- Блогчулар ар кандай өнөктүктөрдү уюштуруу жана цензурадан өтпөй калган маалыматты таратуу үчүн интернетти арбын колдонууда. Иранда бир катар топтор интернетти өз идеясын жайылтуу, кандайдыр бир өнөктүк баштоо, кол топтоо үчүн колдонуп жатышат. Бул – интернеттин ачыктык, маалымдуулук үчүн жагымдуу булак болгонун айгинелейт жана коом бул өңүттө улам илгери жыла бере тургандай.
XS
SM
MD
LG