Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Грузияда кармалган оппозиция өкүлдөрүнө иш козголду


Грузия -- Оппозициянын лидери Нино Буржанадзе кырдаалды курчутуу бийликтерге оңтойлуу деп эсептейт.
Грузия -- Оппозициянын лидери Нино Буржанадзе кырдаалды курчутуу бийликтерге оңтойлуу деп эсептейт.

Грузияда соңку эки күн ичинде кармалган оппозиционерлер эки ай камакта отурушат. Бул аралыкта алардын иштери тергелип, күнөөлөрү далилденсе соттолот. Өз кезегинде оппозиция апрель митингдери алдында бийликтер кырдаалды атайылап курчута баштаганын айтууда.

Камалган оппозиционерлердин ичинен экс-спикер Нино Буржанадзенин партиялаш активисттерине ”мыйзамсыз курал сатып алганына” байланыштуу кылмыш иши козголду.

Ал эми ”Грузияны куткаруу” кыймылынын лидери ”мамлекеттик төңкөрүш жана террор уюштургусу келгени үчүн” айыпталды. Эгер анын күнөөсү далилденсе, анда ал он беш жылга түрмөгө кесилиши ыктымал.

Буржанадзе оппозиция арасында апрелдеги митингдерде тополоң чыгарууну, куралдуу козголоң уюштурууну көздөгөн эч ким жоктугун айтып, кырдаалды курчутууга тукурган аракеттердин баары бийликтерден чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Кокус бир кагылыш болуп кетсе, буга шылтоолоп өкмөт өлкөдө чукул режим киргизе салганы жатат.

Өткөн жылы мөөнөтсүз шайлоодо президент Саакашвилиге атаандаш болгон белгилүү бизнесмен Леван Гачечиладзе өкмөттүн азыркы аракеттерин өтө тааныш кадамдар катары баалады. ”Мындай ыкмаларды, менимче, Саакашвили буга чейин да далай ирет колдонгон, -деп айтты ал журналисттерге. – Эсиңерге салып койгум келет: өткөн жылы шайлоо алдындагы өнөктүк маалында коопсуздук органдары Бадри Патаркацишвилини камашып, ага да так азыркыдай эле айыптарды коюшкан. Аны, анын саясий иркектештерин жарандык согуш чыгарганы жатат деп күнөөлөшкөн”.

Грузиянын оппозициялык бирикмесинин лидери Ираклий Аласания өлкөдөгү саясий кыймылдар өкмөттү эл менен бирге тынчтык, конституциялык ыкмада, жакшы ойлонулган кадамдар аркылуу гана алмаштыргысы келерин ырастады.

Шаршемби күнү Тбилисиде Буржанадзе ПАСЕНин Грузия боюнча докладчысы Мэтуес Еорси менен жолугуп, азыркы жагдайды талкуулады. Жолугушуу аяктаган соң Буржанадзе ПАСЕнин өкүлүнө бир катар маалыматтарды жана документтерди бергенин,аларды Еорси өз алдынча иликтеп көрөрүн билдирди.

“Мен кайта белгилем айттым: эгер менин партияман же башка бир тараптын ким бирөө мыйзамсыз иштерге аралашса жана мунусу далилденсе, анда, албетте, аларды эч ким коргогонго аракет кыла албайт”,- деп айтты Буржанадзе.

Грузия: оппозиция өкүлдөрүнө иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:19 0:00

XS
SM
MD
LG