Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Human Rights Watch уюму былтыр Түштүк Осетиянын айынан жүргөн оруз-грузин согушу боюнча 23-январда баяндамасын жарыялады. Анда уюм эки тарап тең эларалык укуктагы согуш боюнча мыйзамдарды орой бузушканын айтты. Түштүк Осетиянын аскерлери да грузиндер жашаган айылдарда «этникалык тазалоо» өткөрүшкөнү үчүн айыпталды.

Грузия менен Орусия бири-бирине жасаган чабуулдарды Human Rights Watch бул баяндамасында «ой келди коюлган сокку» деген мааниде атады.

200 беттен турган баяндамада айтылган негизги корутунду: конфликтте көптөгөн мыйзамдардын бузулушуна Орусия да, Грузия да, Түштүк Осетия да күнөөлүү. Грузиялык аскерлер Түштүк Осетияда жөнөкөй тургундардын коопсуздугуна тынчсызданышкан жок. Өз кезегинде, Түштүк Осетиянын бийликтери аскерлер менен жөнөкөй тургундарды бири-биринен айырмалап алгыдай аракеттерди жасашпады.

Уюм орус аскерлери да, грузиндер да «Град» деп аталган ракетаны колдонушкан деген шек бар экенин айтат, бирок буга далил келтирбейт. Орусия жүздөгөн грузиялык жөнөкөй тургундардын өлүмү үчүн, дагы он миңдеген адамдар там-жайсыз калганы үчүн айыпталды. Көптөгөн грузин качкындары азырга чейин өз үйлөрүнө кайта албай жатышканы белгиленди.

Түштүк Осетиянын аскерлери болсо региондо жашаган этникалык грузиндердин мүлкүн талап-тоноп, аларды ур-токмокко алышкан, грузиндерди мыйзамсыз эле камакка алып, кээ бирлерин атып да салышкан деп сынга алынды. «Мындай аракети менен осетиялык аскерлер ал жактагы грузиндерди коркутуп, аларды Осетиядан такыр кууп чыгарууну каалашкан», - деп айтылат баяндамада.

Кийин Москва да, Тбилиси да согуштун артынан өздөрүнүн иликтөөлөрүн башташты. Human Rights Watch уюмунун изилдөөчүсү Анна Нейстат «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, грузиялыктардын иликтөөлөрү көп маанилүү маалыматты бергенин, ал учурда орусиялыктар көп суроолорду жоопсуз калтырышканын айтты.

Нейстат согуш башталганда Москва Тбилисини Түштүк Осетиядагы элди кырып жок кылганга аракет кылган деп айыптаганын, геноцид боюнча айыптоолорун кийинчерээк Орусия кичине жумшартып, 162 адамдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти грузин аскерлерине такканын айтат. Бул ага чейин айтылгандан алда канча аз. Булар боюнча Нейстат Орусиядан тийиштүү жооп ала албаганын кошумчалады. «Азыр маалымат ачык айтылбай жатканы көңүлдү калтырат, - дейт изилдөөчү. - Анткени конфликттин башталышында натуура кабарлар көп айтылган. Орус бийликтери өздөрүнүн иликтөөлөрүнүн жок дегенде алдын ала жыйынтыгын азыр чыгарышы керек. Согушка ким жооптуу экенине жана чынында эмне болгонуна орус тараптан түшүндүрмө берчү маалымат алигече айтыла элек».

Мындан сырткары, согушка катышкан тараптар бири-биринин адамдарын согуш бүткөндөн беш айдан ашса да кармап турушкан деген кабарлар айтылды. Алар, негизи, туткундагыларды алмаштырып алышкан, бирок айрымдары мыйзамсыз түрдө эле камалып кеткен деген сөздөр айтылып жатат. Анна Нейстат бул маселе аталган уюмдун келерки изилдөөсүнө кире турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG