Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:35

Грузияда аскердик козголоңго катышы бар командирлер соттолду


Аскер командирлери соттолгон Тбилиси шаардык соту алдында пикет өттү. 11-январь, 2010-ж.

Аскер командирлери соттолгон Тбилиси шаардык соту алдында пикет өттү. 11-январь, 2010-ж.

Сот аскердик козголоң уюштурган деген кине боюнча үч кишини узак жылдарга түрмөгө кести. Грузин-орус урушунда Тбилиси уттурганына нааразы узак митингдерге улай былтыр 5-майда Мухровани базасында көтөрүлүш чыккан.

Ошол Мухрованидеги базада козголоң уюштурган деп айыпталган 3 киши дүйшөмбүдө соттун өкүмү менен 19 жылдан 29 жылга дейре түрмөгө кесилди. Отставкадагы армия полковниги Коба Отанадзе, батальондун экс-командири Леван Амиридзе жана бронетанкалык батальон башчысы Шота Горгиашвили сотто өкмөттү кулатуу максатында аскердик козголоң даярдап уюштурган үчүн күнөөлүү деп табылды.

Мухрованидеги ал козголоңго байланыштуу 40тан ашуун адамга кылмыш иши ачылган, Тбилиси шаардык соттун өкүлү Эка Ачеридзенин айтымында, айыпталуучуларга “өкмөттү кулатуу максатында аскердик көтөрүлүш даярдап жүзөгө ашырган, командирлердин армия жетекчилерине баш ийбөөсүнө шыкак болгон, жардыруучу материалдарды даярдап алып жүргөн, командирлердин аскерлерди мыйзамсыз иштерге аралаштыруусуна көмөктөшкөн, мыйзамдуу бийликке каршы аракеттенген” деген кинелер тагылууда.

Тбилиси шаардык соту бул 40тан ашуун кишинин ичинен 16сын үч жылдан он беш жылга дейре эркинен ажыратты. Анткен менен, атайын күчтөр батальонунун мурдагы командири, генерал Коба Кобаладзе абактан бошотулду. Ага сот мыйзамсыз оор курал-жарак алып жүргөн деген кине тагып, сегиз айга түрмөгө кескен, генералдын тергөө абагында отурган мөөнөтү эске алынып, ал сот залынан эркиндикке чыгарылды.

Кобаладзе кабарчыларга төңкөрүшкө катышы бар деген кине алынып салынаары үч уктаса түшүнө кирбегенин билдирди. Генералдын адвокаты Гела Николаишвили да Кобаладзенин козголоңду уюштурууга байланыштуу айып боюнча акталганы күтүүсүз болгонун билдирди. Адвокат негизи грузин соттору оңой менен күнөөлүнү актабаарын, бирок Кобаладзе күнөөсүз экени айдан ачык болгондуктан, башкача чечим чыгаруу мүмкүн болбой калганын айтат.

Өткөн май айында Тбилисинин чет жагындагы Мухровани танкалык гарнизонунда аскерлер бийликке каршы козголоң чыгарганы маалымдалып, президент Михаил Саакашвилинин буйругу менен армиянын алдыңкы бөлүктөрү дароо ал жакка айдап, бир нече саат ичинде көтөрүлүш басылганы жарыяланган.

Грузиянын бийликтери козголоң Орусия тарабынан каржыланып даярдалганын айтты эле, Москва бул айыптоону “күлкүлүү билдирүү” деп четке каккан. Грузин оппозициясы козголоңду Саакашвилинин өкмөтү атайлап уюштурду, элдин көңүлүн көчөдөгү өкмөткө каршы нааразылык акцияларынан алаксытыш үчүн деп түшүндүргөн.

Козголоңдун башкы уюштуруучулары катары айыпталып, узак жылдарга түрмөгө кесилген үч аскер командири сотто күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Үчөө бирдей чындап эле өкмөттү кулатууну көздөсө, көтөрүлүштү таптакыр башкача уюштуруп, жакшылап пландаштырмакпыз деп кошумчалашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG