Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Европалык комиссия: былтыркы согушту Грузия баштаган


Москванын Брюсселдеги элчиси В.Чижов европалык комиссия докладын көргөзүүдө. 30-сентябрь, 2009-ж.
Москванын Брюсселдеги элчиси В.Чижов европалык комиссия докладын көргөзүүдө. 30-сентябрь, 2009-ж.

Брюсселде былтыр Орусия менен Грузия ортосунда тутанган согуштун себептерин иликтеген доклад жарыяланды.

Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалган докладда согушка катышкан эки тарап эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузганы, Грузия Түштүк Осетия тарапка биринчи чабуул коюп, Орусиянын ага каршы аскердик операциясы бардык чектен ашканы баяндалат.

Швециялык дипломат Хайди Тальявини жетектеген эл аралык комиссиянын доклады адегенде Брюсселде чогулган Еврошаркет элчилерине тааныштырылып, андан соң жалпы коомчулукка сунуш кылынды. 500 беттен турган документтин үстүндө 30дай аскердик эксперт, тарыхчы, юрист, дипломаттар иштеди.

Евробиримдик өкүлдөрү былтыркы беш күндүк согуш үчүн ар кимге сөөмөй кезегенден пайда чыкпайт, андан көрө тараптар бири-бирин күнөөлөгөн этапты жаап, эми чөлкөмдөгү кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун издөө зарыл деген пикирге көбүрөөк ыктагандай. Андыктан Тальявини жетектеген комиссия докладында анчалык деле чоң жаңылык айтылбаарын “Азаттыкка” Евробиримдиктин Түштүк Кавказдагы атайын чабарманы Питер Семнеби алдын-ала маалымдаган.

- Согуштан бери бир жылдан ашуун мезгил өттү, ал тууралуу бир катар изилдөө, докладдар жарыяланды, ошондуктан негизги окуялар көпчүлүккө дайын десек туура болор. Бул доклад абдан кеңири жазылгандыктан, анда бир нече жаңы факт табылышы мүмкүн, бирок анда былтыркы окуялар кандай өнүккөнү тууралуу жалпы түшүнүктү түп-тамырынан өзгөртө турган фактылар айтылат деген ойдон алысмын.

Евробиримдик өкүлдөрү билдиргендей, докладда күнөө эки жакка бирдей тагылды. Орусия далай жылдан бери жикчил Абхазия менен Түштүк Осетияны өз тарабына буруп, бузукулук аракеттер көрүп келгени, чыдамы кеткен Тбилиси ага каршы ашкере албууттанып, озунуп ок ачканы баяндалат.
Бирок бул документте айтылгандарды эки тарап өз ыңгайына тарта чечмелеп киришти.

Грузиянын кайра биригүү министри Темур Якобашвили шаршембиде Тбилисиде өткөн маалымат жыйынында буларга басым жасады.

- Документте согушту Грузия баштаган деп айтылбайт, муну баса белгилеп кетмекчимин. Докладды ошентип чечмелегендер жаңылышат. Ал гана эмес, докладда согуш 7-чи, же 8-августта башталган эмес, ага чейин узак убакыт бою аскердик провокациялар орун алган деп маалымдалат.

Орусиянын Евробиримдиктеги элчиси Владимир Чижов “докладда айныксыз бышыкталгандай, согушту ким баштаган деген суроого ачык-айкын жооп берилет. Ага ылайык, Грузия былтыр августтун 7синен 8ине караган түнү Цхинвали тарапка граната менен ок жаадырган”, - деп белгиледи.

Былтыр беш күнгө созулган салгылаштан кийин орус армиясы грузин аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиядан сүрүп чыгарып, жикчил чөлкөмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныган. Азыр да эки чөлкөмдө тең орус армиясынын миңдеген аскерлери, согуштук техника, курал-жабдыгы жайгаштырылып, ушу күнгө дейре ал жакка эл аралык байкоочулар киргизилбейт.

Былтыр согушту токтотууга арачылык кылган Евробиримдик Орусия жана Грузия менен кызматташтыгын бекемдөөгө кызыкдар. Москва менен энергетикалык жана башка байланышын чыңдоо зарыл болсо, Тбилиси Чыгыш өнөктөштүк программасынын активдүү мүчөсү катары баалуу. Согуштан бери Евробиримдик колдоосун азайтты деп нааразы болгон Грузия эми шаршембидеги докладда айтылгандарга кулак түрүп, Брюссель жардамын үзбөсө болду деп үмүттөнүп турган чак.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG