Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Кыргызстанда сөз эркиндигинин өнүгүшүнө тоскоол болгон бир катар жагдайлар бар. Адистердин баамында, алардын эң негизгиси авторитардык бийликтин барган сайын бекемделиши болууда.

Демократиялык принциптерге таянган эл аралык стандарттарга ылайык, журналист макала же кабар жазууда бир катар принциптерди карманууга тийиш. Алардын негизгилери, жарандардын калыс маалымат алуу укугу, бейтараптуулук, социалдык жоопкерчилик жана чынчылдык, адамдын жеке турмушун жана коомдук баалуулуктарды сыйлоо сыяктуулар.

Адистердин баамында, 18 жылдан бери Кыргызстанга ушул сыяктуу баалуулуктар жакшы жукпай койду. Ага жолтоо болгон бир катар себептер да бар.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, эл арасында сөз эркиндиги тууралуу жаңылыш калыптанып калган түшүнүктөр кала берүүдө. Ага ылайык, сөз эркиндиги деп көпчүлүк, эки жаатка бөлүнгөн маалымат каражаттарынын жаакташуусун түшүнүшөт. Эгер оппозиция жээгиндеги маалымат каражаттары сот жообуна тартыла баштаса “сөз эркиндиги кысымга кабылды” дешет. “Маалымат каражаттары эл менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес институттардын ортосундагы байланыш каражаты болушу керек. А бизде болсо маалымат каражаттары жалаң өз ээлерин пропогандалоого өтүп алышты”,- дейт А.Мамбеталиев:

- Сөз эркиндигинин бар экенинин бирден-бир көрсөткүчү - бул, маселен “Кыргыз Туусу” гезити бийликтин кемчилигин ачык айта алса. Ошол эле өкмөттүк гезиттер, “Эркин Тоо”, ошол эле УТРК бийликке сын айтчу жерде тайманбаса. Мына ошондо гана сөз эркиндиги бар деп айтсак болот. Ал эми бизде мындай болуп атпайбы, өкмөттү сындагандар жана аны коргогондорго бөлүнүп алышкан. Бул жерде эгер сөз эркиндиги чындап болсо, оппозициялык гезит эгер оппозиция туура эмес кылса анын өзүн сындап чыгышы керек.

Ошондой эле А.Мамбеталиев, авторитардык бийлик күчөп аткан өлкөдө сөз эркиндиги тууралуу сөз кылуу кыйын экендигин, Кыргызстан дал ошондой өлколөрдүн катарына кирерин, бул өз кезегинде коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизерин айтат.

Медиа өкүл институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, кандай болгон күндө да ошол эки жээкке өтүп алган маалымат каражаттарынын күчүн салыштырып болбойт. Анткени бийликтин колунда ири медиа каражаттары, административдик ресурстар турат. Ал арада аз-маз оппозициялык маанай күткөн басылмалар куугунтукталып, журналисттер сабалган учурлар көбөйдү:

- 2005-жылдан бери ар дайым журналисттерге чабуулдар катталып келатат. Албетте, мамлекеттик кызматтар алардын журналисттик ишмердүүлүккө тиешеси жок экенин айтып келишет. Ошентсе да “журналист” бул коомдук маанилүү кесип да. Андыктан журналисттерге кол салуу өзүн-өзү цензуралоого алып барууда. Айта кетсек, 2005-жылы журналисттерге 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы 19, 2008-жылы беш кол салуу болгон. 2009-жылдын башынан бери 8 журналист жабыр тартты. Анын ичинде Сыргак Абдылдаев катуу сабалып, башка өлкөгө баш паанек сурап кетүүгө аргасыз болду. Андан тышкары Алмаз Ташиев деген журналист таяктоодон көз жумду. 2007-жылы Алишер Саипов өлтүрүлгөн эле. Ушул эле төрт жыл аралыгында алты журналист башка өлкөгө баш калкалап качып кетишти.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин пикрининде, чынында мамлекеттик маалымат каражаттары бирди айтса, оппозициячылары такыр башканы айтып атып элдин башын айлантып салышты. Ал эми чындык экөөнүн ортосунда калып атканын айткан депутат, калыс, бейтарап чагылдырган маалымат каражаттары бара-бара калыптанарын, ага убакыт керектигин айтат:

- Коомчулукка бир тараптуу, бийликти же оппозицияны колдогон маалыматты таңуулабай, калыс маалыматты таратууну теориялык жактан билгенибиз менен иш жүзүндө аны жасай албай келатабыз. Бул жерде эки тарапта тең кемчилик бар. Оппозицияда да, бийликте да. Ошондуктан биз акырындап жүрүп отуруп ортодогу чындыкты табышыбыз керек. Бирок менин оюмча бул көп убакытка созула турчу процесс.

Медиа тармагындагы адистердин айтымында, ушул тапта даярдалып аткан маалымат каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору чочулоолорду жаратууда. Анткени анда сөз эркиндигине залал келтирүүчү айрым жагдайлар бар. Алар мыйзам долбоордогу маалымат каражаттарын көзөмөлдөөчү, кайра каттоочу органдын түзүлүшүнө, маалымат агенттиктери тууралуу айтылган беренелерге байланыштуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG