Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

Дүйнөдө кандай жашап, кандайча ойлонуунун үлгүсүн такыр өзгөртө турган абал түзүлүүдө. Экинчи дүйнөлүк жана “кансыз согуштардан” кийин калыптанган түшүнүктөр азыр өзгөрүлүп эле калбастан, такыр эле жарактан чыккан өңдүү дейт Орусиядагы Russia Today телеканалынын комментатору Петер Лавелл.

Америкалык белгилүү ойчул Фрэнсис Фукуяма (Francis Fukuyama) 1992-жылы өзүнүн атактуу «Тарыхтын аякташы жана акыркы адам» аттуу макаласын жазган. Ошол учурда Фукуяманын андагы негизги идеясы Батыш дүйнөсү үчүн талашкыс чындык көрүнгөн эле.

Фукуяма «Биз кансыз согуштун же согуштан кийинки мезгилдин гана эмес, жалпы эле адамзаттын идеологиялык өнүгүшүндөгү тарыхтын аяктаганына күбө болуп жатабыз» деп жазган. Анын оюна ылайык, СССРдин кыйрашы, кансыз согуштун аякташы жалпы дүйнөдө “Батыштын либералдуу демократиясынын” орношуна шарт түзүп, аны адамзат жарата ала турган өкмөттүн акыркы формасы катары кабылдаганга болоорун көрсөткөн болчу.

«Бүгүн болсо бул ой такыр эле акылга сыйбаган нерседей көрүнүп калды, - дейт Russia Today телеканалынын комментатору Питер Лавелл (Peter Lavelle). - Айрым неоконсерваторлорду кошпогондо, Батышта бүгүн буга чейин сураганга да мүмкүн болбогон суроону бергендер улам көбөйө баштады. Алар экономикада мамлекеттин ролу кандай болушу керек, глобалдык экономика кантип иштеши керек жана азыр «террорист» деп аталып жаткандар бул жараянга тартылышы керекпи-жокпу деген суроолорду көтөрүп жатышат”.

“Азыркы глобалдык каржылык кризис экономиканы гана эмес, дүйнөгө карата Батышта калыптанган ойлорду да ойрондотуп жаткандай. «Батыш либералдык демократиясы» деген идея көбүрөөк Америка Кошмо Штаттары тарабынан монополияланган эле. Аталган идея акыркы 20 жылда орой бурмаланып, Батыштын массалык кыйроого алып келчү идеологиялык куралына айланып калды”, - деп эсептейт комментатор.

Диктатураланган демократия

Анын ишениминде, «кансыз согуш» аяктагандан бери демократия деген түшүнүк жалаң гана Вашингтондун тышкы саясаттагы каалоо-мүдөөсүн үгүттөө дегенди туйдуруп калды. “Глобалдык экономиканы демократиялаштыруу тууралуу биз сейрек угуп калабыз. Мында Орусия менен Кытайга дале шек менен карашат. «Акыйкат базар» деген түшүнүктүн оордуна Батыш экономикасынын гана утушун ойлогон «ачык рынок» деген ураандын үстөмдүгү орноду, - дейт ал.

- Эларалык коопсуздук маселесинде да абал ушундай эле. Бул жерде «Батыштын либерал демократиясы» кайда? Түндүк атлантикалык альянсы (НАТО) ага кайсыл мамлекет мүчө болуп кошулаарына Орусия кийлигише албайт, кийлигишкенге акысы жок дейт. Албетте, акыйкат деп ойлоорсуз. Андай болсо Орусиянын улам күчөп бараткан экспансиясына коркунуч келтирүүгө НАТОго укукту ким берди?”

Дагы бир маселе – демократиялык шайлоолор. Батыш «түстүү ыңкылапты» баштан кечирген Грузия менен Украинадагы шайлоолорду кызуу колдоп чыкты. Вашингтон ичтен сүйүнүп турду эле, бирок убакыттын өтүшү менен бул эки мамлекеттеги саясий окуялардын өнүгүшү бир топ суроолорду жаратууда.

Жыйынтыгында бүгүн Грузия менен Украина эч кандай муратка жете албай, азыр эми жолдон адашкан өлкөлөргө айланышты. Алардагы абалдын начарлашы Орусиянын коопсуздугу үчүн кесепети оор болоору айкын. Абалды оңдогонго далалат кылган Орусияны “авторитардык мамлекет” деп, региондогу жаналгычка айландырышты, - дейт Питер Лавелл.

Б.Бешимов: Демократия адамзат ойлоп чыгарган өкмөттүн эң мыкты үлгүсү катары кала берет
Постсоветтик аймактагы “түстүү ыңкылаптардын” дагы бирин Кыргызстан да көрдү. Бирок профессор, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов азырынча ыңкылаптын баштан кечирген мамлекеттердеги демократиялаштыруу процессине шашылыш баа берүүгө болбос деп ойлойт.

“Булар “Кыргызстанда да 2005-жылы ыңкылап болду. Ошентсе да демократия орнобой эле, авторитардык режимге түшүп кетти” деп биз жөнүндө жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Бирок мунун дагы объективдүү себептери бар. Кыргызстан ушундай мезгилди да баштан өткөрүш керек болчу. Анткени балдын таттуулугун билиш үчүн, уунун ачуулугун сезиш керек. Демократиянын келечектүү доорун баалай билиш үчүн, азыркы “бийликтин зынданында” отуруш керек. Адамзат деген ушундай - алгач бир этаптардан өтмөйүнчө түшүнбөйт. Негизи эле, демократияга жол оңой эмес, өтө татаал”, - дейт профессор Бакыт Бешимов.

Бирок Питер Лавелл өз оюн улантып, Палестинада «Хамас» демократиялык шайлоодо утуп чыкканына карабай, «Батыш либерал демократиясы» азырга чейин ошол шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай келатканын айтат. Бул жөн гана – эки жүздүүлүк, - дейт ал.
“Биз баарыбыз жаңы кырдаалдын алдында турабыз. Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү үчүн бул жеңил болбойт. Бирок ал өзгөрүүлөр айрыкча өзүнө тарыхта «өзгөчө орун» ээлеп койгон Батыш үчүн оор болмокчу. Тарыхтагы ал орун да тездик менен өзгөрүп баратат.

Бүтүн дүйнө ондогон жылдар бою Батыштын жыргалчылыгы үчүн салым кошуп, акыр аягында Америка Кошмо Штаттарын тарыхтагы эң чоң карыздарга айландырды. Бүгүн эми баарыбызга бул жол “жалган идеология” экени айкын болуп отурат. Эми ар ким бир топ мурдараак Батыш тыйуу салган идеяга көңүл коюп, аны сыйлашы керек”, - дейт ал.

К.Абдымен: “Батыш либерал демократиясы” азыр кризисте экени байкалып турат
Чынында эле мезгил өзгөргөнүнө кыргызстандык саясат таануучу Кубан Абдымен да кошулат.

“Азыр глобалдык экономикада кризистин улам күчөп жатышы да демократиясы өнүккөн батыш өлкөлорүндө, биринчи кезекте, Америка Кошмо Штаттарында мамлекеттик башкаруу системасынын алсыздыгын көрсөтүп жаткандай, - дейт ал. - Демократияда мамлекеттин кийлигишүүсү дээрлик болбойт дегени менен, азыркыдай абалда мамлекет банкротко учураган ири ишканаларга колдоо көрсөтүп, абалды оңош үчүн баары бир кийлигише тургандыгын да айгиниледи”.

Лавелл болсо андан ары сөзүн улай: “Эң кызыгы, Фукуяма «Тарыхтын аягы жана акыркы адам» аттуу эмгегинде бир нерсени таамай белгилеп өткөн: Тарых эч качан бүтпөйт, идеологиянын тарыхы бүтөт. Советтер союзунун коммунисттик партиясы дээрлик жыйырма жыл мурда көмүлгөн. Азыркы абалды эске алып айтканда, Фукуяманын «Батыш либерал демократиясы» эми өзүнүн таажиясына камынышы керек. Мен анын таажиясында ыйлабайм, дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү да ыйлабайт”, - деп ойлойт.

P.S. Мында айтылган ойлор Питер Лавеллдин өзүнүн гана көз-карашын билдирет жана “Азаттыктын” позициясына туура келбеши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG