Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Ушул тапта Өмүрбек Текебаев башында турган конституциялык кеңешме иштеп аткан баш мыйзамдын долбоору кабыл алынса Кыргызстан парламенттик-президенттик өлкөгө айланмакчы. Өлкөдө кырдаал дале опурталдуу бойдон калып атса да Убактылуу өкмөттөгү ири партиялар менен катар бир катар партиялар жанданып, күздө болчу шайлоолорго катуу даярдык башталды.

Деги Кыргызстан мындан ары күчтүү парламенттик багыт боюнча саясатын улантып кете алабы? Парламентаризмдин өнүгүшүнө кандай тоскоолдуктар бар?

Учурда кызуу талкууланып аткан баш мыйзамдын долбоорунда бийлик бутактарында тең салмактуулукту сактоого аракет жасалган. Президенттин укуктары кыйла эле чектелүүдө. Маселен президент бир гана мөөнөткө шайланып, мурдагы президенттердей сотторду, прокурорлорду, өкмөт мүчөлөрүн өзү каалагандай дайындай албайт. Эгер президент мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген саясат жүргүзсө парламент ага импичмен жарыялап, кызматтан кетирүү жолдору жеңилдетилген.

Бирок өлкөнүн өнүгүшүнө негиз болуп берет делген баш мыйзамды реформалоо саясаты түзүк бараткандай көрүнгөнү менен олуттуу коркунучтар да бар.

Ички коркунучтар

7-апрелдеги кандуу окуядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттөгү таасирлүү адамдардын көбү ар кыл партияларда турушат. Булар азыртадан күздө болчу шайлоого камданып, таасирлүү адамдарды айланасына чогултуу, саясий упай топтоо аракеттерин кылышууда.

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн эки-үч ири партиядан экендиги, алардын ортосунда талаш-тартыштар болуп турганы тескерисинче кайра жакшы. Негизи эле парламенттик системаларда көп пикирдүүлүк болот жана бул өнүгүүгө, элдин саясий аң-сезиминин өсүшүнө жардам берет.

Ал эми парламентаризмдин өнүгүшүнө коркунуч келтирген ички факторлордон регионализм оорусу, татыктуу партияны эмес эле уруучулукка же тааныш-билиштикке карап шайлап коюу ыктымалдуулугун эске алуу керек. Андыктан шайлоого чейин калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттери алдыда турат:
О.Молдалиев

- Татыктуу партияларды, адамдарды шайлап албай адашып калышыбыз мүмкүн болуп турат. Баягы эле эски менталитетибизге, жердешчиликке түшүп кетсек бул парламенттик багыт деле иштебей калат. Ал тургай шаардагы интеллигенциянын бир катар өкүлдөрү эмоцияга алдырып сүйлөп, “бизге күчтүү президент керек”, “бизге күчтүү парламент керек” деп үстүрт эле айтып атышат. Муну биз терең талдап карашыбыз керек...

Андан тышкары саясат талдоочунун баамында, мурда аты-жыты билинбеген партиялар азыр иштерин жандантып, күзгү шайлоолорго карата күч топтой башташты. Мындай шартта калктын бул жааттагы сабаттуулугунун төмөндүгүнөн пайдаланып криминалдык элементтер, башка шектүү топтор да кийин бийликке аралашып кетүүсү ыктымал.

О.Молдалиевдин пикиринде, эми кандай болгон күндө да аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги көз карандысыз болгондой башкаруу системасын түзүү, баш мыйзамда ушуларды эске алуу зарыл.

Тышкы коркунучтар

Бир катар серепчилер Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө Орусия баштаган кошуна эле өлкөлөр кызыкдар эмес экенин айтышууда. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түрмөнстан, Орусия сыяктуу авторитардык режимдердин лидерлери өз өлкөсүндө да ыңкылап орун алып, бийликтен кол жуушун каалашпайт.

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев бул боюнча мындай дейт:
М.Намазалиев

- Тилекке каршы коңшуларыбыздын бардыгы, Орусия баш болуп авторитардык-диктатордук өлкөлөр бизди чектеп турат. Албетте алар өз мамлекеттеринде Кыргызстандагыдай бийлик алмашуулар болушун каалашпайт.

