Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Каирде Газадагы кырдаал талкууланды


Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни бейшемби күнү Каирде болуп, Египет президенти Хосни Мубарак менен жолукту. Сүйлөшүүлөр учурунда Газа тилкесиндеги кырдаал талкууланды.

Быйыл жайда Израил менен палестин топтору жарым жылга ок атышууну токтотушкан эле. Бейырасмий ошол келишимдин мөөнөтү өткөн жумада аяктар замат Газадагы абал дароо курчуп кетти. Бир аптанын ичинде эле палестин радикалдары, өзгөчө “Хамастын” тарапкерлери Израилди сексен ирет ракетадан аткылашты. Буга жооп кылып израилдиктер хамасчылардын Газадагы мерчемдүү жайларын бомбалап, алардын үч жоокерин мерт кылышкан эле.

Каирде дал ушул кырдаал талкууланды. “Хамас түшүнүп койсун: биздин тынчтыкка умтулган мүдөөбүз Израил мындай абалга чыдай берет дегенди билдирбейт. Жетишет!” -деп айтты тышкы иштер министри Ципи Ливни Каирде египет президенти Хосни Мубарак менен жолугушкан учурда.

“Хамас” жарашуунун шартын бузду, ал Израилди жана анын тургундарын өзүнүн бутасы кылып алды. Андыктан биз мамлекет өз жарандарын коргоо үчүн эмне кылышы керек болсо, ошону жасайбыз!”-деп эскертти Ливни.

Ливни Каирге египет жетекчилеринин жеке чакыруусу менен келди. Байкоочулар муну менен Каир эки айдан кийин Израилде боло турган шайлоодо ага колдоо көрсөткөнүн ишаара кылды дешет. Израилде шайлоодон кийин өкмөттү жетектөөгө азыркы коргоо министри Эхуд Барак да үмүт кылууда. Бирок аны Мубарак Каирге чакырган жок.

Айрым булактар Газа тилкесинде Израил чектелген масштабда аскерий операция өткөрсө,буга Египет бийликтери көз жумуп коюшу мүмкүн деп жоромолдошот. “Хамас” быйыл сентябрда Каирде палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын партиясы менен белгиленген жолугушууну үзгүлтүккө учураткан эле, Египет бул үчүн “хамасчыларга” кырсыгып каалгандай. Эмнеси болсо да Ливни “Хамастын” Газада үстөмдүк кылып турганын Израилдин эле эмес, Египеттин да проблемасы деп атады жана алдыдагы иштерде жалпы региондун кызыкчылыгы эске алынарын ырастады.

XS
SM
MD
LG