Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Зилзаладан жабыркаган Аквилада Чоң сегиздин жыйыны башталды


Италия. Аквиладагы Чоң сегиздин саммитинин эн белгиси.
Италия. Аквиладагы Чоң сегиздин саммитинин эн белгиси.

Дүйнөлүк экономикалык кризис, климаттын өзгөрүүсү жана Ирандагы президенттик шайлоодон кийинки кырдаал-дүйнөнүн бакубат сегиз өлкөсүнүн Италиядагы үч күндүк саммитинде талкууланчу негизги суроолор болот. Жыйын үч ай мурда катуу зилзаладан жабыркаган Аквила шаарында өтүүдө.

Аквила шаарындагы саммитте Чоң сегиздин лидерлери эң алды глобалдык экономикалык кризиске каршы көрүлүп жаткан чарларды талкуулашат. Аларга бейшемби күнү ылдам өнүгүп бараткан Индия, Кытай, ошондой эле Бразилия, Түркия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлери кошулат. Мунун өзү АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, Франция жана Япония экономикадагы үстөмдүгүн жогото баштаганын жана Чоң сегиз тез кубаттанып бараткан өлкөлөрсүз кризисти жөндөй албасын күбөлөйт. Глобалдык экономикадагы жаңы оюнчулар пайда болгону Чоң жыйырманын апрелде Лондондо өткөн жыйыны айкын көрсөткөн эле. Ушул аптада Европанын экономикалык локомотиви саналган Германиянын канцлери Ангела Меркель айым да дүйнөнү тербетип жаткан проблемаларга каршы күрөшүүдө Чоң жыйырма “чыныгы форумга” айлануусу керек экенин ачык айтты.

Апрелдеги саммитте Чоң 20-нын лидерлери экономикага дем берүү үчүн “дүйнөлүк сооданы жана инвестицияны өнүктүрөбүз, протекционизмге жол бербейбиз” деп макулдашкан.

Мунун өзү Чоң сегиз тез кубаттанып бараткан өлкөлөрсүз глобалдык кризисти жөндөй албасын күбөлөйт.



Аквилада лидерлер климаттын өзгөрүүсү, жарды өлкөлөргө көмөктөшүү жана Африканын өнүгүүсүн, азык түлүк коопсуздугун да талкуулашат. Италиянын премьер-министри Сильви Берлускони билдиргенге караганда, ал Чоң сегиз азык түлүктөн кыйналып жаткан өлкөлөргө 10-15 миллиард доллар бөлөт деп ишенет.

Кытай президенти Ху Цзинтао Чыгыш Түркстандагы катаал жагдайга байланыштуу мекенине шашылыш кайтканы маалымдалды. Кытай өндүрүштүк газдарды абага бөлгөн эң чоң өлкө саналат. Ошондуктан, лидерлер климаттын өзгөрүүсү боюнча жалпы мунасага келе алабы, белгисиз.

Саммитте Иранда 12-июндагы болгон президенттик шайлоодон кийинки жагдай да каралат. “Фарда” радиосунун Италиядагы кабарчысы Ахмад Рафаттын билдиришинче, Аквилада Ирандагы саясый кырдаалга кандай баа берилери Россия президенти Медведев менен АКШ президенти Обаманын Москвадагы сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына жана Россиянын позициясына байланыштуу болот:

- Аквиладагы ар бир адам Москвада эмне талкууланды деп күтүүдө. Себеби, Чоң сегиздин арасынан Россия гана Иранды ар кандай айыптоого каршы болуп, Иранды колдоодо. Премьер-министр Берлускониге жакын чөйрөлөр менен сүйлөшүүдөн баамдашымча, Москвада маселе чеилген эмес Россия Аквиладагы саммитте Иранды айыптоого кайра каршы болот.

Чоң сегиздин тышкы иштер министрлери өткөн айда болгон жыйында Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчө жүрүшүнө чыккан адамдарга каршы коопсуздук күчтөрүнүн күч колдонуусуна саясый баасын берген эмес.

Чоң сегиздин саммити апрелде болгон жер титирөөдө жабыркаган аквиланын элине моралдык колдоо көрсөтүү максатында Аквилде өтүүдө. Зилзалада 300 киши өлүп, 50 миң адам там-жайсыз калган. Үйсүз калган адамдардын көбү али да чатырларда жана мейманканаларда жашоодо. Ал эми сыйлуу коноктор финансы полициясынын мыкты жабдылган жатканасына жайгашат.


Бирок премьер-министр Белускони: “Бул жерде ар кандай жер титирөөдөн коркунуч жок экенине ишенебиз. Финансы полициясы турган чеп зилзалада солк этпейт, коноктор үчүн коркунуч жок”, деп билдирди шейшемби күнү.

XS
SM
MD
LG