Маселен Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын жабылышынын Бажы союзуна эч кандай тиешеси жок. Бул Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин саясий чечими болуп калды. Бизде парламентаризмдин өнүккөнү алардын режимдерине коркунуч туудурат. Ошондуктан Кыргызстан жалаң гана Казакстан, Орусия сыяктуу мамлекеттердин рынокторуна гана байланбай, дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен да, Европа, АКШ сыяктуу күчтөр менен да байланышты бекемдеп, алар менен да адамдардын товар алмашууларына жол түзүп берүү керек...

Андан тышкары Украина мисалы да Кыргызстанга кыйла сабак болуп берчү жайы бар. 2004-жылы бул өлкөдө президенттик шайлоодон чыккан чырдан улам Саргылт ыңкылап орун алган. Ал шайлоодо негизги атаандаштык Украинанын ошол кездеги премьер-министри, Кремлге ыктаган саясатчы делип жүргөн Виктор Янукович менен оппозициянын лидери болуп турган Виктор Ющенконун ортосунда жүрүп, шайлоо жыйынтыгында В.Януковичтин азганекей артыкчылык менен жеңип чыкканы жарыяланган. Бирок В.Ющенконун тарапкерлери ири митингдерди уюштуруп, эл аралык уюмдар шайлоо таза эмес өткөнүн айтышкан. Натыйжада кайра шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгында В.Ющенко жеңген.

Эми арадан алты жыл өтүп, быйылкы өткөн президенттик шайлоодо Орусиячыл делген В.Янукович жеңип чыгып, батышчыл саясатчы делген В.Ющенко кыйла эле аз добуш топтогон.

М.Намазалиевдин баамында, Украинада батышчылдардын жеңилиши - экономикалык саясаттын жакшы жүргүзүлбөгөнүнөн улам да болду.

Ошентсе да президент Виктор Янукович эч качан өзүн Орусиячыл саясатчы деп атаган эмес жана мындай суроолор туулган учурда Кремлдин кишиси эместигин, ири алдыда ал Украиначыл саясатчы экенин айтып келатат.

Ал эми Кыргызстанда болсо Убактылуу өкмөттө экинин бири болуп турган, эң кубаттуу делген партиялардын биринин төрагасы Алмазбек Атамбаев болсо өзүн ачык эле Орусиячыл саясатчы деп атоодо.

Партиялар парады

Кыргызстанда жалпы жүздөн ашуун саясий партия каттоодон өткөн. Ушул тапта ошол партиялардын кыйласы ойгонуп, өз ара биригүү аргаларын издеп, шайлоолорго даярдана башташты.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, алдыдагы шайлоолордо 2-3 белдүү партия бийликке келери билинип калды. Ошол партия жетекчилери да азыр бийликте отурушат:
М.Сариев

- Күчтүү партиялардан албетте азыр Социал-демократтар, “Ата мекен”, “Ак шумкар” партияларынын мүмкүнчүлүктөрү чоң. Биз билебиз, азыр Убактылуу өкмөт бийликтеги кадрларды алмаштырып атат. Жер-жерлерде бийлик бутактарына ушул эле партиялардын өкүлдөрү отуруп атат. Ошондуктан ушул фактор да өз таасирин тийгизет.

Негизги делген бул партиялардын тышкары “Ар-намыс”, “Таза коом”, “Улуу биримдик”, “Замандаш”, “Асаба”, “Эркин Кыргызстан”, “Эркиндик”, “Эл добушу”, “Жашылдар” сыяктуу партиялар да күчтүүлөргө биригүү жолдорун издеп, сүйлөшүүлөрдү башташканы айтыла баштады.

Мындай учурда ири саясий партиялар эл арасында аброю бийик саясий жана коомдук ишмерлерди өзүнө имерүү аракетин көрүшөт. Убактылуу өкмөттөгүлөр деле бир канча партиядан куралган. Андыктан булар бири-бирин көзөмөлдөп, эл аралык байкоочулар кеңири катышып, алдыдагы шайлоолор таза өтөрүнө ишеним болуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG