Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Орус газын Украина өткөрбөй жатат


Суджадагы станцияда "Газпромдун" өкүлдөрү журналисттерге европалыктарга жөнөтүлгөн газ Украинадан ары өтпөй жатканын маалымдашты.

Суджадагы станцияда "Газпромдун" өкүлдөрү журналисттерге европалыктарга жөнөтүлгөн газ Украинадан ары өтпөй жатканын маалымдашты.

“Газпром” Европага кайрадан газ жөнөтө баштаган эле. Бирок аны украиналык “Нафтогаз” өз куурлары аркылуу өткөрбөй жатат. Украин бийликтери транзит үчүн Москва кабыл алгылыксыз шарттарды койду дешет.

Украинанын “Нафтогаз” компаниясы шейшемби күнү эрте шашкеде орустар европалыктарга жөнөтө баштаган “көгүлтүр отундун” алгачкы көлөмүн алгандыгын ырастаган эле. Бирок аны европалыктарга өткөрбөй, куур системасын жаап салганын моюнга алды.

“Нафтогаз” россиялык “Газпром” европалыктарга арналган газдын көлөмүн макулдашкан эмес,анын үстүнө транзит үчүн кабыл алгысыз шарттарды койгон деп эсептейт.

“Газпромдун” орунбасар төрагасы Александр Медведев түзүлгөн жагдай үчүн жоопкерчиликти Украинага жүктөп, мунун айынан Россия европалыктарга газ бере албай турганы тууралуу Еврокомиссияга кабарлады.

Энергокомиссардын басма сөз катчысы Ферран Тарраделяс “Газпром” Украинанын трубаларына чектелген көлөмдө газ бергенин, “көгүлтүр отун” болгону бир корридор боюнча гана жөнөтүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Евросоюздун байкоочулары Россия менен Украинадагы газ бөлүштүрүүчү станцияларга дале киргизиле электигин да ырастады.

Энергетика иштери боюнча еврокомиссар Андрис Пиебалгс эгер газ агымы кайрадан буулуп калчу болсо, анда бул кризистин башкы күнөөкөрү ким экенин Евросоюз ачык айтарын эскерткен эле.

Брюсселде кечээ үч тараптуу меморандумга кол койгон соң Украинанын вице-премьери Григорий Немыра “Газпром” менен европалык керектөөчүлөр ортосундагы согуш аяктап калганын,бирок “Газпром” менен украиналык кардалдар ортосундагы согуш али уланып жатканын, муну чечүү үчүн жалпы аракет керектигин айткан эле.

XS
SM
MD
LG