Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Саясий куугунтуктун куну эскирбейт


Эски совет аймагында репрессия жылдары курман болгондорду жыл сайын эскерүү саясий жана адамгерчилик салтка айланган.

Эски совет аймагында репрессия жылдары курман болгондорду жыл сайын эскерүү саясий жана адамгерчилик салтка айланган.

Адам укуктары боюнча Европа соту Грузияны совет мезгилиндеги репрессияда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кун пул төлөп бербегени үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул чечим Сталиндин тушундагы саясий кылмыштардын тарыхый жоопкерчилиги жөнүндөгү маселенин да айрым кыйын-кычык өңүттөрүн козгоду.

Бир тууган ага-ини Клаус жана Юрий Киладзелер бул чечимди жетимиш жыл күтүштү. Өткөн жуманын шейшембисинде адам укуктары боюнча Европа соту алардын ар бирине төрт миң евродон кун акы төлөп берүүгө грузин өкмөтүн милдеттендирди.

"1937-жылдары репрессияланган адамдар арабызда калбады, болсо да бир уучтай чыгат болуу керек. Бирок алардын балдары, урпактары бар, ишти ошолор утуп алышы мүмкүн да", -дейт Клаус Киладзе.

Киладзе быйыл сексен үчкө келди. Анын атасы Сталиндин тушундагы чоң террор кыйгас кызып турганда атылып кеткен. Тбилисидеги үйүн бийликтер ийине-жибине чейин эчтеме калтырбай, опуздап алышкан.

"Апамы саткындын аялы деп сегиз жылга кесип жиберишти, мен анда он бирде, иним тогузда эле, -деп эскерет Клаус. – Адегенде бизди Тбилисидеги балдар үйүндө бир айга жакын кармашты, андан соң Түндүк Кавказдагы жетим балдар үйүнө жеткиришти. Чоң энебиз арызданып жүрүп, эки жылдан кийин ал жерден чыгарып алды".

Киладзелердин апасы лагерден кудай жалгап аман-эсен Грузияга кайтып келет. Сталин өлгөндөн кийин өзүн жана күйөөсүн актатканга жетишет. Советтер Союзу таркагандан кийин Грузияда 1998-жылы аларды ырасмий түрдө саясий репрессиялардын курмандыгы деп таанышкан. Андан бир жыл мурда парламентте атайын мыйзам кабыл алынып, репрессияланган элдердин жана адамдардын укуктарын коргоо чаралары аныкталган.

Ошол мыйзамга ылайык ага-ини Киладзелер өкмөткө кайрылып, кун пул төлөп берүүнү талап кылышат. Бирок грузин соту өлкөдө кимге канча өлчөмдө чыгым акы төлөп берүүнүн жол-жобосу, тартип-тарыйкасы аныктала электигине таянып, алардын доосун четке кагат. Ошондон соң алар адам укуктары боюнча Страсбургдагы сотко кайрылышкан эле. Сот грузин бийликтерин бул маселедеги мыйзамдарын тез арада жөнгө келтирип, ага-ини Киладзелерег кун пул төлөп бергенге милдеттендирди.

Страсбургда Киладзелерге жардамдашкан лондондук адвокат Филип Лич соттун чечиминде конкреттүү чаралар көрсөтүлгөнүн, грузин өкмөтү өз мыйзамын тез арада күчүнө киргизгенге, мындай төлөмдөр үчүн бүжет эсебинен атайын фонд ачканга милдеттендирилгенин өтө маанилүү жагдай катары белгиледи.

Грузияда ушундай төлөмгө талаптанганга укугу бар адамдар саны болжолдо 16 миңге жетет. Өлкөнүн юстиция министринин орунбасары Тина Буржалиани бул иште Россиянын орду жөнүндөгү маселе козголбой калганына өкүнүч билдирди.

"Россиянын жоопкерчилигин бу жерде талкуулап отургум жок, доо арыз Грузияга каршы берилгендиктен сот айып төлөй тургандардын чөйрөсүн кеңейте алган жок. Добогерлер менен иштеген адвокаттар маселенин ушул өңүтүн козгошкондо дурус болмок",-деп айтты ал.

Страсбург сотунун чечими Грузияны орустар күчкө салып оккупациялап алган, совет мезгилиндеги саясий кылмыштардын бүткүл жоопкерчилигин Россия көтөрүшү керек деп эсептеген жергиликтүү тургундарды нааразы кылышы мүмкүн. Өзгөчө Саакашвилинин өкмөтү ушул көз карашты жайылтканга жакшы салым кошуп жатат.

Ошол эле учурда көптөгөн грузиндер мындай көз карашка кошулбайт. Киладзелерге Страсбург сотунда жардамдашкан Тбилисидеги жаш юристтер бирикмесинин башчысы Тамар Хидашели грузин мамлекети 1997-жылдагы мыйзам менен кошо жоопкерчиликти да өз мойнуна алганын, ал жерде Грузиянын бул иштерде күнөөсү жок, бардык иш үчүн Россия жоопкер деп айтылбаганын баса бөлүп көрсөттү.

"Грузия Советтер Союзунун бир бөлүгү болгону чын, бирок унутпайлы: Грузиянын өзүндөгү жетекчилердин чечими менен деле саясий репрессиялар жүргүзүлгөн",-дейт Хидашели.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG