Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Газа үч миллиард доллар жардам алат


Египет -- эл аралык донорлордун Шарм-эш Шейхтеги жыйыны.

Египет -- эл аралык донорлордун Шарм-эш Шейхтеги жыйыны.

Египетте жакындагы согуштан бүлүнгөн Газага жардам көрсөтүү боюнча эл аралык донорлордун жыйыны ачылды. Ага 80ден ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, алардын ичинде АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон катышты.

Донорлордун бир күндүк жыйыны Кызыл деңиздин кылаасындагы Шарм-эш Шейх шаарында өттү.

Жыйынга палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас эл аралык адиечилерден үч миллиард долларга жуук каражат топтоо үмүтү менен келген эле. Анын көпчүлүк бөлүгү Газанын бүлүнгөн райондору менен инфраструктурасын кайра тикелөө иштерине жумшалат.

Хамасчыларга каршы быйыл жыл башында Израил армиясы өткөргөн аскери операция маалында Газа тилкесинде көптөгөн турак үйлөр, ооруканалар, мектептер, инфраструктуранын көптөгөн башка жайлары майкандалган. Бир миң үч жүздөн ашуун газалыктардын өмүрү кыйылган.

Палестин автономиясына көмөктөшкөнгө ыкыласын билдирген өлкөлөрдүн талабына жараша эл аралык жардамдарды бөлүштүрүүгө Хамас кыймылы катыштырылбайт, анын өкүлдөрү жыйынга да чакырылган жок.

Газа баштагыдай эле хамасчылардын колунда турат, бу жерде алар 2006-жылы шайлоодо жеңип чыгып, бир жылдан соң бардык бийлик структураларынан Аббастын тарапкерлерин сүрүп чыгарышкан.

Жыйынга келген донорлор палестин өкмөтү болжолдогон өлчөмдө жардам көрсөткөнгө убада беришти. Атап айтканда, Газаны кайра тикелөө фондусуна Перси булуңундагы он өлкө1 миллиард 650 миллион, Евросоюз 550 миллион доллар акча кошмой болушту. АКШ болсо 900 миллион доллар каражат бөлөт. Анын 300 миллиону тикелей Газа тилкесине, 600 миллиону палестин автономиясына жардам иретинде берилет.

Вашингтондун бул чечимин жыйында мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жарыялады. Ал ошондой эле Израил менен анын арап коңшулары ортосундагы тынчтыкка жетишүү ишин Кошмо Штаттары мурдагыдай эле колдой турганына, ушул багытта израил-палестин жаңжалын чечүү жагынан активдүү аракеттерди улантарына ишендирди.

Клинтон Египетке жекшемби күнү келди. Шарм-эш Шейхтеги жыйындан кийин ал Израилде жана Палестинада болгону жатат.

Египеттеги жыйынга Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,Евросоюздун тышкы саясатынын жетекчиси Хавер Солана да катышты.
XS
SM
MD
LG