Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Гейтс Кабулда


Пентагондун башчысы Роберт Гейтс жана ооган президенти Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында.

Пентагондун башчысы Роберт Гейтс жана ооган президенти Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында.

Пентагондун башчысы Роберт Гейтс күтүүсүз сапар менен Кабулга келди. Бул жерде ал ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар президент Барак Обаманын ооган стратегиясына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ооган президенти Хамид Карзай бүгүн жаңы өкмөттөгү негизги министрлерин дайындамак болгон эле. Бирок Кабулда Роберт Гейтс менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң өкмөт мүчөлөрүн парламенттин кароосуна эмдиги аптанын этегине барып сунуш кыларын билдирди. Пентагондун башчысы өзү да Кабулга ооган президентине "чынчыл министрлерди" дайындоого кеңеш берүү үчүн келгенин айткан эле.

Гейтс 1-декабрда президент Барак Обама өзүнүн ооган стратегиясын жарыялагандан кийин Вашингтон администрациясынын Кабулга келген жогорку даражалуу биринчи өкүлү болду. Сүйлөшүүлөр учурунда АКШнын Ооганстандагы,жалпы эле ушул аймактагы жаңы стратегиясы, кайра куруу, тынчтык жана улуттук жарашуу маселелери кеп болгонун Карзай маалымат жыйынында ырастады.

Жаңы планга ылайык, кошумча отуз миң контингенттин алгачкы бөлүктөрү жакынкы аралыкта Ооганстанга жайгаштырыла баштайт. Негизги күчтөр февралда жөнөтүлөт, августка барып бардык контингент келип бүтөт.

Кабулдагы сүйлөшүүлөрдө Гейтс жаңы план канча этапта жүзөгө ашырылат, кошумча контингентге кайсы милдеттер жүктөлөт – мунун баары менен ооган жетекчилигин кең-кесири тааныштырып, ошол эле учурда ооган өкмөтүнүн улуттук армиясын, коопсуздук күчтөрүн чыңдоо маселесине стратегияда башкы басым жасалганын алардын эсине салды.

Обаманын планы боюнча ооган жериндеги операциялар 2011-жылдын жайына барып аякташы керек, андан соң өлкөдөн коалициялык күчтөрдү чыгаруу иштери башталууга тийиш.

Бирок биргелешкен маалымат жыйынында Хамид Карзай ооган өкмөтү өз күчү менен армиясын жана полициясын тикелей албайт деп моюнга алды. Бул үчүн жакынкы он беш-жыйырма жыл ичинде Батыштан акчалай жардам керек. "Дүйнөлүк коомчулук, биздин башкы союздашыбыз АКШ өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн кармаганга көмөк көрсөтөрүнө үмүт кылабыз",-деп айтты Карзай.

Гейтс өз кезегинде Вашингтон мындан ары да Кабул өкмөтүнө узак мөөнөттүү колдоо көрсөтөрүн тастыктады, ошол эле учурда мындай көмөк чексиз эместигин да эскертти.

"Биз, албетте,силер каалагандай, аскерлерди көбөйткөн күндө да акыры барып оогандар өздөрүн өздөрү коргошу керек болот, биздин аскерлер азырынча силерге душманды жеңип чыгууга жардамдашып жатат",- деп айтты Гейтс.

Пентагондун башчысы мындан тышкары "Ал-Каиданын" террорчуларына каршы күрөштө Исламабад өкмөтү жардам сураса, Вашингтон Пакистанга да кеңири масштабдуу көмөк көрсөткөнгө даяр экенин бышыктады.

Карзай эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте АКШнын экономикалык, айрыкча аскерий жардамына таянып, алдыдагы беш жылда өз бийлигин чыңдап, бүткүл өлкөгө толук көзөмөл орнотууну көздөйт. Ал ошондой эле коррупцияга каршы да чечкиндүү чаралар көрүлө тургандыгына кайрадан ишендирди.

Көпчүлүк байкоочулар Карзайдын убадаларына ишенүү кыйын дешет. Америкалык аналитиктер, алардын ичинде Мамлекеттик департаменттин мурдагы кызматкери Дэниел Марки экинчи мөөнөткө кайра шайланган ооган президентинен Вашингтон күмөн санап калганын белгилеп, муну сезген Карзай башка жактардан жаңы союздаштарды издей баштады деп эсептешет.

Гейтс айрым аскер бөлүктөрүндө болду жана жоокерлер менен жолугушту.
XS
SM
MD
LG