Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Россиядагы “шок терапиясынын” атасы көз жумду


Егор Тимурович Гайдар (1956-2009)

Егор Тимурович Гайдар (1956-2009)

16-декабрда Россиядагы “шок терапиясы” деп аталган экономикалык реформанын атасы Егор Гайдар 53 жаш курагында о дүйнө салды.

Белгилүү экономист 1992-жылы жарым жыл Россия Федерациясынын өкмөтүн жетектегени менен бүгүнгө дейре ал жүргүзгөн реформа тууралуу россиялыктар арасында бир пикир жок. Маркумдун саясый орду тууралуу Москвадагы Өткөөл мезгилдин экономикасы институтунун “Саясый экономика жана региондордун өнүгүүсү” долбоорунун башчысы, э.и.к. Ирина Викторовна Стародубовская "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Ирина Викторовна, Егор Гайдар эл оозунда лакапка айланган “шок терапиясынын” атасы саналат. Россиялык экономисттер менен саясатчылардын бир канаты маркумду өлкөнү азык түлүк тартыштыгынан куткарды, эркин экономиканын пайдубалын түптөөчү десе, экинчи жааты элди базар экономикасынын деңизине түрткөн жаналгыч катары көрөт. Сиздин пикириңиз кандай?

И. В. Стародубовская: Мен Егор Тимурович Гайдардын Россиядагы экономикалык өзгөрүүлөргө кошкон салымын туура баалоо өтө кыйын деп эсептейм. “Шок терапиясы” менен башталган реформа туура эмес болду дегендер анын ордуна реалдуу, ишенимдүү жана альтернатива болчу сунушун айта алышпайт. Себеби 1990-жылдардын башында Россияда башка пост-советтик өлкөлөрдөгүдөй эле кырдаал өтө татаал болчу. Россия ошол катаал жагдайда Югославиянын жолу менен барбаганында, жарандык согуштун болбогонунда, элдин ачкачылыктын туткунуна камалбаганында жана башка аңтар-теңтер окуяларды коомдун кыялай өтүп кеткенинде - мунун баарында Егор Тимуровичтин эбегейсиз эмгеги бар.

“Азаттык”: Урматтуу илимпоз, эмне үчүн президент Ельцин 1992-жылы өлкөдө бир жагынан каатчылык, экинчи жактан буюмдарды башма-баш алмаштыруу өкүм сүрүп турган кезде, реформаны жүргүзүү үчүн мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы аз жана илимпоздор чөйрөсүндө кеңири белгилүү Егор Гайдарды тандап алды деп ойлойсуз?

И. В. Стародубовская: Себеби, Егор Тимурович өтө эр жүрөк адам эле. Чындыгында эле, ал кезде көпчүлүк эл Россияда катаал реформага баруудан башка чарасы жок экенин жакшы түшүнгөн. Реформаны жүзөгө ашыруу үчүн өз репутациясы менен кадыр-баркын курмандыкка чалып, атүгүл жанын садага чаап, экономикалык реформаны жасачу адам керек болчу. Егор Гайдар ошондой абдан жооптуу ишке даяр жана барчу адам эле.

“Азаттык”: Егор Гайдар премьер-министрликтен кеткен соң эки жылча өкмөттө иштеп, Чечен согушуна байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Ал ошо бойдон капылет көз жумганча бай тажрыйбасына карабай өкмөткө чакырылбады? Бул жөнүндө эмне дейсиз?

И. В. Стародубовская: Билесизби, өлкөнүн өнүгүүсүнүн түрдүү этаптарына жараша менежер-жетекчилерге болгон талаптар да ар башка болот. Егор Гайдар Россия аябай курч кырдаалды баштан кечирип жаткан мезгилде жана саясый-экономикалык реформа өтө маанилүү учурда өлкөнүн саясый багытын аныктап турду. Кыязы, мындай мезгилге зарыл мүнөз жана сапаттар өлкө тынч өнүккөн жылдары зарыл болбой калат окшойт.

“Азаттык”: Сөз соңунда Егор Гайдардын илимпоздугу жөнүндө да айта кетсеңиз...

И. В. Стародубовская: Ал көптү билген, өтө жөндөмдүү, саясый-экономикалык кубулуштарды иреттүү бир системага сала билген жана бир бүтүн катары карай алган илимпоз эле. Азыр мен экономикада Егор Тимуровичтен башка мындай адамды билбейм жана анын эмгектери экономикада дагы узак жылдар бою классика бойдон кала берет деп ишенем.

“Азаттык”: Ырахмат.
XS
SM
MD
LG