Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Грузияда эстеликти жардыруудан 2 киши набыт болду


Грузияда “Даңк” эстелигин жардыруу маалында ал жерден өтүп бараткан аял жана анын сегиз жашар кызы мерт болушту. Грузиянын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматтарга ылайык, эстелик турган жерге парламенттин жаңы имараты жайгаштырылмакчы. Оппозиция болсо бул эстеликти коргоп калуу үчүн 20-декабрда нааразылык акцияга чыгууну пландаштырып жаткан. Ушундан улам бийлик бул эстеликти шашылыш жардырды деп оппозиция бийликти айыптады.

Совет маалында согушка катышкан аскерлердин урматына Кутаисиде 46 метрге жеткен эстелик орнотулган. 19-декабрда эстеликтин алдына жардыргыч заттарды коюу иштери башталган. Ошол маалда ал жерден өтүп бараткан эне менен кызга эстеликтин сыныктары тийип, кыз ошол жерде жан берсе, анын энеси ооруканага жетпей набыт болду.

Грузиянын Башкы прокурору Муртаз Зоделаванын айтымында, эстеликти бузууда жумушчулар коопсуздук чараларын эске алышкан эмес. Кутаисидеги кайгылуу окуядан кийин Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Имерети аймагынын акими Михаил Чоговадзени кызматтан алды.

Бул окуяга байланыштуу биринчи кезекте Орусия менен Грузиянын оппозиция жаатынын өкүлдөрү нааразылыгын билдиришти. Алар бийлик мындай кадам менен фашизмге каршы күрөштө курман болгондордун элесин кордогонун айтып чыгышты.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Леонид Слуцкий буларды айтты:

- Бул иш Грузиянын президентинин макулдугу менен болду. Окуя күнөөсүз эки кишинин жанын алды. Бул жорукту актоо мүмкүн эмес. Бул жөн гана маскаралоо эмес, бул - мамлекеттик бүлүнтүүчүлүк.

Кутаисинин шаар бийлиги эстелик урайын деп араң турганын, анын колосу уурдалып жатканын, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлерге эстелик башка аймакта орнотуларын билдирди.

“Азаттыктын” Тбилисидеги кабарчысы Георгий Кобаладзе буларды айтты:

- 20-декабрда Кутаисинин шаар башчысы эстеликти шашылыш бузганга байланыштуу имараттын алдында оппозиция өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы өттү. Алар эстеликти шашылыш бузганга буйрук берген башчыны да жоопко тартууну талап кылышты.

Москва жана грузин оппозициясы “бул - Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Грузиянын 700 миң атуулун сыйлабагандык” деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG