Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Грузин оппозициясы “атуулдук баш ийбөө өнөктүгүн” баштады


Саакашвилини президенттиктен кетүүгө чакырган демонстрациянын катышуучулары парламенттин маңдайында. 10-апрель,2009
Саакашвилини президенттиктен кетүүгө чакырган демонстрациянын катышуучулары парламенттин маңдайында. 10-апрель,2009

Грузин оппозициясы Михаил Саакашилини президенттиктен кетирүү максатында жума күнү “атуулдук баш ийбөө өнөктүгүн” баштады. Саакашвили көчө жүрүшчүлөрү талап кылса эле бийликтен кетпесин айтып, оппозиция лидерлерин ынтымакка жана өз ара сүйлөшүүгө чакырды.

Михаил Саакашвили президенттиктен кетүүдөн баш тартканга байланыштуу грузин оппозициясы “жалпы улуттук жарандык баш ийбөө өнөктүгүн” баштады.

Мөөнөтсүз акция тууралуу Консервативдүү партиянын тең төрагасы Каха Кукава 10-апрель күнү Тбилисиге чогулган 25 миңдей адамдын алдында жарыя кылды:

- Эң маанилүүсү - биз бүгүн өкмөткө акцияларыбыз токтоп калбаганын, катышуучулардын катары суюлбай бирдей сандагы адамдар чогулуп жатканын көрсөттүк. Келерки күндөрү да биздин демонстрациябыз улам күчтөнүп, түрдүү жерлерде чоң дем менен өтүп жатканын бүтүн дүйнөгө көрсөткөнүбүз аябай маанилүү.

Бейшемби күнү оппозиция лидерлери Саакашвилиге бийликтен кетүүсү жана кезексиз президенттик шайлоону чакыруусу үчүн 24 саат убакыт берип, эгер алардын талап аткарылбса, жаңы планын шардана кыларын эскерткен эле.

Саакашвили көчөгө чыккан эл талап кылса эле президенттикти таштап кетпесин билдирди...


9-апрель - демонстрациянын биринчи күнү нааразылык чарасына кеминде 50 миңдей адам чыккан.

Бул 2003-жылы Михаил Саакашвилини бийликке алып келген “Роза ынкылабынан” берки эң чоң демонстрация болду.

Атайын даярдалган полиция күчтөрү Грузия парламентинин имаратын оппозиция тарапкерлеринен күзөтүүдө, 10-апрель

Михаил Саакашвили жума күнү эртелеп президенттик резиденциядан жасаган сыналгы кайрылуусунда көчөгө чыккан эл талап кылса эле бийликти таштап кетпестигин билдирди.

Анын президенттик мөөнөтү 2013-жылы аяктайт.

Оппозиция Саакашвилини бийликти монополиялап алды, “Роза ынкылабы” учурунда берген убадасына жараша демократиялык реформаларды жүргүзбөдү, 2008-жылдын августунда Орусия менен болгон согушту натуура жүргүздү деп күнөөлөп жатат.

Саакашвили 10-апрелдеги сыналгы кайрылуусунда экономикалык, коопсуздук жана демократиялык реформа боюнча оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин, элдин нааразылыгына экономикадагы оор жагдай шыкакчы болуп жатканын айтты:

- Букараларыбызда азыр оор турмуштан улам үмүттөрү өчүп, маанайлары пас болгондуктан бийликке кыжырданышууда. Экономикалык көйгөлөр, калктын жакырлыгы жана өлкө башына түшкөн коопсуздук маселелери мени да тынчсыздандырат. Кыйынчылыктарды жеңүү жеңил болбойт, бул чоң эмгекти жана туура чечимдерди талап кылат. Азыр бизге эң алды бардык атуулдардын биримдиги керек.

Бийлик да, оппозиция да 2007-жылдын ноябрындагы анти-өкмөттүк чыгуулар учурундагыдай полициянын желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ атып, ошондой эле суу бүркүп, демонстранттарды куушун каалабаганын астейдил каңкуулашты.

Бул ирет оппозиция лидерлери демонстрация тынч өтөт деп убада берсе, Ички иштер министрлиги топлоң болбосо, күч колдонулбайт деп айтууда.

2007-жылкы нааразылык акциясынан кийин Саакашвили кезексиз шайлоо өткөрүп, беш жылга президенттикке шайланган.

Грузия: Оппозициянын нааразылык чарасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00


Тасма: Грузиядагы нааразылык чарасы.

Президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылып, 9-апрелде Тбилисиде 50 миңден ашуун киши нааразылык жыйынына чогулду.

XS
SM
MD
LG