Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстандагыдай сыяктуу эле Грузияда да саясий партиялардын бир нерсени макулдашуусу абдан татаал иш. Бирок саясий күчтөрдүн баары мунаса тапкан маселе - өлкөнүн НАТО менен Евробиримдикке кошулуу мүдөөсү эле. Бирок былтыркы жылдын августундагы согуштан кийин бул мунасага доо кеткенинин белгилери байкалууда.

Тбилисинин Илья Чавчавадзе атындагы мамлекеттик университетинин саясат таануу боюнча профессору Гиа Нодиа (Ghia Nodia) атайы “Азаттык” радиосу үчүн жазган комментарийинде белгилегендей, НАТО жана Евробиримдикке кошулуу боюнча грузин элитасындагы мунаса коомдук пикир менен да шайкеш келип турган.

2006-жылы парламенттеги партиялардын баары башка маселелер боюнча пикир келишпестиктерине карабай, жогорудагы мүдөөнү жүзөгө ашыруу аракетинде чогуу турууга антташкан декларацияга кол коюшкан эле. 2008-жылдын январында, жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ эмес референдумда калктын 77%ы да өлкөнүн НАТОго кирүүсүн колдогон. Коомдук пикирди сурамжылоонун андан кийинки тыянактары деле грузиялыктар арасында жогорудагыдай маанай сакталып жатканын көргөзүүдө.

Анткен менен Орусия жана Грузия ортосунда былтыр августа орун алган кыска согуштан соң улуттук мунасага доо кете баштаганынын белгилери байкалып жатат. Оппозиция кызматтан чегинүүсүн талап кылууга өткөн президент Михаил Саакашвилинин өкмөтү мурдагы эле багыттан тайбай турганын убада кылууда. Оппозициянын негизги партиялары, анын ичинде парламенттик оппозиция да батышчыл багытты жактаганы менен НАТО боюнча алардын арасында азыр мурдагыдай биримдик жок.

НАТОдон башка аскерий блокко кошулуу идеясын азырынча эч ким көтөрө элек. Бирок НАТОго мүчөлүктүн ордуна “бейтараптыкка” артыкчылык бергендер чыгууда. Маселен Грузиянын Лейбористтик партиясы - мына ушул концепцияны жайылтып жаткан алгачкы саясий уюм болду. Аталган партиянын лидери Шалва Нателашвили Грузия НАТОго, ага катар эле Орусия Абхазия менен Түштүк Оссетиянын көз карандысыздыгын тааныган соң чыгып кеткен КМШ уюмуна да кайра кошулбастан, обочодо туруусу керектигин эл алдында бир нече ирээт айтты. Грузиялык бул саясатчынын ырастоосунада, “бейтараптык” нукура көз карандысыздыкты тартуулайт. Анткени Грузия өз өкмөтүн Москва же Вашингтонсуз дайындоого муктаж.

Грузиянын радикалык оппозициядагы партиялары болсо НАТО маселесин талкуулоодон оолактап турушат, балким турумдары түрдүү экенине байланыштуу. Бирок айрымдары өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүн колдогон мурдагы милдеттемесинен баш тартууга баруусу мүмкүн экендигин ишара кылышкан.

Бул топтогулар азчылыкты гана түзгөндүктөн, тбилисилик професор Гиа Нодиа Грузиянын багыты өзгөрүп жатат деп чоочулоого азырынча абдан эле эрте, бирок “бейтараптык” Грузия үчүн азыркы шарттарда жарабайт деп эсептейт:

Профессор Гиа Нодиа
- Бейтараптык баарынан мурда Кансыз согуш доорунда орун алгандай, эки карама-каршы лагер өкүм сүргөндө гана мааниге ээ болот. Азыр мындай ачыктан-ачык каршылашуу жок, Батыш менен Орусия ортосунда кандайдыр бир атаандаштык, ошол эле учурда кызматташттык да бар. Андыктан бейтараптыктын мааниси түшүнүксүз. Тагыраак айтканда, бейтараптык – эч бир уюмга кирбөө, дүйнөдөгү интеграциялык жараяндарга катышпоо дегендик. Мындан сырткары НАТО биз үчүн жөн эле аскерий же коргонуу альянсы эмес. Бул - баалуктар боюнча, биринчи кезекте Грузиянын өнүгүүсү үчүн маанилүү либералдык-демократиялык баалуулуктардын шериктештиги. Биз Грузиянын келечегин демократиялык өлкө катары гана көрөбүз. НАТОго кошулуу жараяны, жакын арада кошула албаган күндө да, НАТО өлкөлөрү менен кызматташтык - Грузияны демократиялаштыруу тез жана ийгиликтүү кетүүсү үчүн өтө маанилүү фактор.

Грузиялык профессор Гиа Нодиа атайы “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу жазган комментарийинде эски совет аймагынан “бейтараптык” жарыялап, өзүн-өзү изоляциялаган өлкө катары Түркмөнстандын мисалын эске салат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG