Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

ВАШИНГТОНДУК ЭКСПЕРТ МФВдин КМШ ЭКОНОМИКАСЫНА БЕРГЕН БААСЫНА МАКУЛ ЭМЕС


Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрүнүн экономикасы өткөн 2006- жылы 7, 7 процентке өскөн. Бул көрсөткүч, Эларалык валюта кору же МВФтин маалыматы боюнча, быйыл 7 проценттен кем болбойт. МВФ ошол эле учурда 12 өлкөдөгү инфляциянын деңгээли, экономикалык реформанын жүрүшү жана тышкы инвестициянын көлөмү канааттандырарлык эмес деп эсептейт.

МВФтин жылдык докладына караганда, шериктештик өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүү - баарынан мурда Россия, Азербайжан жана Казакстандагы мунай - газ өндүрүүгө байланыштуу болду. Алсак, былтыр Россиянын экономикасы 6, 7 процентке, Казакстандыкы- 10, 6 процентке, Азербайжандыкы- 31 процентке өскөн. Бул үч өлкөнүн ички дүң продукциясы быйыл былтыркыдан бир же эки пунктка гана төмөн болот деп боолгонууда.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандын экономикасы былтыр араң 2, 7 процентке өссө, быйыл 7 процентке чейин жетиши ыктымал.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасы Борбордук жана Чыгыш Европанын мурдакы коммунисттик өлкөлөрүнөн ылдам алга кетүүдө. Анткен менен, МВФ экс-советтик республикалар- эң алды табигый байлыктарды өздөштүрүүнүн эсебинен өсүүдө, инфляциянын деңгээли жогору, экономикалык реформа жай жүрүүдө, тышкы инвестиция аз тартылууда деген тыянак чыгарат. Мындай пикирге вашингтондук белгилүү талдоочу Андрес Аслунд кошулбайт.
Себеби, Азербайжан менен Казакстандан башка өлкөлөрдө отун энергиясында өсүш жокко эсе. Бул региондун экономикасы бир гана секторго таянбай, көп тармактуу болуп калганын күбөлөйт, дейт Аслунд:

- Эгер шериктештиктин көпчүлүк өлкөлөрүнүн экономикасы сегиз, тогуз процентке өсүп жатса, бул экономикада диверцификация болгонун билдирет. Россиянын экономикасы 7 процентке өскөнү менен, энергия өндүрүүдө көрүнөрлүк жылыш болбоду.

Андрес Аслунд региондо инфляция өсүүдө деп санабайт. Ал украин акчасы- гривень долларга байланып, туруктуу баада алмашканын айтып, жыл ичинде айлык маяналардын бир кыйла жогорулаганын жалпы шериктиштикке тийштүү оң жышаан катары бетке тутат.

Эксперт МВФтин адистеринен айрымаланып, шериктештик өлкөлөрүндө экономикалык реформа ырааттуу жүрүүдө деген пикирде:

-Инвестиция бул өлкөлөрдө бир нече жылдан бери ички дүң продукциянын 20 процентке жакынын түзөт жана экономикалык өсүүгө жолтоо болгон жок. Инвестиция экономикага тийиштүү салымын кошууда.

МВФтин эсеби боюнча, 2002- 2006- жылдары КМШнын экономикасына салынган тышкы түз инвестиция ички дүң продукциянын бештен бирине жакынын түзгөн. Ал эми Чыгыш жана Ортолук Европа өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 50 процентке жакын болот.

XS
SM
MD
LG