Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

С. Алиева: “Тынчтыктын баасы согушта билинет”


БУУдагы “Тынчтык коңгуроосу”

БУУдагы “Тынчтык коңгуроосу”

Бүгүн дүйнө эл аралык тынчтык күнүн белгилөөдө. Бул күндүн мааниси жер шарындагы бейпилдикке, согуш отун өчүрүүгө тилектештикти билдирүү.

Бул күндү тилине, динине, өңүнө, жашына карабастан ар бир улут, өлкө, адамдар белгилешет. Дал ушул күнү Улуттар Уюмунун баш кеңсесиндеги дүйнө балдары чогулткан тыйындардан жасалган “Тынчтык коңгуроосу” кагылат.

Саламат Алиева – батыш Грузиянын Зугдиди шаарында 1993-жылдагы абхаз-грузин жаңжалынын запкысын тартып, өз үй-жайын таштап, жер которууга мажбур болгон адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүп иштейт. Ал телефон аркылуу “Азаттыкка” маек куруп берди.


- Саламат, учурдагы ишмердүүлүгүң тууралуу айтып берсең?

- Биз өлкө ичиндеги жер которгон адамдар менен иштейбиз. Башкача айтканда, Абхазиядан Грузияга качып келген адамдарга жардам көрсөтөбүз. Тактоо ирээтинде айтып коюум керек - Абхазиянын эгемендүүлүгүн азырынча дүйнөдөгү үч гана өлкө тааныгандыктан, Абхазия эл аралык системада Грузиянын бөлүгү болуп эсептелет жана Грузияга качып келген абхазиялыктардын “качкын” макамы жок. Аларды өлкө ичинде жер которгондор деп коюшат.

Зугдидидеги жер которгондор жашаган үй
Учурда Зугдиди шаарынын аймагында кырк беш миңден ашуун айласыздан жер которгон адамдар бар. Алардын бул жерге келгенине он беш жылдан ашуун болсо дагы, жамаат-жамаат болуп топтошуп жашашат. Мындайча айтканда, согуштан качып келген абхазиялыктар шаардагы чоң-чоң имараттарга тобу менен кирип баш калкалоого мажбур болушкан, ошол тейден ушуга чейин эң жаман шарттарда күн өткөрүп келишет. Согушка чейин болсо алар Абхазиянын Гали, Сухуми сыктуу чек ара аймактарында жашашкан.

Маселен, Гали аймагы Абхазиянын курамында болгону менен ал жерде грузиндер жашайт дагы Грузия-Абхазиянын ортосундагы талаштуу жер болуп эсептелет. Грузия өкмөтү ал аймакка кире албайт, ал эми Абхазияда жашаган жөнөкөй грузиндердин ичинде Абхазиянын жарандыгын алууну каалабагандары да көп. Айтор, согуштун айынан жөнөкөй адамдар өз үй-жайын таштап, өз Мекенинен куулуп, чайналып жашап келишет.

Грузин-Абхаз чек арасы, Гали суу сактагычы


- Саламат айтсаң, турмуштун айынан башка жерде күн өткөрүп жаткандар үчүн баарынан эмне кымбат? Өз мекенин сагынышса керек?..

- Ой, бул абдан кыйын суроо го... Мен Кыргызстандан бул жерге келип, булар менен иштешип жатып муну байкадым. Менимче, алар үчүн “Мекен” деген азыр ким кайда жашап жаткан жер болсо керек. Минтип айтып жатканым, согуш бүткөндөн кийин келгиндердин көбү кайра Абхазияга кайтып барышканы менен күн көрүүнүн айынан Грузияга келүүгө мажбур болушкан. Грузиядан Абхазияга, Абхазиядан Грузияга келип-кетип бушайман болгондор көп.

Жашоонун айласын табуу үчүн ары-бери чарпылгандар “Мекен” дегенди бизден башкача түшүнүп калаарын байкадым. Согуш запкысын тарткандардын көзү менен караганда, Мекен деген – эң башкысы тынчтык, бейпилдик берген жер, анан адам үчүн эң зарыл богон үй-жай, тамак-аш жана жумушка мүмкүн шарт го дейм....

Саламат жергиликтүү артисттер менен
Анан дагы, эң кызыгы - өзүң билгендей, грузиндер вино-шарап менен кечти өткөргөн салты бар да. Ар бир кечте, ким, кайда болбосун сөзсүз тычтык үчүн тост көтөрүшөт. Алар канча нерсени башынан өткөрдү да, ошондуктан бейкуттук-тынчтыктын барк-баасын алар гана түшүнөт деп ойлойм.

- Саламат, өзүң дагы Кыргызстандан алыс жүрүп, өз мекениң тууралуу эмне деген ойдосуң?

- Бул жердеги жаңжалдардын айынан үй-жайынан, жакындарынан ажыраган адамдарды карап туруп Кыргызстанда жашоо жаман эмес экен деген ишенимге келдим. 1991-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан башка биздин өлкөдө кан төгүлгөн араздашуу жок. Биз бейкут жашоодо өмүр сүрүүдөбүз. Албетте, экономикалык оорчулуктар болууда дечи. Жалпысынан айтканда, мен бул жерде тынчтык, өмүр, үй-бүлө, үй-жай деген эмне экенин жана анын баасы канчалык экенин түшүндүм.

Биз көмөк көрсөтүп, жардам берген адамдар өз үйүм болсо деп тилек кылышат. Мен айткандай, алар убактылуу жайларда он-он беш жылдап жашап келишет. Грузин өкмөтү алар жашаган жайларды кайра алып коюшу да ыктамал. Ал эми Абхазияда болсо согуш учурунда алардын үй-жайы бузулган, көбүнүкү жашоого жараксыз болуп калган.

Грузияда алар жергиликтүү эл менен бир тилде сүйлөп, бир динди тутуп, бир маданиятты бөлүшсө дагы “келгиндер, чоочундар” болуп эсептелишет. Бул ат алардын мууну алмашмайынча өчпөсө керек. Бирок кандай болсо да, алар бейкуттуктун ар бир күнүн баалашат жана согуш болбосо бардык кыйынчылыктарды жеңсе болот деп каниет кылышат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG