Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

"Чоң сегиздин" ордуна "Чоң он төрт" келеби?


Глобалдык маселелерди талкуулап чечүү АКШ, Британия, Германия, Канада, Франция, Италия, Япония жана Россия курамындагы Чоң сегиздин энчиси болуп кала береби? Бул формат заман талабына ылайык келбесе, жаңы уюмга канча өлкө кириш керек?

АКШ президенти Барак Обама Италиянын Аквила шаарындагы саммиттен кийинки сөзүндө бүгүнкү дүйнөнүн саясый-экономикалык жана башка көйгөйлөрүнө каршы экономикасы тез кубаттанып бараткан чоң мамлекеттерсиз күрөшүү мүмкүн болбой калганын ачык айтты:

Аквиладагы саммитте Чоң сегиздин жана Бештин тобунун лидерлери президент Обаманы кол чаап күтүп алышууда. 9-июль.

- Биз глобалдык проблемаларды Кытай, Индия жана Бразилия сыяктуу чоң өлкөлөрсүз эле жөндөй алабыз деп ойлоо жаңылыштык экени мен үчүн талашсыз чындык.

Аквиладагы саммит - "Чоң сегиздин" форматы эскиргенин жана дүйнөлүк финансылык кризис эларалык майданга жаңы оюнчуларды алып чыкканын да көрсөттү. Ырас эле, саммиттин биринчи күнү гана "Чоң сегиз" өзүнчө чогулса, кийинки эки күнү аларга “5 плюс 1” же Бразилия, Кытай, Индия, Мексика, Түштүк Африка плюс Египет кошулду. Он төрт өлкө кирген форматты Франция президенти Николас Саркози жана Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони ылайыктуу дешет. “G14 келечекте дүйнөлүк экономика эле эмес, башка да маанилүү чечимдерди мыктылап кабыл алчу формат болот деп ойлойм,” деп билдирди Берлускони.

Жаңы форматка "Чоң сегиз" плюс жогоруда айтылган беш өлкө жана Аргентина, Австралия, Индонезия, Түркия, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Европа Биримдиги болуп, жыйырма өлкө кирсин деген да сунуш бар. Ошондо Египет "Чоң жыйырмага" кирбей калат. Быйыл апрелде Лондондо өткөн бул форматтагы саммит глобалдык экономикалык кризиске каршы күрөшүүнүн жолдору талкуулаган.

"Чоң жыйырманын" келерки жыйыны сентябрда АКШнын Питсбург шаарында болот.

Ванесса Росси - Лондондогу эл аралык мамилелерди изилдөөчү падышалык инститтун серепчиси. Институт кеңири коомчулукка “Чатам хауc” деген ат менен белгилүү. Росси айымдын пикиринче, Батыштын банк системасы сыяктуу маселелер "Чоң сегиздин" алкагында талкууланса болот. Башка учурларда проблеманы "Чоң жыйырма" караганы жөндүү, дейт Росси айым:

- Алар банк cистемасынын жаңы дүйнөлүк эрежеси, же климаттын өзгөрүүсү, же дүйнөдөгү жарды өлкөлөргө жардам көрсөтүү сыяктуу глобалдык маселелер тууралуу сүйлөшкөндө "Чоң сегиздин" форматы жарабай калганы айкын-ачык болуп калды. Биз эбак "Чоң жыйырмага" өттүк.

Башка бирөөлөр, анын ичинде Силвио Берлускони "Чоң жыйырманы" өтө эле чоң уюм ийкемсиз болот деп, каршы. Ошол эле учурда "Чоң сегиздин" элиталык клуб болбой калуусун каалбагандар да бар. Россия президенти Медеведевдин жардамчысы “Чоң сегизди жоюп жибергенге али эрте” дейт.

Президент Обаманын айтышынча, жаңы формат ийкемдүү жана жупуну да болушу керек:

- Ар бир адам мүмкүн болчу чакан топко, мүмкүн болчу чакан уюмга кошулууну каалайт. Эгер алар дүйнөдөгү 21 эң чоң өлкө болушса, алар өзүнчө топ болууну каалайт. Алардын өзүнчө бөлүнүп алганы калыстык эмес деп ойлошот.

Ошентип, дүйнөнүн маанилүү маселелерин чечүүчү жаңы эларалык клубдун форматы боюнча талкуу уланууда.

XS
SM
MD
LG