Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

БУУ: ТАЛКУУ БОРООНУ АЛДЫНДА ТУНЖУРОО


Маскөөнүн Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин капысынан таануусунан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши шаршембиге караган түнү эч кандай иш-аракет көргөн жок. Албетте, БУУдагы бул тунжуроо – алдыдагы арбын саясий талаш-тартыштарга чейинки убактылуу гана жагдай экени түшүнүктүү. Эми мурда Франция сунуштаган, андан соң Орусия тарап да сунуштаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынын эки долбоору тең жаңы кырдаалга жооп бербей калды.

БУУнун жетекчилиги соңку окуяларга тынчсызданууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын басма сөз өкүлү Мишел Монтас айым (Michele Montas) шейшембиде таң заарда (Нью-Йорк убактысы боюнча саат 04:00тө) Пан Ги Мун мырза ойгонуп, Орусиянын БУУдагы өкүлчүлүгүнөн кат алганын, анда расмий Кремл Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин тааныгандыгы билдирилгенин маалымдады.

БУУнун Баш катчысы бул соңку окуялар мындан аркы Грузиядагы кырдаалды жөнгө салуу, аймакта БУУнун байкоочулар тобун кармоо жана Коопсуздук Кеңешинде тынчтык жараяны маселесин талкуулоо үчүн кыйла жаңы тоскоолдуктар жаратып жатканын дурус билет, дейт анын басма сөз өкүлү Монтас айым:

- Окуянын бүгүнкү өнүгүүсү Кавказдагы аймактык коопсуздук жана туруктуулук үчүн алда канча кеңири деңгээлде таасир тийгизиши ыктымал. БУУнун Баш катчысы Грузиядагы жаңжалды чечүү үчүн орток жол табуу багытында Коопсуздук Кеңешинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер эми кыйла татаалдашы мүмкүн деп өз өкүнүчүн билдирет.

Орусия өз кадамын туура деп санайт

Ал эми Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мырза болсо шейшембиде Нью-Йоркто өз алдынча маалымат жыйынын өткөрүп, Грузиянын бийлигин кескин сынга алды жана грузин-орус жаңжалына чек койууга багытталган келишимдин алты принцибин тең Орусия аткарып келди деген пикирин баса белгиледи:

- Эгерде сиз “күнөөнү оодаруу оюну” менен алектенгиңиз келсе, анда мен сиздерге бир нерсени айтып койоюн. 12-августта президент Медведев менен президент Саркози алты принципти жарыялады, анда Абхазия менен Түштүк Осетиянын макамы тууралуу эл аралык талкууну баштоо жөнүндө түздөн-түз шилтеме бар болчу. Бирок бул шилтеме түшүп калды. Биз аны алып салууга аргасыз болдук, анткени президент Саркози ушуну суранды. Чынында, бул Саакашвили мырзага, менимче, анын америкалык же башка кайсы-бир кеңешчисинин “мындай болочокку макам тууралуу талкууну өткөрүү дурус эмес иш болоор эле” деген жакшы бир кеңешинин айынан болду шекилдүү. Демек, дал ошолор ушундай дипломатиялык мүмкүнчүлүктөн дароо четтеп баса берген тарап болушту.

Айтмакчы, орусиялык элчи өз сөзүнүн эч бир жеринде Михаил Саакашвилиге карата “президент” сөзүн колдонгон жок жана алдын-ала даярдалган анын сөзүнүн текстинде эки ирет “Грузиянын болочокку жетекчилиги” деген сөз айкашы учурады.

Маскөө Тбилисидеги өкмөттүн алмашуусун каалап жатканы Чуркин мырзанын сөзүнөн сезилип турду.

Чуркиндин оюнча, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместикти алуусу үчүн Косоводогуга караганда алда канча көбүрөөк жүйө бар.

Грузия Орусиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлүк макамына кападар

Ал эми Грузиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ираклий Аласаниа (Irakli Alasania) болсо шейшембиде Нью-Йоркто өзүнчө маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Орусияны “баскынчы” деп байма-бай атап жатты.

- Эгерде бул иш-чараларды эл аралык коомчулук кабыл алчу болсо, анда дүйнө жүзүндө чет өлкөлүк аскер күчтөрү жана ар кыл топтор өз мүдөөсүнө жетүү жана көз каранды эместикти алуу үчүн зомбулукту жана улуттук тазалоочулукту колдоно алат экен да! Бул деген үчүнчү бир тарап мындай топторду куралдандыруу, сактап кармоо жана багыттоо аркылуу дүйнө картасындагы чек араларды өзгөртө алат дегенди туюнтат. Бул – Грузия үчүн кабыл алгыс жагдай.

Аласанианын оюнча, “баскынчы мамлекеттин өзү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп жаткан чакта”, бул уюмдан кандайдыр-бир алгылыктуу чечим күтүү да кыйын.

Айрым дипломаттар Орусиянын бул кылыгы аны менен сүйлөшүп, арачылык жүргүзгөн француз президенти Саркозини жаакка чапкандай эле таасир калтырды дешүүдө.

Расмий Грузия болсо эч кандай согуш жолуна барбастан, дипломатиялык, экономикалык жана башка аргалар аркылуу Орусиянын Тбилиси “мыйзамсыз” деп санаган иш-аракетине каршы эл аралык күрөштү чогуу-чаран жүргүзүү ниетин билдирди.

Орусия болсо дүйнөнүн башка өлкөлөрүн да Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таанууга чакырууда.

ШКУ саммити эртең эмне дээр экен?

Эртең (28-августта) Дүйшөмбү шаарында өз ишин баштай турган Шанхай Кызматташтык Уюмунунун саммити да бул маселеге кайрылышы күтүлөт.

Бирок, лондондук адис Метью Клеменц (Matthew Clements) сыяктуу серепчилердин айтымында, Тибет жана Чыгыш Түркстан (башкача айтканда, Уйгурстан) жикчилери менен тирешип жаткан расмий Бээжин бул жаатта Маскөөнү колдоого албай турганы чындыкка жакын.

XS
SM
MD
LG