Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

“Ата мекен” партиясы демократиялык принциптердин негизинде иштеген көз карандысыз басылма түзүү демилгесин көтөрүүдө.

Демилгечилердин айтымында, авторитардык режимге каршы турары пландалган бул басылманы түзүү үчүн кайдыгер эмес ишкерлер, саясатчылар, журналисттер, коомдук ишмерлердин жардамы керек.

Кыргызстанда көпчүлүк элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, эч кимдин көзүн карабаган маалымат каражаты жокко эсе. Адистердин пикиринде, анча-мынча эл аралык маалымат каражаттары менен азыркы башкаруучуларга каршы бир-эки адамдын басылмасын кошпогондо өз аудиториясы, кардарлары, эли үчүн иштеген, рыноктук алакага жана эл аралык принциптерге таянган маалымат каражаттары жок.

Андай маалымат каражаттарынын болушу үчүн да атайын шарттар түзүлүүсү керек. Алардын негизгилеринин бири атаандаштыкка таянган рынокту түзүү болуп саналат. Ал үчүн калыс атаандаштык мейкиндикти камсыз кылуучу башкаруу системасынын болушу шарт. Ал эми эл аралык практикада бийликтеги тең салмактуулук, ачыктык гана андай мейкиндикти камсыздаары айкын.

Демилгечилердин айтымында, ушул тапта жогорудагы айтылгандардын маани-маңызын элге талдап берчү, авторитаризм үчүн эмес, демократия үчүн күрөшүүчү басылма аба менен суудай керек болуп турат.

Демилгечилердин бири, “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, түзүлө турган басылма партиялык же кайсы бир топтун эмес, жарандык басылма болушу керек:

- Кыргызстанда электрондук массалык маалымат каражаттары мамлекеттин толук көзөмөлүндө болуп калды. Бул теле жана радио гана эмес, интернеттеги алдыңкы маалымат агенттиктери дагы. Мен Акипресс менен 24.кг деген агенттиктерди да айтып атам. Алар да бийликтин таасиринен улам өздөрүн-өздөрү тизгиндеп, бийлик да кысмакка алып, көп маселелерди ачык айта албай калышты. Мына ушундай кырдаалда көз каранды эмес интернет маалымат каражаттарын, анын кагаз жүзүндөгү түгөйүн же гезит чыгаруу абдан маанилүү болуп турат. Теле менен радио жөнүндө айтуунун да кереги жок. Анткени ага уруксат алуу бүгүн дээрлик мүмкүн эмес.

Ошондой эле Ө.Текебаевдин пикиринде, басылманын бир жактуу болуп кетпеши үчүн “байкоочу кеңеш” сыяктуу бир орган түзүп, анын позициясын баштан бекемдөө зарыл.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, маалымат каражаттарын бизнес катары кароо керек. Ушундай болгондо гана басылма көпчүлүктүн кызыкчылыгын коргоп, өтүмдүү товарга айланат да көпкө жашайт. Мындай маалымат каражаттары керек болуп турганы менен азыркыдай шартта анын жашап кетиши күмөн болуп турат:

- Эми чынын айтканда жаңы бир нерсени ойлоп чыгаруунун кереги деле жок. Батыш өлкөлөрүндө мындай басылмалардын иш алып баруу формалары эбактан бери эле иштеп келатат. Муну келишим түрүндө түзсө деле болот. Негиздөөчүлөрдүн чектелүү гана мүмкүнчүлүгү болот ошол маалымат каражаттын саясатына кийлигишкенге. Калган учурда негиздөөчү дагы, редактор дагы басылманын маалыматтык саясатына кийлигишкенге укугу жок.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматовдун айтымында, демилгечилердин “демократия жана сөз эркиндиги коркунучта” деген чакырыктары чындыкка дал келбейт. Ал эми кандай басылма түзүлсө дагы президенттин маалымат кызматы алар менен иштешүүгө даяр:

- Бул - “маалымат каражаттары оппозициялык маанайдагы саясатчыларды чыгарып атат, чыгарбай атат” деген эле саясатчылардын оюу. Маселен, анын ичинде сиздер деле, “Азаттык” деле чыгып атпайбы. Мен эми Өмүрбек Чиркешович чакырган маалымат каражатын түзүү керекпи же жокпу айта албайм. Эгер коомчулук ошондойду түзө турган болсо, биз алар менен да иштеше беребиз.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикринде, андай басылма түзүлгөндүн эртеси эле куугунтуктарга кабылышы мүмкүн. Андыктан андай басылма түзүлгөн күндө да жашап кетери күмөн. Бирок мындай демилгелердин көтөрүлүп атканынын өзү жакшы көрүнүш.

Көтөрүлүп аткан мындай демилге келечекте ишке ашары же ашпасы азырынча бүдөмүк. Ошентсе да демократиялык принциптерге таянган маалымат каражаттары аркылуу накта демократиялык мамлекет түзүү аракети өчпөй келет.
XS
SM
MD
LG