Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Текебаев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча иш чабал жүрүүдө


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу акыркы кездери чабал жүрүүдө. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги “Ата мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Аталган фракция бүгүн ушул маселени талкуулап жатат.

- Долбоор аябай маанилүү болчу. Бирок акыркы кездери токтоп калды. Президент Алмазбек Атамбаевдин жакында Кытайга жасаган сапарында ушул маселе боюнча сүйлөшүү жүргөн. Анын жыйынтыгы маалымдалууга тийиш,- деди Текебаев.

Депутаттарга маалымат берип жаткан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган.

Жолдун узундугу 432,78 чакырым болот. 87 көпүрө, 28 тунел курулушу керек. 12 миллион тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жолдун курулушун аяктоого сегиз жыл пландалууда.

Бул жол тууралуу көп жылдан бери айтылып келатканы менен жыйынтык чыга элек. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG