Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Грузин оппозициясы Тбилисиде күч топтоодо


Грузин оппозициясынын лидерлери тарапкерлери менен саламдашууда. Тбилиси, 9-апрель 2009
Грузин оппозициясынын лидерлери тарапкерлери менен саламдашууда. Тбилиси, 9-апрель 2009

Грузин оппозициясы Тбилисиде жана башка шаарларда Михаил Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылып, демонстрация уюштурууда. Оппозиция лидерлери Тбилисидеги иш чарага кеминде 150 миң адам катышат деген үмүттө.

Михаил Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстрация качанга чейин созулары белгисиз. Бүгүнкү акция 1989-жылы 9-апрелде Тбилисиде болгон кандуу демонстрациянын 20 жылдыгын утурлай уюштурулууда. Анда советтик аскерлер 21 кишинин, анын ичинде 17 аялдын өмүрүнө зобун келтирген.

Президент Саакашвили бейшемби күнү кандуу калаба болгон жайга зыярат жасап, өлкө калкын биримдикке чакырды:

-Биз демократиялуу өлкөбүз жана адамдарда түрдүү көз карашы бар. Түрдүү көз караштарыбызга карабай, мекенибиз бирөө. Биз мекен үчүн биригүүбүз жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күнү-түнү иштөөбүз керек. Биз эркиндигибиз үчүн күрөштү аягына чыгарып, өлкөнү бошотуубуз жана заманбап, демократиялуу, европалык мамлекетке айлантуубуз зарыл.



Ондон ашуун оппозициялык партия өз тарапкерлерин Тбилисиден башка да Кутаиси жана Батуми сыяктуу чоң шаарларда демонстрацияга чыгууга чакырган. Августта Россия менен болгон согуштан кийин президент Саакашвилиге жакын чөйрөлөрдө нааразылык өсүп, алардын айрымдары каршы лагерге өтө баштаган.

Мына ошондой саясатчылардын бири, "Грузия үчүн" альянсынын лидери Ираклий Аласания шаршемби күнү Тбилисиде кабарчылар менен болгон жолугушууда Саакашвилинин өкмөтүнө нааразылык эл арасында күчтүү экенин билдирди:

- Биз “Роза революциясынын” жолун жолдобойбуз. Биз эл арасында бийликке ишенбөөчүлүк өтө чоң экенин өкмөткө, президентке жана эл аралык коомчулукка көрсөткүбүз келет. Акыркы бир жарым жылда өкмөт өлкөнү глобалдык чоң саясый кризиске түрткөндүктөн, биздин өзгөрүүлөрдү талап кылуубуз мыйзамдуу.

Ираклий Аласания - былтыр ноябрга чейин Грузиянын БУУдагы элчиси болгон. 2003-жылкы ынкылапта Саакашвили менен катарлаш жүргөн Нино Буржанадзе да Аласания сыяктуу эле оппозициянын көрүнүктүү ана башыларынын бири.

Оппозиция бир нече күндөн бери тарапкерлери камакка алынып жатканын айтууда. Экс-спикер Нино Буржанадзе жетектеген “Бирдиктүү Грузия" демократиялык кыймылынын тастыкташынча, өткөн түнү Рустави шаарында партиянын 60 активисти камакка алынган. Партиянын маалымат катчысы Хатуна Иванашвилинин билдиришинче, алар Тбилисиге барууга камданып жатышкан экен. Бийликтер "Бирдиктүү Грузия" демократиялык кыймылынын мүчөлөрү камалганы тууралуу кабарды калпка чыгарды. Ички иштер министри Вано Мерабошвилинин сөзүнчө, полиция ар кандай коогага жол бербөө үчүн тийиштүү чараларды көрүүдө жана революцияга жол бербейт. Орун басар министр Эка Згуладзе болсо оппозицияны тополоң чыгарууну пландаштырууда деп күнөөлөдү.

Бейшемби күнү бешим ченде парламент алдына чогулган студенттердин тобу: “Грузия - тополоңго орун жок! Жашасын Грузия!” деп ураан чакырышты. Ал эми Григорий деген жигит: “Биз өкмөт алмашуусун талап кылабыз. Себеби, чечилбеген маселелер көбөйдү. Аларды эч ким чечкиси келбейт,” дейт Ройтерс агенттигинин кабарчысына берген инетервьюда.

Айрым талдоочулар грузин оппозициясы уюштурган демонстрация чоң тирешүүгө алып барышы ыктымал деп боолгошот. Ошол эле учурда, демонстрация оппозиция канчалык бирдиктүү экенин, алардын эл ичиндеги кадыр-баркын айкын кылары анык.

XS
SM
MD
LG