Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Франция иш таштоонун толкунунда


Полиция Гранпюи мунай иштетүүчү ишканасынын жолуну демонстранттардан тазалоодо. 22-октябрь 2010
Полиция Гранпюи мунай иштетүүчү ишканасынын жолуну демонстранттардан тазалоодо. 22-октябрь 2010

Француз полициясы Париждин чыгышындагы мунай иштетүүчү ири ишкананы иш таштоочулардан бошотту.

Гранпюи ишканасын пенсия реформасына нааразы жумушчулар 10 күндөн бери ээлеп жаткан эле. Президент Николя Саркози отун-энергетика тармактарында иш таштоолор токтотулбаса, экономика сазга чөгөрүн эскертти. Экономика министрлигинин эсебинче, иш таштоолор Францияга күнүгө 300 миллион евро чыгым келтирүүдө.

Француз профсоюздары 28-октябрь жана 6-ноябрда кайрадан жалпы улуттук иштоо уюштурат.

Өлкөдөгү эң чоң кесиптик союз - CGTнын лидери Шарль Фуляр 22-октябрда Гранпюинин жумушчулары менен болгон кездешүүдө аларды өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого чакырды:

- Бүгүн бийлик биздин социалдык көмөкпулдарыбызга, пенсияларыбызга жана иш таштоо укуктарыбызга каршы жортуул баштады. Кесиптик союздун өкүлдөрүн жана жетекчилерин эми качан камакка алышат?Бул биздин демократиянын башына кара түшкөн учур. Эч качан иш таштаган жумушчулар күчтөп жумушка чыгарылган эмес. Буга чыдап болбойт, жолдоштор. Чыдап болбойт. Жолдоштор, биз айлыкка иштеген жумушчуларды пенсия реформасына каршы, ошондой эле өздөрүнүн эркиндиктерин коргоо үчүн иш таштоого чакырабыз.

Темир жолчулар иш таштоого чакырган ураан менен демонстрация өткөрүүдө. Париж. 21-октябрь 2010

Франциядагы 12 мунай иштетүүчү ишкана менен күйүүчү майларды сактоочу бардык жайларды 10 күндөн берки камалоонун кесепетинен бензин куйчу жайлардын көбү иштебей турат.

Экономика министрлигинин эсебинче, иш таштоолордон өлкө ар күнү 300 миллион евро зыян тартууда. Франциянын аба жолдору болсо күнүнө 5 миллион евро, ал эми өкмөттүк темир жол компаниясы 20 миллион евро чыгым тартышканын билдиришти.

Кесиптик союздар 21-октябрда болгон жыйынында 28-октябрь менен 6-ноябрда дагы жалпы улуттук иш таштоону уюштууну чечти.

Президент Саркози 21-октябрда жумушчулар менен болгон кездешүүдө пенсия жашын жогорулатпай бюджеттеги улам көбөйүп бараткан дефицитти кыскартуу мүмүн болбой жатканын айтты:

- Жаштар бүгүн эмгек рыногуна улам кеч кошулууда. Себеби алар мурдакыдан узак окушууда. Бул жакшы иш. Карылар бара-бара узак жашашууда. Анткени болжолдуу өмүр курагы узарууда. Жумуш курагын узартпасак, бюджет тартыштыгын кантип чечебиз.

Бүгүн Франциянын Сенаты пенсия курагын 2018-жылдан азыркы 60 жаштын ордуна 62ге көтөрүү жөнүндөгү мыйзамды колго салат. Оппозициялык партиялар мыйзам долбооруна ондогон түзөтүүлөрдү киргизип, аны кабыл алууну создуктурууга аракет кылууда. Өкмөт болсо сенаторлорду сунуш кылынган түзөтүүлөрдү бирден карабай, үргөлжөң бекитүүгө же бекитпей коюга чакырды. Өкүлдөр палатасы пенсия реформасы боюнча долбоорду мурда бекиткен.

XS
SM
MD
LG