Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Банкирлер алчу бонустарды чектөө жана жаңы дагы кризисте банктарды сактоо - Чоң жыйырманын Питтсбруг шаарында өтчү саммитинин негизги темасы.

Бирок АКШда 24-25-cентябрда болчу саммитке катышчу Чоң жыйырма дүйнөлүк финансы системасын реформалоо боюнча бир

Бонустук төлөөлөрдүн көбүгү жарылды.
Ф. Рейнфельдт.

бүтүмгө келе элек.

Чоң жыйырма апрелде Лондондо өткөн жыйында дүйнөлүк финансылык кризиске каршы күрөшүү үчүн 1 триллион доллар бөлгөн эле. Алты айда экономика бир кыйла кубаттанып, күн тартибине кризисти кайта болтурбоо маселеси чыкты.

АКШ президенти Барак Обама акыркы радиокайрылуусунда белгилегендей,
Президент Обама Чоң жыйырманын Лондон саммитинде кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө.2-апрель 2009-ж.
финансылык кризис чек араны билбегендиктен ар бир өлкөдөн чоң жоопкерчиликти талап кылат:

- Ошон үчүн, Чоң жыйырманын алдыдагы саммитинде дүйнөлүк финансылык системаны коргоп, бейкамдык жана жоопкерчиликсиздик менен кризиске жол койгон дүйнөдөгү эрежелердин кемтиктерин оңдоонун жолдорун талкуулайбыз.

Обама айткан кемтиктин бири - банкирлер алчу сыйпул же бонус. Көпчүлүк чоң бонус банкирлерди тобокелдүү операцияларга түртүп, кризиске шыкак болду деп санайт. Коомчулук жетекчилери миллиондогон доллар бонус алган ири финансылык мекемелерге салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жардам көрсөтүлгөнүнө нааразы.

Евробиримдиктин лидерлери “Чоң жыйырманын” саммитине банктардын чыгашасы өссө, төлөнгөн бонустар кайтарып берилсин деген сунуш киргизмек болду. Же бонустар банктардын кирешесине жараша төлөнүш керек.

“Биздин пикирибизче, бүгүн бонустук төлөөлөрдүн көбүгү жарылды”, - деди Швециянын премьер-министри Биримдиктин өткөн жумадагы саммитин жыйынтыктап жатып.

Кошмо Штаттар Евробримдиктен айырмаланып, бонустарды чектөөгө каршы. Вашингтон банктар күтүүсүз чыгымдарын жабуу үчүн
Чоң жыйырма Лондондогудай эле Питтсбругда да бир пикирге келе алабы?
жеке капиталынын өлчөмүн көбөйтүүсү зарыл деп эсептейт. Бул банктардын карыз берүүсүн жана кирешесин азайтат деген пикирге карабай, сунушту Чоң жыйырманын финансы министрлери колдошкон.
Ошол эле учурда Евробиримдиктин лидерлери банктар коопсуз болуш үчүн финансылык мекемелердин ишин көзөмөлдөөнү катуулатууну каалашат. Эгерде Питтсбругда Чоң жыйырма финансылык көзөмөлдү күчөтүүгө ынанса, банктар соңку кризиске чейинкиден туруктуу болмок, дейт Лондон бизнес университетинин профессору Энтони Клар:

- Менин ишенимиде, биз келерки эки-үч жылда банктарды көбүрөөк акча кармагыла деп сурайбыз. Бирок, банктар көзөмөлдөөчүлөр каалган деңгээлге жетүүсү үчүн убакыт керек. Же беш жылдан кийин гана дүйнөдөгү банктар капиталын акырындап көбөйтүп, талап кылынган абалга жетет. Бул, тилекке каршы, экономикалык өсүүгө тоскоол болот. Мындай тыныгуу дүйнөлүк экономика дем алып алуусу үчүн керектир балким.

Ак Үй июнь айында адвокат Кеннет Фейнбергди ири компаниялардын жетекчи адистерине төлөнчү айлыктарды текшерүү боюнча көзөмөлчү кылып дайындаган.

АКШ Борбордук банкы өз тарыхында биринчи жолу банктардын айлык төлөө саясаты - менеджерлерди тобокелдүү операцияларга түртпөсүн текшермек болууда.

Маалымат үчүн: “Чоң жыйырманын” тобуна: Аргентина, Австралия, АКШ, Британия, Бразилия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Сауд Арабия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Түркия, Евробиримдик кирет. Бул топко кирген өлкөлөр орточо дүйнөлүк дүң жыйымдын 85 процентин өндүрүшөт.
XS
SM
MD
LG