Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

2009-жылы дүйнө мурдагыдан тынч эмес болду


Ирак дүйнөдөгү эң бейпил эмес өлкө деп таанлган
Ирак дүйнөдөгү эң бейпил эмес өлкө деп таанлган

Глобалдуу бейпилдик индексине (GPI) ылайык, 2009-жылы дүйнө мурдагыдан тынч эмес болду. Австралиялык Экономика жана Тынчтык институту ушуну менен 4-ирет изилдөө жүргүздү. Анда 23 көрсөткүч, маселен, өлкөнүн аскерий тармакка жумшаган чыгымдары, коңшу мамлекеттер менен мамилелери, адам укуктарынын абалы эске алынган.

Экинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бейпил өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунду Жаңы Зеландия ээледи. Ирак, Ооганстан, Сомали жана Судан мурдагыдай эле эң тынч эмес өлкөлөрдүн тобуна камтылган.

Изилдөөдө БУУ жана Эмнести Интернешнл (Amnesty International) жана бир катар башка уюмдардын маалыматтары колдонгон.

Экономика жана тынчтык институтунун директору Клайд МакКонахжи өткөн жылы негизинен өлкөлөрдүн ички маселелери курчуган дейт:

- Соңку 12 айда дүйнө мурдагыга караганда бейпил эмес болду деген тыянакка келдик. Тактап айтканда, адам өлтүрүү учурлары, коррупция көбөйгөн, айрым өлкөлөрдө саясий бейстабилдүүлүк өкүм сүргөн. Мунун бардыгы бейпилдик деңгээлин аныктаган индекстин 1-2 процентке төмөндөшүнө алып келди.

Албетте, тышкы себептер да чоң таасир тийгизди. Россия Грузия менен согуштун кесепеттеринен улам, 149 өлкөнүн ичинен 143-орунга түшүп кеткен.

Грузия да тынчтык деңгээли абдан начарлаган мамлекеттердин тобуна кирген. Изилдөөгө байкоо салган аналитик Эндрю Уильямсон аны мындайча чечмелейт:

- Грузия демонстрациялардан жабыркап келатат. Саясий бейстабилдүүлүккө күбө болуудабыз, аскерий чыгымдар, курал-жарактын импорту да өстү.

Уруш кучагынан чыга албай, согушкерлердин ар кандай кол салууларынан запкы чегип келаткан Ирактын бул тизмеде акыркы орунга жайгаштырылышы таң калычтуу эмес.

Былтыр да өлкөнүн жаңжалдар көрсөткүчү өтө жогору болду, ошол эле маалда саясий стабилдүүлүк бир аз жакшырды. Ирактан 2 сап өйдө жайгаштырылган Ооганстанда былтыр да абал тынчыган жок. Бейпилдик индексин аныктоодо террористтердин кол салуулары, уруштан качкан элдин жер которушу, НАТО жектеген аскерий операция өңдүү көрүнүштөр албетте эске алынган.

Борбор Азия жумурияттарынан 95-орунду ээлеген Казакстан аймактагы эң бейпил өлкө деп таанылган. Ал Кошмо Штаттардан 10 сап эле төмөн жайгашкан.

Жогоруда айтылгандай Жаңы Зеландияны эң бейпил жана тынчтыкты сүйгөн өлкө деп эсептесек болот. Анын артында Скандинавия мамлекеттери орун алган.

Бейпилдик индексинен тышкары институт финансылык рынок менен жаңжалдардын байланышын изилдейт. Алардын тыянагына караганда, былтыркы абалдын начарлашына кандайдыр бир деңгээлде экономикалык рецессия таасир тийгизген. 2008-жылдын этегинде башталган проблемалар саясий бейстабилдүүлүккө алып келип, туш тараптагы демонстрацияларга түрткү берген.

Кыргызстан Глобалдуу бейпилдик индексине камтылган эмес.

XS
SM
MD
LG